ОРГАН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ТАБЫШМАКТУУ ӨЛҮМДӨРҮ КАЧАН ТОКТОЙТ?

УКМК билдиргендей, 24-июнь күнү Ош шаарындагы №2065-аскер бөлүмүндө дагы бир аскер өз жанын кыйды. Азыркы учурда аскер бөлүмүндө атайын түзүлгөн комиссия иштеп жатат. Комиссия суициддин себебин белгиленген убакыттын ичинде изилдеп чыгышы керек. Ошондой эле Аскердик прокуратурада кылмыш иши козголду.
Эске салсак, ушул эле жылы июнь айында бир аскер өз жанын кыйган. Окуя 7-июнь күнү Баткен облусундагы аскер бөлүмүндө орун алып, өзүнө кол салган адам өлөрдүн алдында кат жазып кеткен. Катта "прокурор менден 100 миң сом талап кылып жатат" деп жазылып, анын айынан суицидге барганы айтылат. Буга чейин да май айынын аягында УКМКнын бир кызматкери өзүн-өзү атып салса, ошол эле айда ИИМдин бир криминалисти өз кабинетинде кокустуктун айынан башына атып алган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
antivir
2012-07-02 10:40:48
ким эмне болуп жатат ар ким озуно "сама по себе" болуп калды
0
Atashkg
2012-07-02 12:53:23
ммм шумдугун кургур дунуйо! Куч Органдар ушундай иштерди кылып жатса башкалар каяка барат! бул озу бир табышмак. Эмне ИИМ министирлери жана министрлер эмне менен алейктенип жатат!? Эгерде ушундай корунуштор токтобой улана берсе- анда келечекте элге ким кызмат кылат? ким чек араларды коргойт?
0
Likvidator
2012-07-02 13:42:50
Бул кызматтын адамдарын так жана акча албастан психикалык текшеруудон откоруу керек. Андан сон кызматка алуулары керек. Себеби булар жарандан коопсуздугун камсыздоочулар.
0
zamir_kgz
2012-07-02 21:24:38
Likvidator, тоголок жетимди ишке алыш керек да эч кимиси жок коркута турган...
0
Jildizka
2012-07-02 17:15:40
Жондон жон адам заты озун-озу олтурбойт, бир нерсе себеб болгон да. Изилдеп, тактап кунолуу адамды табышы керек.
0
zamir_kgz
2012-07-02 21:29:09
Jildizka, КYЧ ОРГАНдарында эмес турмуш тиричиликте жан кыйгандар канча?! Же кызмат же турмуш тиричилик, аралыштырбоо керек.
0
zamir_kgz
2012-07-02 21:35:09
Айласыздан да, чын дилинен да кызматка кеткендер бар, кызмат кылып жургондор да бар. Ал эми кызмат жабынып алгандар копко барбайт! Эл журттун туйшугуно кайдыгер болбогула Манас урпактары!
0
forever_0802
2012-07-03 01:05:04
jaiy jannatta bolsun kudaiym ozyn sakta kyrsyktardan
0
kulpun88_kg
2012-07-03 13:56:11
шамал болбосо дарактын башы кыймылдабайт
0
Talant86
2012-07-04 09:23:05
Канчалаган кыргыздын мыкты жигиттери олуп кетти ушуларга ким жооп берет бул кылмыш иштери ушинтип эле кала береби?
0
Albina84
2012-07-04 13:47:22
ai bilbeimin bilbeim
0
b.ghost
2012-07-04 14:08:42
Айла жок. Бирок озун озу олтюруу чон кюноо. Озюн олтюрбошу керек.
0
Albina84
2012-07-04 14:53:45
ozyn ozy oltyrgon bul kyno
0
Jychka
2012-07-04 15:03:32
а силер кайдан билесинер иним озун озу олтуруп алганын? Аны биринчиден аныкташ керек, анткени эгер ал озун олтурсо анчалык кок ала болуп озун озу урмак эместир?! Инимди олтуруп анан асып коюшкан, биз ишейбиз озун озу олтургонго! Инимдин каны уктатпасын олтургондорду! Кудайга тапшырдык! Чочкодой болуп жеп семирип колунан эч нерсе келбей отурган чондор жарылып олушсун!
0
vinchester
2012-07-05 19:58:42
булардын устундо чондор туратта, озун озу жон эле олтурбойтта
0
UAA
2012-07-06 13:28:46
Кокустан озун озу атып алган криминалист кантип эки жолу бир жерге атып алсын. Мунун артында коптогон сырлар бар. Баарын Кудай коруп турат.
0
анарбек
2012-07-08 06:28:00
жондон жон адам жанын кыйбайт ко,балык башынан сасыйт болуп иштин баары чондордо(башчыларда)
0
Kyrgyz_Nukura
2012-07-08 16:41:12
Аллах сактасын! ушундай иш кылгандары оздоруно жаман тиги дуйнодо дагы бактылуу болушпайт бул адамдар!Оз жанын кыйуу бул эн чон кечирилгис куноо!
0
№ 504, 29-июнь-5-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан