"Кыргызстанда диндерди изилдөө борборунун" башчысы Екатерина Озмитель: "Өлкөдө 3000ге жакын диний уюм бар. Бирок мамлекеттик органдарда канча диний уюм бар экени тууралуу эч кандай так маалымат базасы жок",- деп билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда дин жааты аябай татаал жана ал күн сайын күчөп барат.
Аталган борбор изилдөө жүргүзгөндө 2200 диний уюмдун атайын каттоодон өткөнү маалым болгон. Учурда Кыргызстанда тоталитардык кыймылдар, Мун менен сатанисттердин сектасы сыяктуу көптөгөн уюмдар бар. 2005-жылдан баштап алардын ичинен төмөнкү 8 уюм экстремисттик жана террордук мүнөздөгү диний уюмдар деп сот чечим чыгарган: "Хизб ут-Тахрир", "Түркстан боштондук коому", "Чыгыш Түркстан ислам партиясы", "Өзбекстандын Ислам кыймылы", "Аль-Каида", "Талибан" кыймылы, "Күрдистан жумушчулар партиясы", "Жихад" тобу. Соттун чечими менен бул диний уюмдар Кыргызстанда өз иштерин токтотуш керек болчу, бирок ага карабай айрымдары ушул убакытка чейин иштеп жүрүшкөнүн Екатерина Озмитель маалымдады.