БАКТИЯР ТОКТОРОВ: «Жашоомдо ондон ашык сүйүүгө кабылдым»

Бактияр Токторовдун күйөрмандарын табуу кыйынга турган жок. Анткени ырчы редакцияга жакын досуна айланган күйөрманы Самудин байкени ээрчитип келди. Биз болсок Бактияр Токторовдун 27 жаштагы күйөрманы Кымбатты чакырып, сүйүктүү ырчысы менен баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүп бердик.

Кымбат:
– Бактияр байке, мени сиздин жеке жашооңуз кызыктырат. Жубайыңыз, балдарыңыз тууралуу айтып кетиңизчи?
Б.Т:
– Бир жубайым, эки кызым бар (күлүп). Улуу кызым 3-класста окуйт, аты Мираида, кичүү кызымдын аты Аделина, 2-класста окуйт. Улуу кызымдын атын балдызым койгон, андан кийинки кызымды келинчегим өзү койгон. Эми уулдуу болсок, атын өзүм коём.
Кымбат:
– Жалпысынан канча ырыңыз бар? Билишимче, өзүңүз обон жаратасыз...
Б.Т:
– Баш-аягы 200дүн тегерегин­де. Бирок элге популярдуу болгон “Кечки туман” деген ырымдын автору – келинчегим.
Кымбат:
– Учурдагы жана мурдагы күйөр­мандардын айырмасы барбы?
Б.Т:
– Айырмасы асман менен жердей. Биздин убакта күйөр­ман­да­ры­быз бизди тунук сезими, таза жүрөгү менен сүйүшчү. Ырларыбызды укканда, көздөрүнө жаш алышчу. Менин оюмча, азыркылар ырчынын ырына эмес, сырткы келбетине күйөрман болушат. Мурда күйөрмандарыбыз гүл гана беришчү. Азыркыдай жумшак оюнчук берүү деген жок эле. Алар биз менен сүрөткө түшкөндү эле чоң нерседей көрүшчү.
Кымбат:
– Мен Түп айылындагы мектепте окугам. Биздин класстагы балдар сизди туурап кийингенди, сизге окшоп басканды жактырышчу. Ал эми кыздар “качан шаарга барып, “Биздин” концертине киребиз?” дешчү. Ошол биздин окуучулук кезде чыккан сүйүү, окуу жөнүндө бир ырыңыз бар эле...
Б.Т:
Эгер сенин окугуң келбесе,
Окусаң да башыңа кирбесе,
Анда сен берилгенсиң сүйүүгө,
Сүйүү ушундай жаман нерсе...
Кымбат:
– Дал ушул ыр. Бул ырды биз классташтар болуп чогуу ырдачубуз. Анан да көпчүлүк ырларыңыздын аталышы кыздардын атынан. Мазмуну болсо жетпей калган сүйүү тууралуу...
Б.Т:
– Туура баамдаптырсың. Негизи, чыгармачыл адам, айрыкча, эркек кишинин илхамы сүйүүгө туш болгондо келет. Мен калп айтпасам, жашоомдо ондон ашык сүйүүгө кабылдым го. Кымбат, эмнегедир менин күйөрманым экениңе ишене албай турам?.. Менин эмнем жагат? Негизи, ушул суроону күйөрмандарыма берүүнү жакшы көрөм.
Кымбат:
– Билбейм, башкаларга эмнеңиз менен жагасыз?.. Бирок мага сиздин ырдаганыңыз, үнүңүз, сахнада өзүңүздү алып жүргөнүңүз жагат.
Б.Т:
– О-оо, мени уялтып кой­дуң.(Кымбат менен Бактияр байкенин кызыктуу маегин карап отурган Самудин байкени сөзгө тарттык).
– Самудин байке, Бактияр байкенин бир кездеги күйөрманы бол­соңуз, азыр жакын досу экенсиз...
– “Биз” тобунун ырларын ушунчалык жакшы көрчү элем. Анан да булар койгон концерттерге эл көп келип, дайыма аншлаг менен өтчү. Ошол 1994-95-жылдары мен кассадан “Биз” тобунун концерттик билеттерин сатып алып, кайра үстүнө акча кошуп сатып пайда тапчу элем. Кийин Бактияр менен сүйлөшүп калдым. Бактиярдын кичи пейил, жөнөкөйлүгүн байкап аябай кубангам. Анан да экөөбүз жашыбыз тең үчүнбү, айтор, тез эле тил табышып кеткенбиз. Тагдырдын буйругу экен, азыр жакын достордонбуз.

Кызыктуу окуялар

Учурда ырчы жылдыздарыбыздын арасындагы улуу муундун өкүлү аталган Бактиярдын башынан өткөн кызыктуу окуяларын өз оозунан уктук.

«Мен сиздин демөөрчүңүзмүн»

Мындан 1 жыл мурун Лейлектен шаарды карай машинам менен келе жаткан элем. Жол боюнда жаш баласы менен турган жаш келинди салып алгам. Көрсө, ал айым менин күйөрмандарымдын бири экен. Ал мени тааныган менен батынып сүйлөй албай отурган тура. Бир кезде: “Бактияр байке, мен сиздин демөөрчүңүзмүн. Ырларыңыздын баарын жакшы көрөм”, - дейт улам-улам эле. А мен түшүнбөй: “Демөөрчүңмүн дегени эмнеси? Же мага бир тыйын берип жардам кылбаса”, - деп коём өзүмчө. Көрсө, ал кыз “демөөрчү” деген сөздү “фанат” деп түшүнүп алыптыр да. Кийин сурап-билип алып, каткырганымды айтпагыла.

«Жүрүп бараткан машинанын алдынан чыга калышып...»

1994-жылы Ысык-Көлгө “Биз” тобу менен гастролго барган элек. Концерт аяктаган соң жатаканага баралы деп машинага отурдук. Аңгыча эле бир топ жаш кыздар жаңыдан жүрө баштаган машинабыздын алдынан чыга калышты. Анан алар чурулдашып мага: “Мен сени сүйөм, сенсиз жашай албайм!”- дегендери аз келгенсип ыйлап-боздоп киришти. Кыздарды жылуу-жумшак сөздөр менен эптеп соороткон соң, жатаканабызга кеткенбиз.

«Ош» базарында кассеталарыбызды сатканбыз»

Негизи эле 90-жылдардын башында кыргыз эстрадасында дискотекага ылайыктуу бийлей турган ырлар жок эле. Жалаң фольклор ырчылары болчу. 1993-жылы “Биз” тобун түзүп, шаңдуу ырларды ырдай баштадык. Ийгилик коштоп алгачкы кассетабызды да жаздырып чыгардык. Бирок бизде “эми булар сатылабы? Элге жагабы же жакпайбы?” деген суроолор пайда болду. Анан чоң магнитофонду “Ош” базарына алпардык да, ага кассетабызды салып, музыканы койдук. Ошентип, кассеталарыбызды өзүбүз саттык. Кудай жалгап, жакшы сатылып кетти. Кийин кассеталарыбызды бир гана Бишкекте гана эмес, Талас, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абадга да барып сатып келчү болгонбуз.

«Ыйлагандарын көрүп күлкүм келген»

Кайсы жылы, кайсы жактагы концертте экени азыр эсимде жок. Негизинен, топто жалаң жигиттер болгондуктан, концертибизге көбүнчө кыздар келишчү. Мен “Алия” деген кайгылуу ырымды образга кирип, көздөрүмдү жумуп алып ырдап жаткам. Ыр армандуу сүйүү жөнүндө эле. Бир маалда көзүмдү ачып карасам, биринчи катарда отурган кыздар ыйлап алышыптыр. Аларды көрүп күлкүм келип кеткендиктен, артты карай калып эч кимге байкатпай каткырып алдым. Анан баягы кайгылуу, ойлуу жүзүм менен ырдоону кайра уланткан болчумун.

Сүйүү каты

“Мурда ырчыларга кыздар кез-кезде гана кат беришпесе, жазышчу деле эмес. Анткени уялышчу. Ал эми бул кат мага болжол менен мындан 10-12 жыл мурун келген. Ошондон бери эскилиги жетсе да, жоготпой сактап келем”,- деп катты бизге окуп берди:

«Саламатсызбы, Бактияр байке, иштериңиз, ден соолугуңуз кандай? Сиз мени тааныбасаңыз да, мен сизди ичимден тымызын жактырып жүргөн бир кызмын. Билем, сиз мендей кызды теңиңизге да албайсыз. Бирок мен сиздин ырларыңызды жакшы гана көрбөстөн, жүрөгүм менен сүйөм. Бул катты сизге жазуудан мурун, аябай көпкө ойлонгон элем. Билем, кандай кыздар биринчи кат жазып, өзүлөрү тийишерин. Мен андай кыздардын бири эмесмин. Болгону, менин катымды окуп, бул жашоодо сизди сүйгөн бир жан бар экенин унутпаңыз...

Сизди сүйгөн бир кыз».

Жагымдуу SMS билдирүүлөр

“Кызык, азыркы күндөгү күйөр­ман­дарымдын өжөр­лү­гү­нө таң калам. Канча телефон номурумду алмаштырбайын, таап алышат. Мындай күйөр­ман­дарым бар экендигине аябай кубанычтамын. Болбосо, мен качанкы Бактиярмындейт ырчы күлүп. Анда эмесе ырчыга келген айрым SMS билдирүүлөр.

Бактияр байке, Нооруз май­рамыңыз менен!

05502078ХХ

Бактияр байке, мен сизди азыркы күнгө чейин сүйүп келем...

07733132ХХ

Бактияр байке, эмнеге сахнага аз чыгып калдыңыз?

Кундуз, Бакыт

Ишиңизге ийгилик! Дагы көп жаңы ырларды жарата бериңиз.

07734779ХХ

Бактыгүл Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 334, 27-март-2-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан