Ильяз Абдыразаковдун жубайы Медина Эркинбек кызы: «ИЛЬЯЗДЫН ӨЗ ОЮН АЙТАЛБАГАН АДАМ ЭКЕНИН ЭМИ БИЛДИМ»

Качан да болсо айымдар үчүн турмушка чыгуу эң жоопкерчиликтүү учур. Өмүр бою жолдошуңдун ысык-суугуна күйүп дегендей. Ал эми элге белгилүү чыгармачыл адамдын жубайы болуу андан эки эсе түйшүктүү болсо керек.

– Ильяз эмнеси менен сени арбап алган?
– Башка көп балдарга караганда кыялы жакшы. Көп эшикке чыгып, эки жактарга баспайт. Ооба, гастролдорго барат. Бирок ал жумушу да.

– Үйлөнгөндөн кийин башка кылыктары чыгып, таң калтырдыбы?
– Башында мен Ильязды чечкиндүү жигит катары көр­гөм. Үйлөнгөндөн кийин өзүнүн оюн айта албаган адам экенин түшүндүм. Өз оюн айта албай кыйналып, унчукпай жүрө берет. Бир нерсени сурасам, анын ордуна башкалар айтып, чечип коюшат. Өзүнүн эмне каалап жатканын билбей калам. Көп сүйлөбөгөндүгү да жага бербейт.

– Жини келгенде эмне кыласың?
– Ильяздын жини келгенде беттери, көздөрү кызарып калат. Ошенте баштаганда эле билем да, унчукпай отуруп калам. Бирок анын жинин келтирүү кыйын.

– Ильяздын күйөрмандары азыркыга чейин эшик каккылашса керек?
– Ооба, бир кыз бар. Азыр деле келе берет. Андайларды кайненем, башкалар мага жеткирбей эле жөнөтүп коюшат.

– “Азап” тасмасына бир кыз менен тартылып жатканда сени ал жөнүндө билбейт деди эле. Билгенден кийин кантип жазаладың?
– Жиним келди аябай. Бирок мен билген учурда ал Казакстанда болчу. Келгенче жиним тарап кетиптир.

– Үйгө келгенде кара жумушка каралашабы?
– Ал ыр жазып эле студияда күнүн өткөрбөсө, кара жумуш менен иши да жок.

– Кандай курмандыктарга бардың жолдошуң үчүн?
– Менин барган курмандыгым ушул – киного, клипке башка кыздар менен тартылганга уруксат бергеним.

– Турмушка чыкканга чейин жолдошуңду кандай элестетчү элең?
– Мен Ильяздын күйөрманы деле эмес болчумун. Бирок «эгер мен өзүмдүн үйлөнүү тоюмду элестетсем, Ильяз жанымда тургансый берет» деп баарына айта берчүмүн.

– Азыр кош бойлуу эмессиңби, Ильязга эркелеп жатасың да, ээ?
– Ооба. Айтканымдын баарын кылат. Бирок бир жолу түндө туруп алып, аябай Кола ичким келген. Айтсам, “түнкү саат үчтө кайда барам, уктачы” деп барбай койгон.

– Атактуунун аялы болуу азаппы же ырахатпы?
– Азабы менен ырахаты экөө бирдей эле болсо керек. Азапты деле ырахаттай кылып кабыл алса болот. Бир чети кыйын эле.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Атактуунун аялы болуу азаппы же ырахатпы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (54)
kulpun88_kg
2012-07-03 15:19:49
адамдарга эч нерсе жакпайт
0
nazi25
2012-07-03 17:02:20
Вай вай вай,бул жерде жалан акылдуулар го?Озунорду билгиле.
0
EkaMika
2012-07-09 10:06:24
nazi25, Эң туура!!!
0
Alisher
2012-07-03 17:59:06
Окуп олтуруп бул жакта баары эле акылдуу уй булоону жакшы адамдары болуп кетиптирго менин жекече ойум Илияздын келинчегин берген маегинен акылдуу жонокой жана ачык конул болгонду болгондой туура айткан экени корунуп турат ананда булар жаш уй булоо бара бара такшалышат Азапты да Рахатка айланса болот деп конул жылытат силерге кааларым Ата Эненерди бири биринерди сыйлаган улгулуу уй булоодон болуп журо бергиле Илияз ийигилик Азап сыяктуу рок вариантында ырларды жаратышынды кутуп калабыз коптогооон
0
Mondur
2012-07-03 20:53:38
Конулу таза, жонокой, пейилдуу адамдар ар дайым "баеолугунан" жапа чегишет да.. Жасалмалабай, аруу дили менен суйлоп койгонун "башкача" тушунбосок дейм..Чыгармачыл адамдар аз эмес сын жешет, а жубайлары да сындан кур калбаганын коруп, кээде ушуларга кыйын, акыры булар да катардагы эле адамдар го. Буларда да конул ооруу деген болот, чыдамкайлык, соз которумдуулук сыяктуу сапаттары биз менен бирдей денгээлде эле деп ойлойсун..
Таптаза, кири жок мунозун бар экен Медина. Аман-эсен коз жарып а
0
Mondur
2012-07-03 20:56:13
Аман-эсен коз жарып ал! Балдарын да озундой болсун. Омурлук жолдошун экоонду дайыма жакшы коздор ээрчисин ылайым!
0
Mondur
2012-07-03 20:56:57
Конулу таза, жонокой, пейилдуу адамдар ар дайым "баеолугунан" жапа чегишет да.. Жасалмалабай, аруу дили менен суйлоп койгонун "башкача" тушунбосок дейм..Чыгармачыл адамдар аз эмес сын жешет, а жубайлары да сындан кур калбаганын коруп, кээде ушуларга кыйын, акыры булар да катардагы эле адамдар го. Буларда да конул ооруу деген болот, чыдамкайлык, соз которумдуулук сыяктуу сапаттары биз менен бирдей денгээлде эле деп ойлойсун..
Таптаза, кири жок мунозун бар экен Медина. Аман-эсен коз жарып а
0
beuty
2012-07-03 23:05:46
Медина эсен аман коз жарып ал!
0
JUROK
2012-07-04 12:22:53
Жакшы кыз экен.Бирок,Ильязды чыгармачылыгынан кызганбай эле койгонун он,кайра чыгармачылыгына комок корсот демекчимин.Бактылуу болгула!
0
Perika
2012-07-04 19:55:15
E4 jaman nerse dele aytpaptyr go. emne ele bolup atasynar?
0
daiev
2012-07-05 14:23:41
Жакшы маек...
0
Жаныш Депп
2012-07-05 21:35:19
кулагы делден экен )))))
0
nurnsk
2012-07-06 13:06:33
ооба чындап эле темасын башка койсо болмок, а так жакшы
0
Tifony
2012-07-07 07:05:20
Тен-тени менен,тезек -кабы менен деген соз бар.Биринин кемчилигин бири толуктап жашап келатышат.Бактылуу,ыймандуу,ынтымактуу уй булоолордон болушунарды Аллах насип кылсын!
0
sultan.kg
2012-07-07 19:21:00
Эмне эле бироонун аялын талкуулап жатасынар.Урматтуу форумчулар!
0
Ozgocho
2012-07-08 21:17:06
AFRODITA89 сенин кандай адам экенини билдим. Мединанын тырмагына тен келбейт экенсин.Оюмда сен Ильязды жактырасын го??? Медина назик, сулуу, ичинде кири жок таза аял заты экен. Ильяз ошон учун сени эмес Мединаны тандаган. Бактылуу болушсун!!! Эсен аман коз жарып ал Медина. А сен шакылдабай Мединадай эне болчу айнанайын.
0
№ 504, 29-июнь-5-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан