«Коррупцияга каршы аёосуз күрөшүү керек» деп президент, премьер жана парламент да төш каккылап келишет. Бирок кайсы бир министр же депутатка кылмыш иши козголору менен өзүнүн эле кесиптештери жабалактап коргоого өтүшөт. Кезекте – Нариман Түлеев. «Өкмөттү отставкага кетиребиз деп чыкканым үчүн кармап кетишти» деген депутаттын айынан «адегенде Жогорку Кеңеш таркап кетиши ыктымал» дешүүдө.
АБАКТЫН АЙЛАСЫН ТҮЛЕЕВ КАНТИП ТАБАТ?
Нариман Түлеевди алаканына салып мактагандар да, бетине түкүрүүгө даяр жактырбагандары да бирдей болсо керек. Акаевдин бийлигинде мамлекеттик «Темир» ишканасын жетектеп, жердештери «Нарындын темир-тезегин Нариман деген жигит Кытайга ташып түгөткөн» деп калышат. 2005-жылдын башында «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси болуп дайындалган, ортодогу Март революциясы убактылуу кызматынан четтеткени эле болбосо, жыл айланбай Түлеев кайра эле ордуна келген. Бакиевдин тушунда Нариман мырзанын ити чөп жеп, 2008-жылы Бишкек шаарынын башчылыгына келип, керек болсо депутаттыкка аттанган «Ата Журт» партиясы шайлоо алдындагы үгүт иштеринде «Ата Журт» Нариман Түлеевди Бишкекке алып келет» деп жар салып, борбор шаардын туш тарабына көрнөк-жарнактар илинген.
Бул кишини жамы журт «миллионер, Бакиевдин «уулу» жана Бишкек шаарын гүлдөткөн мэр» катары билишет. Баса, 7-апрелден кийин Нариман мырза «мен саясатчы эмесмин, болгону бир чарбачыл кишимин» деп чыкканы да бар. Бул билдирүү менен катар ага карата кылмыш иштери козголгону маалымдалып, атүгүл «Манас» аэропортунда Түлеев кармалганда «Жогорку Кеңештин шайлоосуна аттандым, депутаттыкка талапкерлигимди койдум» деп кутулган болчу. Кийин мандат менен кошо кол тийбестикке да ээ болуп, анын да амалын тапкан.
Кыскасы, эгерде Нариман Түлеевдин өмүр таржымалына абай сала турган болсок, ал бийликке ким келгендигине, кырдаалдын кооптуулугуна карабастан, суудан кургак чыгууну өздөштүргөн адамдай көрүнөт.
ДЕПУТАТТАР БИРИ-БИРИН САТПАЙТ
«Республикачы» депутат Исхак Пирматов, андан кийин Энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевди Жогорку Кеңеш «актап алганын» унута элекпиз. Мындан уламбы, өзүн адвокат сезип алышкан эл өкүлдөрү Нариман Түлеевди суракка алып кетишкенде Баш прокуратурага басып киришип, оор кылмышка шектүү деп кармалган кесиптешин курчап-кучактап алып чыгып кетишкен. Мунун кесепетинен «оор кылмышка шектүү болгон депутатты кесиптештери коргой беришсе, анда парламент таркасын» деп чыккандар да болду. Баш прокурор Аида Салянова куткарууга чуркап келген депутаттарга тиешелүү чаралар көрүлөрүн айткан соң опурулган эл өкүлдөрү дым эле отуруп калышты. «Тез жардамга» келгендерди атап өтсөк ашыкчалык кылбас. Алар: Камчыбек Ташиев, Феликс Кулов, Алтынбек Сулайманов, Садыр Жапаров, Ахматбек Келдибеков, Талант Мамытов, Эльмира Иманалиева, Анарбек Калматов, Нургазы Айдаров, Дастан Жумабеков, Жыргалбек Саматов, Каныбек Иманалиев.
Ал эми «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев: «Нариман Түлеевдин кармалуусу Кыргызстанда ар бир жаранды анын статусуна карабастан жоопкерчиликке тартууга мүмкүн экендигин көрсөтөт. Мен 20 жылдан бери парламентте иштеп келип, "депутаттарды кол тийбестигинен ажыратуу керек" дегенди дайыма угуп келем. Эгер эл өкүлдөрүнүн кылмыш жасаганы аныкталса, аны козу жетелегендей жетелеп барып камап салыш керек»,- деди. Ошол эле учурда Өмүрбек мырзанын айтымында, бул кезге дейре өлкө ичинде депутаттар өзүнүн кесиптешин сатып кеткен бир да окуя катталган эмес.
ПРОКУРАТУРАНЫН КАДЫР-БАРКЫ ООР СЫНООДО
25-июнь күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту Нариман Түлеевди эки айга, тагыраагы, 21-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарды. Ошол эле тапта депутаттын адвокаты «анын рак оорусу бар, тез арада чет өлкөгө чыгып, дарылануу курсунан өтүп келиши керек» деген билдирүүнү тараткан.
Нариман мырза өзү Бишкектин мэри болуп турган чакта шаардын бюджетине 1 миллион 412 миң 600 доллар зыян келтиргендиги үчүн шектелүүдө. Бул каражат Кытайдан келген автобустарды атайын жогорулатылган баада сатып алуу жана аларды ташууда негизсиз келишим түзүүдөн келип чыккан. Кылмыш кодексинде болсо, коррупция боюнча 8ден 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Баш прокуратура белин бекем бууп, өтө чоң ишти баштады. Ал – президент Алмазбек Атамбаев жар салган коррупцияга каршы күрөш деп аталат. Албетте, торго майда балыктардын бири кармалып отурган жери жок, андыктан бул ызы-чуу коштолгон окуянын жыйынтыгынан укук коргоо органдарынын кадыр-баркы же жок болот, же болуп көрбөгөндөй асмандын жетинчи кабатына чейин көтөрүлөт. Жыйынтык ордуна бир гана сөз ылайыктуудай: «Корксоң баштаба, баштагандан кийин коркпо!»
Эльвира Караева
koom@super.kg