Кубан Атабековдун жубайы Элиза Эшенкулова: «КУБАН БИЗДИН «ЗАОЧНЫЙ» АТАБЫЗ»

Качан да болсо айымдар үчүн турмушка чыгуу эң жоопкерчиликтүү учур. Өмүр бою жолдошуңдун ысык-суугуна күйүп дегендей. Ал эми элге белгилүү чыгармачыл адамдын жубайы болуу андан эки эсе түйшүктүү болсо керек.

– Элиза эже, Кубан байке экөөңүздөр кантип табышып калгансыздар?
– Мен журналистиканы аяктагам. КТРКда практикада жүрүп таанышып калдык. Башында агай катары мамиле кылып, мага жардам берип жүрдү. Көрсө, Кубан ошондо эле курбу кызымдан мен жөнүндө көп сурачу экен да. Кыз-жигит болуп 3 жылдан ашык сүйлөшкөндөн кийин баш коштук.

– Өзү агайыңыз болуп жүрсө, кантип сиздин макулдугуңузду алды?
– Кубан негизи эле кыздарга башкача мамиле жасайт. Азыр деле кыз-келиндерге “сиз” деп кайрылат. Дос балдары күлүп калышат, “сен Элизаны сиз-пиз деп жүрүп эле башын айлантып алдың окшойт” деп.

– Анан үйлөнгөндөн кийин «сиз-пиздер» өзгөрдүбү?
– Сүйлөшүп жүргөн кезде токтоо болчу да. Ойлочумун, башкарып алам го деп. Бирок көп нерсени мени менен акылдашса да, баары бир өзү ойлогондой жасап салат. Анан ушул убакка чейин Кубандын жини барбы деп таң калам. Такыр ачууланбайт. Кубанса да, кейисе да ичине катып жүрө берет.

– Дагы кандай мүнөздөрү жиниңизге бир аз «ойноп» коёт?
– Бир эле мага эмес, жумушта иштеген кыз-келиндерге деле макалдардан аралаштырып чымчып-чымчып сүйлөп койсо, алар “аялыңыз кантип сизге чыдайт?” деп айтышат экен. Үйдө деле мага ошентип кыжырыма тийип калат кээде. Мен “макалдатпай эле сүйлөчү, андайды түшүнбөйм” десем, “жашсың да, жашсың” дейт.

– Сиз анын жардамына муктаж болуп турганда жаныңызда болбой калган учур болгонбу?
– Менин маңдайыма жазылганы ошол окшойт. Эки баламды төрөгөндө тең Кубан монтажда болуп калган.

– Анда үйдө аз болуп, үй менен көп деле иши жок турбайбы?
– Кара жумуш кылып, мык кагып, оңдоп жиберейин дебейт. Андай иштерди өзүм эле жасайм. Кээде айтып калам, «дагы жакшы, кабаттуу үйдө жашайбыз. Эгер жер үйдө жашап калсак, биздин эшиктин алды кандай болмок экен?» деп.

– Үйгө келгенде эмне кылат анан?
–Гезит, китеп окуйт, көрсө­түүлөрүнө даярданат, телевизор көрөт. Бетин бекитип эле гезит окуп отурса, «биздин «заочный» атабыз келди, квартирант» деп тамашалап калам. Бирок түшүнүүгө аракеттенем.

– Жолдошуңуз сизге кандай талаптарды коёт?
– Өзү арак ичпейт, тамеки тартпайт. Бирок тамактарга талабы күчтүү. «Үйдө дайыма суусундуктар турушу керек» дейт. Дайыма жарма, максым жасайм. Биринчи, экинчиси менен тамак жасайм. «Дайыма биринчиси суюк тамак, экинчиси сууга бышырылган күрүч болсун» дейт.

– Азыр «Евро-2012» жүрүп жатат, үйгө кеч келсе керек. Андайда сиздин реакцияңыз?
– 2 балалуу болуп калдым да. Алар менен алектенип отуруп кеч кирет. Түнкү 3тө келип жатат. Биз уктап калабыз. Өзү келип, ичип-жеп жатып калат.

– Атактуунун аялы болуу азаппы же ырахатпы?
– Азап да, ырахат да эмес. Азаптуу жагы көбүрөөк го. Убактысы тар болгондуктан, үйгө, балдарга жакшы каралашпайт. Көп жактарга чогуу бара албай калабыз.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Атактуунун аялы болуу азаппы же ырахатпы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Zverchik
2012-07-02 10:12:11
Бул талантту алып барычуу мага жагат!
0
ROZI
2012-07-02 12:14:36
Видео алмашып калыптыр.
0
sambo
2012-07-02 12:35:14
Кубан байкенин "Спортту суйунуздор ийгиликтерди жарата бериниздер"деген созу абдан жагат!«Евро-2012ни» мыкты дэнгээлде кыргыз элине жеткизе алды!Женекебизде арман коп го!
0
Maxatbek
2012-07-02 13:26:34
Спорттук беруулорду кыргызча жеткизуудо чыйыр салды,азамат!
0
KULI
2012-07-02 16:45:03
ekoo okwow eken go!
0
AFRODITA-89
2012-07-02 21:27:57
бул видео наркы жакта да журотго тушунбой калдым чота .....
0
Perika
2012-07-04 19:56:59
Kuban baike azamat! anyn suilogonun ugup timele sport korgun kelip ketet.Ayali da jonokoi adamdardan eken. Baktyluu bolgula!
0
strangergirl
2012-07-06 19:17:31
kuban baike mykty alyp baruuchu! Suilaim, ishine iygilik. . .
0
№ 504, 29-июнь-5-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан