ӨКМӨТ КҮЗГӨ КАЛАТ ЖЕ КУУЛАТ
Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттү отставкага кетирүү максатында кол топтой баштаган. Кол коюп берген депутаттардын саны 28-июнга карата 50дөн ашты.
КӨЧ БАШЫНДА ТЕКЕБАЕВБИ?
Өкмөттүн ишине канааттанбагандар – башкаруучу коалицияга кирген фракциялардын депутаттары. Отставкага кетирүү маселесин алгачкылардан болуп "Ата Мекен" партиясы көтөрүп чыкканы айтылууда. Өкмөттү кетирүү себептери катары Өмүрбек Текебаев төмөнкүлөрдү билдирди: "Экономикалык өсүүнүн темпи төмөндөп кетти. Коррупцияга каршы күрөштө да өкмөт өз мүмкүнчүлүгүн пайдаланбай жатат. Тескерисинче, тоскоол болгондой. Президент Атамбаев мындан 4 ай мурун мыйзам долбоорлорун киргизсе, өкмөт 3-4 айдан бери аларды бекитип отургандыгы ачыкка чыкты".
Өкмөттү кетирүүгө 55тей депутат кол коюп берген. Бирок "Ата Журт" фракциясынын депутаттары Ахматбек Келдибеков менен Нурлан Сулайманов коюп берген колун кайра чакыртып алышты. Ахматбек мырза: "Эгерде жалпы элдин мүдөөсүн, талабын ойлогон өкмөт түзүлөт деген идея менен чыкса, колдомокмун. Мындай интригаларга катышкым келбейт",- деди.
Учурда кол коюп бергендер: "Ата Мекен", "Ата Журт", "Ар-намыс" фракциясынын депутаттары.
БАБАНОВДУН ЖООБУ
Депутаттардын кол чогултуп жатканына премьер-министр Өмүрбек Бабанов: "Биз – парламенттик өлкөбүз, андыктан Жогорку Кеңештин өкмөттү кетирүүгө укугу бар. Бирок коалицияга кирген фракциялар бул кабыл алган чечимине жоопкер болот. "Өкмөттү кетиребиз" дегенге жараша конкреттүү аргументтер айтылышы керек болчу. Азыр баарыбызга экономиканы көтөрүү үчүн туруктуулук зарыл. Антпесе ар 5 айда өкмөттү алмаштыра берсеңер эч кандай өнүгүү болбойт",- деди.
Өкмөттү кетирүү маселесин эл өкүлдөрү 29-июнь күнү парламентте кезексиз жыйында карашарын айтышты. Бирок Ак үйдө "Бабанов күзгө чейин иштейт экен, өкмөттү кубалоо кийинки убакыттарга калтырылат" деген күбүр-шыбырлар "сейилдеп" жүрүүдө. Анын үстүнө 29-июнь Жогорку Кеңештин экинчи сезонун акыркы сессиясы болуп, мындан ары эки айлык эс алууга тарашат.
Кошумчалай кетсек, эгерде 61 депутат өкмөттү кетирүүгө кол коюп берсе, анда Министрлер кабинети өз кызматын таштап кетүүгө мажбур болушат. Ал эми президенттин бул чечимге макул болуп же четке кагууга да укугу бар.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
Okmot otstavka a a a!!!!!
Өкмөттүн жасаган кыймылдарынан мен бир да сферада көзгө көрүнөрлүк жылыштарды байкаган жокмун. Баягы эле бардак, баягы эле коррупция.
Өмүрбек мырзага кандай аргументер керек?, ар бир тармакта жылыш жок, кайра артка кетип жатабыз. Алыс барбай эле шаардык инфекция ооруканасына барып кабылдоо бөлүмүн алыстан эле көрсүнчү...
Бакиевдин "бизге стабилдүүлүк керек" деген м
Эх уйдон чыкпай... чиркин окмот деп жатаберели! негизи окмот, парламент кереги деле жок,элге бир жардамы тийбейт же бир сом бербейт бирок миндеген (сом эмес) долларларды алышат! корупцияны жок кылуу учун акча алышат, озубуз менен озубуз эле Оруссиядан иштеп баратабыз! ээх чиркин окмот
Бири-биринерди чукубай,женилинерди жерден,оорунарды колдон алып иштегилечи, байболгурлар. Эртен менен 'КЫРГЫЗСТАНЫМ менин! Сен YчYн бугун эмне жакшы иш кылсам'деп турасынарбы деги.
Мурда эле кылыш керек эле бул ишити.
Парламенттин озун таркатыш керек каникулдан ары туугандар
Ар бир кыймылдын оз убагы болот,ар бир 5 айда эле алмаштыра берсек эч нерсе озгорбойт кыргыз эли тажаган жоксунарбы митингдерден? Кайсы олконун эле президенти 4 айдын ичинде бир нерсе озгорто алды эле? Кыргызстанды которуш оной эмес,ал эмес орусияны 10 жылда аран которуп жатышат.Сабырдуулук кылып биримдиликти сактайлы!
Ар бир 4 ай сайын алмаштыра берсек,эч нерсе озгорбойт.Биримдикти сактап куто туралы.4 айда олкону кайсы эле олконун президенти которуптур?
лучше пикетке чыгалы дагы. озу бакиев еле жакшы эледаа жалко кетти
баары бириникин бири чукуйт чын ниеттен иштейм деген адам жок, эптеп эле креслого отурушса болду анан ич сылап башташат чердейип уурулук акчага тоюп алышып
ar kim bir artin bir andibay oz iwterin jasasa kirgizstan bat ele onukmok tileke karwi ani jasagan e4 kim jok.
Достали уже,эти опозиционеры,сами нихрена не делают и правительству не дают спокойно работать! Жапжакшынакай иштеп жатат Окмот,козунорду чонурак ачкыла,бакиев ууру,киши олтургучтун адамдарын укпай....
кстати Бабанов такой Крассавчик! =)
RossiKG, Анын красавчиктигинин бизге эмне пайдасы бар!!
надо его Президентом сделать и все другие правительства будут нам завидовать что у нас такой Очаровательный Президент! ))