ОФИЦЕРЛЕР ТУРАК ЖАЙГА МУКТАЖ

Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев министрликтин 1600 офицеринин үйү жок экенин Жогорку Кеңештин жыйынында маалымдады. Жыйында Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы Аскердик окуу жайынын аймагында турак үйлөр курулуп жаткандыгына байланыштуу маселе каралган. Коргоо министринин айтымында, 2000дей офицердин 400дөйүнүн гана үйү бар. "Аскер кызматчыларын үй менен камсыздоо маселеси акыркы 20 жылда көз жаздымда калып келет. Ушундан улам биз үй куруу үчүн сырттан акча таап, Кытай тараптын колдоосу менен көп кабаттуу эки үйдү курууну көздөп жатабыз",- деди министр. Бирок министрлик сунуштап жаткан жер өкмөттүн менчиги болгондуктан, ЖК Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы Аскер лицейинин аймагында көп кабаттуу үй курууга тыюу салды. Учурда аскер кызматкерлери үчүн үй курууга башка жер тилкеси каралууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
fanatka19
2012-07-02 13:02:45
Аскер кызматкерлеринин уйу жок имиш.инвалиддердин коп балалуу уй булолордун уйлору жок экенин ким айтат.5.6тыдан балдарын ээрчитип бой энелер батирден батирге кочуп журушот ошо бечараларга уй куруш керек озу.
+2
Likvidator
2012-07-02 13:52:51
Кыргыз элинин, жеринин коопсуздугун коргогон адамдар учун бардык шарт тузулууго тийиш.
0
natu
2012-07-14 00:07:00
Likvidator, туптура айтын кошулам кудай сактасын бир нерсе болсо биринчи ошолор кетет ошолор коргойт
0
MJK
2012-07-05 03:24:06
Asker kizmatkerleri da FANATKA19 aytkanday ele kop balaluu bolup aliship kayda buyruk chiksa oshol jaka kochup jonop jurushot. negizi bargan jakta uyu dayar bolso al kizmatker ishteyt ele. a bizdiki bolso uy izdoo menen alek.
0
alai81
2012-07-06 01:42:05
болсо баары жакшы болбосо неси жакшы
0
№ 504, 29-июнь-5-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан