Келаткан жылдын жаз айларында 50 жаштын кырын ашканы турган куудул Абдылда Иманкулов жаш курагында бир топ жылдар бою театрда актёр болуп иштеген. Ал күндөрүн эстегенде кээде театрдан кетип калгандыгына өкүнүп да кетет. Ал тургай азыр да ичинен өзөктүү бир ролго сунуш күтөт экен.
– Саламатсызбы, Абдылда мырза, “кечээ эле айылдан келдим” деп калдыңыз. Жайкы эс алууну айылдан баштадыңызбы?
– Ооба, негизи, менин жан дүйнөм айылга өтө жакын. Себеби атам өмүр бою жылкычы болуп иштеп, балалыгымдын баары айылда, жайлоодо өттү. Мүнөзүм да ошол себептен кыялкеч болуп калган окшойт. Расул Гамзатов айткан экен: “Адам өзүн бактылуу сезиш үчүн балалыгы менен карылыгын айылда өткөрүш керек”,- деп. Аны ойлоп, айылдагы кошунабыз үйүн сатып жатканда мен сатып алып койгом. Малга жакынмын десем, аша чапкандыкка жатат. Ошентсе да аз-маз мал кармайм.
– Айыл, мал, жайлоо сиздин балалык күндөрүңүздү эске салат экен да анда...
– Мен 10 бир туугандын үчүнчүсүмүн. Ошол себептен бирибиз да эркелик деген эмне экенин билбей чоңойдук. Ата-энем байкуштар онубуздун кимисин эркелетип жетишмек эле? Бири-бирибизди сооротуп, урушуп-талашып жүрүп эле чоңойгонбуз. Азыр, Кудайга шүгүр, онубуз тең үй-бүлө күтүп, үйлүү-жайлуу болдук. Эң өкүнүчтүүсү, атам ушул жылдын апрель айында сексен жаш курагында дүйнө салып кетти. Апам азыр 78 жашта.
Кичинемде абдан тартиптүү, сылык-сыпаа, жакшы окуган бала болгом десем болбойт. Эртең гезитти окугандан кийин айылдаштарым, классташтарым “Абдылда аферист болуп кеткен экен” деп жүрүшпөсүн. Тентектикти болсо жакшы эле кылдым. Бир жолу мектепти аяктап жатканда жолдо кетип баратсам, химиядан берген эжем алдымдан чыгып калды. “Абдылда, сен өзүңдүн абалыңды билесиң да, ээ?” деди, “ооба” дедим, мен да башымды шылкыйтып. “Макул, мен сага “5” коюп берейин, бирок сен кийин мени уят кылып жогорку окуу жайга тапшырбагын, сен артист эле бол” деди. Бул менин бала кездеги тентектигимдин жыйынтыгы. “Макул” дедим да, ошол сөзүмө туруп, окууга тапшырбай артист болдум.
– Эми кеп учугун үй-бүлөңүз, бала-чакаңыз тарапка бурсак...
– Үй-бүлөлүүмүн. Жубайымдын аты Ырыс. Наргиза, Талант, Ажар жана Нуртегин деген эки уул, эки кызым бар. Жеңеңер үйдө, мени менен гана алектенет, андан башка жумушу жок. Улуу кызым Наргиза турмушта, 4 баланын энеси, андан кийинки балам Талант да үйлөнүп, бизди эки неберелүү кылганга жетишти. Келиним – журналист, кичүү кызым – студент. Кенже уулум, буюрса, 4-класска көчтү.
– Очор-бачар болуп калган экенсиз, ушул үй-бүлө жаңыдан түптөлө баштаган кезди эске салсак...
– Мен анда аскерден келип, Токтогулда Элдик театрда иштеп жүргөм. Ошондо китепканада иштеген Ырыс деген кыз менен таанышып калдым. Бир күнү жеткирип баратып, созуп жүрөмбү “Ырыс, сен мага эле тийип албайсыңбы?” дедим, ал дароо эле “кызыксың го, Абдылда, мени сенден башка ким алмак эле?” деп койду. Болгон толгон сүйүүбүз эле ошол. Ээ, макул турбайбы деп бир күнү ала качып кеткем, барып алгандан кийин отурбай, ыйлап, кетем деп бир топ ызы-чууну салса болобу?! Көрсө, ал мени какшыктаган экен. Аны кийин айтып жатпайбы. Кудай ооз кесирлик кылбасын, тфү-тфү, экөөбүздүн ортобузда азыркы күнгө чейин чоң чырга айланган уруш чыга элек. Ырыстын эки гана жери жакпайт. Бир жакка барарыбызды эки саат мурун айтсам да, жарым саат кечигип чыгат. Анан да бир иш кагаздарын сурасам эле “аны албадың беле?” деп алдын ала коргонуп, “азыр карап көрөм го” деп кирип кетет. Тапса тилин чыгарып алып келет, таппаса “өзүң алгансың” деп танып кетет. Ошонусу да жакпайт. Калганы Кудайга шүгүр.
– Үй-бүлөдө кандай жолдош, кандай атасыз?
– Кээ бирлерди билем, колунан келбегендер деле “мен кыйратам” деп айта берет. А мен антип айта албайм. Эч нерсени кыйратпайм. Уктаган колумдан жакшы келет, тамакты жакшы жеп берем. Ичкиликти жактырбаган адамдардын катарына кирем, бирок жакшы чөйрөдө ичип деле коём. Андайда эч кимге зыяным жок. Соо кезимде кандай болсом, масымда да ошондоймун. Анан да үйдө жумуш кылганды жакшы билбегеним менен, жумшаганды катырам. “Как будто” ал киши милдеттүүдөй жумшайм да тимеле. Кээде эч ким жокто үйгө конок келип калса, үйдөн эч нерсе таба албай убара болом, кирип-чыгып эле “азыр” дей берем. Анан айлам кеткенде кошуналарды жардамга чакырам. Айтор, амалдан чыгып кетем да. Өзүм конокко барган менен конок тосконду жакшы көрөм. Үй-бүлөмдү бирөө багып турса, ошо менен эле алектенип кетмекмин го. Айла жок, иштеш керек.
– Үй-бүлө багуу үчүн чыгармачылыктан тышкары иш кыласызбы?
– Жо-ок, кайдан, ушул чыгармачылык менен иштегенге да мага түртүп турган киши керек. “Байке, жүр тиякка, жүр бул жакка” деп келишкенде гана иштебесем, жата берем. Бирок үйлөнгөн күндөн тартып аялымды же балдарымды ачка калтырган жокмун, кийими бүтүн, курсагы ток багып келатам. Акыркы жылдары гана балам иштеп калды. Балам мамлекеттик жумушта иштегендиктен, ага деле жол киресин мен берип калам.
– Сиздин бир топ кесиптештериңиз саясатка аралашууну каалап жүрүшөт. Дегеним, Рахман Разыков депутаттыкка талапкер болсо, Жамбыл Камчиев менен Борончу Кудайбергенов ажолукка ат салышты эле. Сизчи?
– Саясатчы эмесмин. Бирок ага кош көңүл да карабайм. Негизи, депутаттык “как раз” Рахман экөөбүздүн ишибиз да. Көп нерсени айтасың, бирок эч нерсеге жооп бербейсиң. Чынында, Борончу менен Жамбыл президенттикке коюшканда аны шылдың катары кабыл алып, туура эмес кылышты деген пикиримди билдирсем, гезиттердин бири “ичи күйүп жатат” деп жазып чыкты. Антейин десем, Жамбыл менен Борончудан да билими пастар жүрүштү. Кайра бул экөө деле туура кылган окшойт деп каласың.
– Саясатты сатирага салып жакшы эле калчап келесиз. Мунун зыяны тийбейби?
– Зыяны тийгени ошол да, үч жылдан бери жүрүп келаткан “Ар бир айдын алтысы” деген концертибиз токтоп калды. Биз саясатчыларды сатирага салып ойносок, алар бизге келип “койсоңчу” деп коркутуп айта албайт да, эртең бул минтти деп дагы эле тамашага салынып каларын билишет. Спорт Сарайынын ижара акысын кымбаттаткандан кымбаттата беришет. Бир концерт койгонуң акыркы кезде 250 миң сомго чыгып кетти. Башка артисттерден уксаң, андан бир топ арзан эле коюшат. Мейли деп акчасына чыдап койсоң, белгиленген күнү “өрт өчүрүүчүлөрдөн уруксат алыш керек, бул жери минтип калды” деп чыгышат. Анан өрт өчүрүүчүлөр сөзсүз уруксат беришпейт. Ошентип саясатты сатирага салам деп кысым көрүп калам.
– Кээ бир саясатчылар келип, “ушул сатираңарды элге көрсөтпөй эле койгулачы” деп суранган учурлары болду беле?
– Андай саясатчылар да бар. Суранып келип калышат. Саясат саясат менен, ал эми өмүр өтө берет экен.
– Кызыктуу маегиңизге чоң рахмат. Бар болуңуз.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg