Сенсация! Шоу-бизнес чөйрөсүндө таланты менен өз атын түптөй алган жаш ырчы жигит Курал Чокоевдин 8 жашар баласы бар экен. 16 жашында үй-бүлө куруп, 17 жашында ата болууга жетишкенин ырчы төмөндө айтып берет.
Аты-жөнү – Куралбек Чокоев.
Туулган жери – Чүй облусунун Кара-Балта шаары.
Туулган жылы – 1987-жыл, 3-июль.
Бою – 182 см, салмагы – 80 кг.
Билими – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун театр жана кино факультетин аяктаган. Учурда Улуттук консерваториянын оркестр факультетинин 1-курсун аяктады.
Репертуарындагы ырлары – «Жалгызымсың», «Ты прости», «Оп майда» жана башка.
– Курал, экөөбүздүн маектешип отурганыбызга сенин ырчы болгонуң себепкер эмеспи. Ошондуктан кепти чыгармачылыкка кандайча аралашып калгандыгың туурасында баштагым келип турат...
– Жакшы болот. Кесибим боюнча актёрмун. Бирок жаш чагымда өз атыма иштеп албасам, убакыт тез өтөт экен. Эстрадада атымды чыгарып, анан театрга кайрылсам деп ойлоп жатам. 6 жыл мурда ырларды жаздырып, сахнага чыгып баштагам. Кудайга шүгүр, бир топ сынактардын жеңүүчүсү болууга, эл аралык сынактарда лауреат болууга жетиштим. Ырчылыкты жамынып үстүртөн иштеп акча таап, чыгармачылык кыла берсе болот. Бирок ал элге сиңбейт. Азыр “элге кандай жаңычылык алып келсем?” деген изденүүнүн үстүндө жүрөм.
– Үй-бүлөдө чыгармачыл адамдар барбы?
– Атам да, апам да ырдайт. Атам аккордеон, комуз, гитара чертет. Кайсы гана той-топурда болбосун, алар “звездалар”.
– Продюсериңди өзүңдүн апаң деп айтып жүрүшөт...
– Баары эле “апаңбы?” деп сурай беришет. Продюсерим Замира эже мага баласындай мамиле кылгандыктан, элдерге ошондой көрүнсө керек.
– Азыр ырчылар той-топурлардан каражат таап жатышпайбы. Дегеним, сен да тойго көп барасыңбы?
– Мени тойлорго көп чакырышпайт. Ырларым тойлорго ылайыктуу эмес го. Же атым анчалык тааныла элек чыгар.
– Сүйүү ырларына көп басым жасайсың. Себеби барбы?
– Сүйүү бардык убакта актуалдуу. Ошондуктан ага басымдуулук кылыш керек. Көп жолу сүйдүм, күйдүм. Сүйүү жаатында башымдан көп эле нерсе өткөн. Азыр сүйүүгө каршы иммунитетим бар. Ырларым менин жашоомдон алынган. Андыктан арасында жактырган адамыма арнап жазган ырларым бар. Алдыда жашоо, үй-бүлө, бала, эне жөнүндө ырларды жазам деп турам.
– Сүйүү деп калдык. Кыздарга кайырмак салууда өзгөчө тажрыйбаң барбы?
– Көбүнчө көз жана сөз менен кайырмак салам. Кыздын эмнени жактырарын бир байкап көрүп, ошого жараша ишке киришем. Көбүнчө мен таанышкым келип жаткандай эмес, ал кыздын мени менен таанышкысы келип жаткандай “подход” кылам. Мисалы, кыз жөн эле ойлонуп турса жанына барып, “чоң кыз, мен сиздин көзүңүздөн көрүп турам. Сиз мени менен таанышкыңыз келип жатат” десең, кыз таң кала түшөт. Ошондо иштин жарымынын бүткөнү. Андан аркысын айтпай эле коёюн.
– Бир бийчи кыз менен сүйлөшүп жүрөт элең го?
– Ооба. Сүйлөшүп жүрүп, келишпестиктер болуп, эки жолго кеткенбиз. Ал алыска кетип, мен бул жакта калгам. Ошентип, сүйүүбүз муздап калды окшойт.
– Эсиңде калган сүйүү баяныңды айтып берсең...
– Институтка жаңы тапшырганда окуу жайдын тегерегин тазалаганга чакырышкан. Ошондо бир кыз менен таанышып, кийин ошол кыз экөөбүз сүйлөшүп калдык. Мамилебиз кантип сүйүүгө айланып кеткенин өзүм да түшүнбөй калгам. Бир табышып, бир ажырашып отуруп 6 жылдай сүйлөштүк. Ал кызга арнап ыр да, жомок да жаздым. Бирок баары өтөт экен, сүйүү да өчөт экен. Сүйүп туруп эле урушуп, соттошуп, кайра табышкан досторум да бар. Сүйүү - түшүнүксүз нерсе. Муну эч ким толугу менен түшүндүрүп бере элек. Изилдөөлөр да жооп таба элек.
– Окурмандарыбыз “Куралдын баласы бар. Эмнеге жашырып жүрөт?” деп сурап калышат. Бул сөздүн канчалык чындыгы бар?
– Жашырган жерим жок. Жаштыгыма карабастан, Санжар аттуу 8 жашар уулум бар. Ачык эле айтам. Кимдин эле башынан өтпөптүр? Мен кечээ эле төрөлгөн бала эмесмин да. Башымдан көп нерселер өттү. Жакшылыкты да, жамандыкты да көрдүм.
– Эмне болуп ажыраштыңар? Балаң азыр кайда?
– 16 жашымда үйлөнүп, 3 жылдан кийин ажырашып кеттик. Мүнөзүбүз келишпей, түшүнбөстүктөр болуп эки башка жолго түшүүгө аргасыз болдук. Жарашайын деген оюм жок. Кайра артка кайтканды жаман көргөн адаммын. Азыр уулум апасы менен жашайт. Экөөбүз жолугушуп турабыз. Айла жок, маңдайга жазылганы ушул экен.
– Баарлашуубуз бала темасында жүрүп жаткан соң өзүңдүн балалыгыңды да эскере кетсең.
– Балалыгым Кара-Балтада өттү. Тооктордун жумурткасын уурдап, айылга келген машиналардын дөңгөлөктөрүн жарып, тентектиктен баш арылбай эле жүрчүмүн.
– Ошол кезде эле ырчы болууну кыялданчу белең?
– Кичине кезимде сүрөттү жакшы тартчумун. Ичимдеги сезим, оюмду сүрөткө түшүрүүнү жактырар элем. Ырдайм, актёр болом деп таптакыр ойлочу да эмесмин. Сабакта болсо, жашырып не керек, “двоечник” болчумун. Жалаң “5ке” окуп бүтүргөндөр деле азыр кыйраткан жок. Кеп баада эмес, адамдын максаттарында экен.
Перизат Музуратбекова
star@super.kg