"Кумтөр" алтын кенин иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынтыгы чыккан соң токтомду кабыл алуу улам жылдырылып отуруп, акыры эл өкүлдөрү бир чечимге келишти. Жыйынтыгында комиссиянын жетекчиси Садыр Жапаровдун долбоору өтпөй калып, комитеттер аралык макулдашылган долбоор колдоо тапты. Токтомго ылайык, өкмөткө 10-июлга чейин мамлекеттик комиссия түзүү тапшырмасы берилди. Ал комиссия 1-октябрга чейин "Кумтөрдөгү" экологиялык, өндүрүштүк, социалдык зыяндардын өлчөмүн иликтеп чыгышы керек. Ошондой эле түзүлгөн комиссия "Кумтөр" боюнча кыргыз өкмөтү менен "Центерра Голддун" ортосундагы келишимди карап чыгууга милдеттендирилет. Башкы прокуратурага "Кумтөр" боюнча келишимдерди изилдеп чыгып, буга чейин козголгон кылмыш иштери боюнча документтерди таап чыгуу тапшырмасы берилди. Ал эми депутат Садыр Жапаров өз долбоорунда "Кумтөр" боюнча келишимди бир тараптуу жокко чыгарууну сунуштаган болчу.
Өткөн саныбыздагы "Кумтөр" тууралуу макалага "кыргызстандык кызматкерлердин 1 жылдык маянасы орточо 10-15 миң долларды түзсө, канадалыктар 3 миллион долларга чейин жылдык акы алышат" деп оңдоо киргизебиз.