Буга чейин студент ырчы-чоорчулардан экзамен алып келгенбиз. Эми мындай сынакты «танапис» деп атап ЖКнын депутаттарына жарыяладык. Эртеден кечке көйгөйлүү маселелерди чечүү аракетинде жүргөн депутаттарыбыздын чарчап турган мээ клеткаларына “разминка” катары ар тараптуу суроолорду узатып, айрым эл өкүлдөрүн сынап көрдүк.
Жусупжан Жээнбеков
– Кыргыз Республикасынын гимнинин экинчи куплети кандай башталат? (Байыртадан бүткөн мүнөз элиме)
– Байыртадан бүткөн мүнөз элиме...
– Улуу Британиянын президенти ким? (Улуу Британияда президент болбойт)
– Президент болбойт.
– Аалы Токомбаевдин каймана аты? (Балка)
– Балка.
– “Бээжин-2008де” балбан Руслан Түмөнбаев кайсы салмак категориясында коло медаль алды? (60 килограмм)
– 64 килограмм болуш керек...
– Аялың мыкты болсо бактың... Макалдын уландысы? (Кыйты болсо каттың)
– Кыйты болсо каттың.
Динара Молдошева
– Болот хандын чыныгы аты? (Исхак)
– Чыныгы аты Исхак.
– Уй эмне ичет? (Суу)
– Суу эле ичет.
– Кыргыз Республикасынын биринчи премьер-министри ким болгон? (Насирдин Исанов)
– Исакеев.
– Учурда профессионалдык бокс менен кыргыздын намысын коргоп жүргөн мушкер ким? (Алмазбек Раимкулов)
– Алмазбек Раимкулов.
– Жаш кезде кылган иш ташка тамга баскандай... Макалдын уландысы? (Карыганда кылган иш кумга мөөр баскандай)
– Бул макалдын уландысын билбейт экенмин.
Аскар Салымбеков
– Эң биринчи манасчы ким болгон? (Ырамандын ырчы уулу)
– Ырамандын ырчы уулу.
– Исландиянын борбор шаары? (Рейкьявик)
– Эстен чыгып кетиптир.
– Кыргыздын чыгаан олуясы ким? (Калыгул олуя)
– Калыгул олуя.
– «Стэнли» кубогу спорттун кайсы түрүндө башкы сыйлык болуп берилет? (Хоккей)
– Менимче, хоккейге берилет.
– Ууру байыбайт... Макалдын уландысы? (Ачкөз тоюнбайт)
– Ачкөз тоюнбайт.
Ибрагим Жунусов
– Кыргыз Республикасынын жалпы аянты канча? (198,5 миң чарчы чакырым)
– Мм, буга жоопту билбейт экенмин.
– Бир үймөк чөпкө экинчи үймөктү кошсо канча болот? (1 чоң үймөк)
– 2 үймөк чөп болот.
– “Кел-кел” романынын автору? (Т. Касымбеков)
– Төлөгөн Касымбеков.
– “Бээжин-2008де” балбан Канатбек Бегалиев кайсы салмак категориясында күмүш медаль тагынды? (66 килограмм)
– 56 килограмм менен күмүш медаль тагынды го.
– Эл четине жоо келсе, жан аяган жигитпи... Макалдын уландысы? (Жакшы көргөн досунан мал аяган жигитпи)
– Билбейм.
Исхак Масалиев
– Ормон хан казактын кайсы ханынын мизин кайтарган? (Кененсарынын)
– Кененсары хандын мизин кайтарган.
– Төө ашуунун чокусу деңиз деңгээлинен канча метр бийиктикте? (3600 метр)
– 3600 метр.
– Сүймөнкул Чокморов тартылган кайсы фильм “Оскар” сыйлыгын алган? (Дерсу Узала)
– “Караш-Караш” тасмасы болуш керек.
– 2008-жылы жаштар арасында Дүйнө чемпиондугунда кайсы кыргыз балбаны грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону аталды? (Калыбек Жолчубеков)
– Муну чынында билбейт экенмин.
– Бастырганды билбеген жолду бузат... Макалдын уландысы? (Башкарганды билбеген элди бузат)
– Башкарганды билбеген элди бузат.
Бегалы Наргозуев
– Ош-Бишкек жолунун узундугу канча? (600 чакырым)
– 620 чакырым, иши кылып ушул сандын ары жак бери жагы.
– 1 килограмм пахта оорбу же 1 килограмм ташпы? (Экөө тең)
– Экөө тең. 1 килограмм тууралуу сөз болуп жатпайбы.
– “Ботокөз булак” кимдин чыгармасы? (Чыңгыз Айтматов)
– Эсимде жок.
– Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналып жыл сайын өлкөбүздө өтүүчү эл аралык мелдеш спорттун кайсы түрү боюнча? (Бокс)
– Бокс боюнча.
– Аттын баары тулпар эмес... Макалдын уландысы? (Куштун баары шумкар эмес)
– Мындай макал эсимде жок.
Орзубек Назаров
– Манастын минген аты? (Аккула)
– Билбейм.
– Иорданиянын борбор калаасы? (Амман)
– Амман шаары.
– Орусиянын курамына биринчи болуп кыргыздын кайсы уруусу кирген? (Бугу уруусу)
– Урууларды жакшы билбейм.
– Футбол боюнча Европанын 2008-жылкы чемпиондугу кайсы өлкөдө өткөрүлгөн? (Австрия жана Швейцария)
– Австрия, Швейцария.
– Шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз... Макалдын уландысы? (Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз)
– Кыргызча макалдарды жакшы түшүнбөйм.
Бахияна Сатылганова
koom@super.kg