Статистика Кыргызстанда жыл сайын жол кырсыктарынын саны өсүп жаткандыгын көрсөтөт. Жолун таап мындай кырсыктарды кыскартса болобу? Бирөөнү тоголото сүзүп, өлтүрүп же майып кылып койгондор жазасын тартып жатабы? Же кыргызчылык кылып “өлгөндү баары бир тирилте албайсың” деп бөөдө көз жумгандарды санап отура беребизби?
СТАТИСТИКА ЖАКАҢДЫ КАРМАТАТ
Адатта “жол кырсыгы болуптур” деген кабар уксак, оозго биринчи эле “ичиндегилер соо бекен?” деген сөз келет эмеспи. Адам өмүрүнүн кымбаттыгы ушунда, туурабы, окурман? Ойлонбой баратып өлүп калышын ким эле кааласын?! 2011-жылы өлкө боюнча 4813 жол кырсыгы катталып, 1018 кишинин өмүрүн алып кетсе, 6697 адам жаракаттар менен аман калган. Жаш балдар катышкан 900 жол кырсыгы болуп, 113 бала жашоо менен кош айтышкан. Бул жол кырсыктарынын 80 пайызына айдоочулар айыптуу болушкан. Эмесе, өткөн жылдагы көрсөткүчтү эске алып, жол кырсыгына түрткөн негизги критерийлерди пайыздык көрсөткүч менен тизмектейли:
КЫРГЫЗДАР КӨРГӨ ШАШКАН КАЛКПЫ?
Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл автокырсыктардын саны 8 пайызга өскөндүгүн Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын жетекчиси Талантбек Исаев билдирди. Маселен, быйылкы жылдын башынан бери 5 ай 20 күн аралыгында өлкө боюнча 1949 автокырсык катталып, 324 адам көз жумса, алардын 43ү жаш балдар болгон. Күнү-түнү каттам үзүлбөгөн Ош-Бишкек автотрассасында 2012-жылдын алгачкы 5 айында эле 86 кырсык болуп, 47 адам көз жумган.
Исаевдин айтымында, автокырсыктан каза болгондордун саны боюнча Кыргызстан КМШда эле эмес, дүйнөдө алдыңкы орунда турат. Биздин “чоңдор” мисал кылуудан чарчабаган Грузияда өткөн жылы 4 миңдей жол кырсыгы болуп, 526 киши каза тапкан. Айтылып жүргөндөй, элинин санына жараша унаалардын санынын көптүгү жагынан да далайын артта калтырганбыз.
АЙРЫМ ООР КЫРСЫКТАР
Былтыр
- 2011-жылдын 25-декабрында Токмок-Бишкек унаа жолундагы кырсыктан 8 адам мерт кеткен. Алардын төртөөсү жаш балдар болгон.
- 2011-жылы, 2-августта Ош-Аэропорт жолунда эки унаа сүзүшүп, жыйынтыгында 5 киши кайтыш болгон.
Быйыл
- 2012-жылы, 8-майда Алматы-Екатеринбург жолунда кичиавтобус менен КамАЗ сүзүшүп, кырсыктан 16 кыргызстандык жаран көз жумду. - 2012-жылдын 3-июнунда Ош-Бишкек жолунда МАЗ жана Тойота унаалары кагылышып, кесепетинен 9 адам каза тапты.
ЖАШТАР ЖОЛ КЫРСЫГЫНА ЭҢ КӨП КАБЫЛЫШАТ
Бир чети айдоочулар деле Кудайлап араң жүрүшөт. Эсиңизде болсо, жакында эле Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде бараткан жеңил унаа бир заматта асфальт жарылып кетип тумшугу менен сайылып калганы бар. Бул кан жолдо эч ким сага кепилдик бербейт деген сөз. Ар бир айдоочу жол чырактардын начар иштегенине, жолдордун жыртылып бүткөнүнө, көчөлөрдө түнкү жарыктардын жоктугуна арызданып келишет. Ал эми жол кыймылын көзөмөлдөгөн тарап күнөөнү айдоочуларга оодарат. Жол кыймылы коопсуздугу башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сөөлөт Бегалиевге кайрылдык.
– Жол кырсыктарынын саны өсүп жатканына эмнелер себеп?
– Буга айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин сактабагандыгы жана ага көңүл кош мамиле жасагандыгы себеп. Өлкөбүздө жыл өткөн сайын автоунаалардын көбөйүшү, жолдордун эскилиги жеткендиги, аң-дөңдөрдүн көптүгү, көчөлөрдүн заман талабына жооп бербегендиги, анын тардыгы, атайын унаа коюучу жайлардын жоктугун айтсак болот.
– Дагы?
– Бүгүнкү күндө унаа башкарган айдоочулардын басымдуу бөлүгү жаш өспүрүм жигит-кыздар. Алар жол кыймылынын эрежелерин так сакташпайт, демек, жол кырсыктарына жаштар көбүрөөк кабылып жатышат. Жаштар арасында катуу ылдамдыкта айдоо, уюлдук телефон менен сүйлөшүү сыяктуу терс көрүнүштөр көбүрөөк кездешет.
– Айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар башкы себепкер эмеспи?
– Албетте, сөз атуулдарыбыздын бир гана айдоочулук күбөлүгүнө ээ болуусу эмес, биринчи кезекте теориялык билимин практика менен айкалыштырып, жол кыймылынын эрежелерин так билүүсүндө болууда. Жаш айдоочулардын басымдуу бөлүгү жол эрежелерин одоно түрдө бузгандыгы оор кырсыктарга алып келип жатат.
– Кантип кыскартса болот же ушул жүрүш менен эле кете беребизби?
– Кыскартса болот, ал үчүн төмөнкүлөрдү ишке ашыруу зарыл:
1. Үй-бүлөдө, мектепте жаш өспүрүмдөргө жол кыймылынын эрежелерин үйрөтүү жана анда каралган талаптарды так аткаруу.
2. Мамлекеттик деңгээлде атайын жол коопсуздугун камсыздаган программа иштеп чыгуу.
3. Жолдорду, көчөлөрдү учурдун талабына ылайыктап кеңейтүү, жол четтеринде, автобекеттерде, соода түйүндөрүнүн жанында атайын автоунаа токтотуучу жайларды куруу.
4. Учурдун талабына жооп бербеген айдоочуларды даярдоочу атайын окуу жайларын жабуу.
5. Жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларга карата айыптын өлчөмүн жогорулатуу.
6. Эл аралык стандарттын талаптарына ылайык өлкөбүздүн бардык жолдоруна жана көчөлөрүнө фото-видеокөзөмөлдөө аппараттарын орнотуп, жол кыймылынын эрежесин сактоо боюнча көзөмөл жүргүзүү керек.
КЫРСЫК ҮЧҮН АБАКТА ОТУРГАНДАР БАРБЫ?
Айта кетчү сөз, ондогон кырсыктар бети ачылбаган боюнча калууда. Бирөөнү капталдан капшыра сүзүп “кой эми, милицияны аралаштырбай эле коёлу...” деп ары колтукташып барып тил табышып алмайыбызчы? Каргашадан улам жакынын жоготуп алгандар деле башында будуң-чаң түшкөнү менен, акыры акчанын күчү аркылуу оозу жабылганына күбөбүз. Кантип анан мындай кырсыктарга бөгөт коёбуз?
Күчтүү жаза гана, балким, кырсыктын санын кыскартар?.. Унаадан өлгөндөр толтура, аны сүзүп кеткендер жаза алуудабы? Бүгүн түрмөдө канча жаран дал ушундай кылмышы үчүн отурат? Ушул сыяктуу суроолорубуз менен Жаза аткаруу кызматына кайрылсак, мамлекеттик органдарда көнүмүшкө айланган жорукка кабылдык. "Атаңа бар, жотоңо бар" дегенсип, ондон ашуун телефон номерине чалганыбыз адаттагыдай эле жемишин бербеди.
«Супердин» сурак бурчу
АВТОКЫРСЫКТАРДЫН САНЫН КАНТИП АЗАЙТУУГА БОЛОТ?
ТИЛЕК АЛЫБЕКОВ, СТУДЕНТ:
– Коррупция жоюлса, автокырсыктар өзүнөн өзү эле азаймак. Азыр жаштардын көпчүлүгү айдоочулук күбөлүктү сатып алып жатат, ошондуктан жол эрежелери көп бузулуп, кырсыктар да күн санап өсүүдө. Окуп, үйрөнүп унаа айдаганда гана бейкүнөө өлүмдөр азаймак.
АЙНАГҮЛ МАМАТКУЛОВА, ЮРИСТ:
– Бизде элдин түшүнүгү башкача калыптанган. Мисалы, жол чыракка же жөө жүргүнчүлөр өтчү жерден айдоочулар токтобойт. Катуу айдашат, кыскасы, жөө адамдарды урматтоо деген жок. Айдоочулук күбөлүктү сатып алуу токтосо гана бул көрүнүш азаят.
ДАМИР ГАЛИЕВ, ПРОГРАММИСТ:
– Жолдордун абалын оңдоп жана жол эрежесин бузгандарга айып пулду кымбаттатуу керек. Европалык стандартка өтүү менен мындай кырсыктарды азайтуу мүмкүн. Ошондой эле тарбиялык маанидеги видеороликтерди даярдап, жаштардын аң-сезимин калыптандыруу да башкы маселе.
СЕЙДАКМАТ АРАЛБАЕВ, КАРООЛЧУ:
– Жаштарды тарбиялашыбыз керек. Алар кызуу кандуулук кылып көчөдө бири-бирине атаандашып жарышат, куушат. Кырсыктарды карасаң деле көбүнчө жаштар рулда отурган болот. Совет мезгилиндегидей тартип, мыйзам иштесе, кырсыктар 2 эсе кыскарат болчу.
ЭЛЬВИРА ЖАНУЗАКОВА, СТУДЕНТ:
– Алкоголь ичимдиктерин ичип алып унаа айдап жүргөндөргө айып пулду көтөрүш керек. Мас айдоочу катуу ылдамдыкта айдайт, жол эрежелерин карабайт, жоопкерчилик жок, жыйынтыгында бирөөнүн өмүрүнө коркунуч жаратып жатат.
МИРЛАН ДОСКЕЕВ, САНТЕХНИК:
–Жол белгилерин толук коюп чыгыш керек. Шаардын кээ бир жерлеринде таптакыр “сен оңго”, “сен солго буруласың” деген сыяктуу белгилер жок. Анан кырсык болот да. Жакында көчөлөргө камера коюп баштаса, айдоочулар абайлап айдап, кырсыктар да кыскарат деп ойлойм.
АЛМАГҮЛ АЛИЕВА, МУГАЛИМ:
– Жогору жактан катуу көзөмөл болмоюнча, автокырсыктардын кыскарышына ишене албайм. Ошондой эле МАИчилердин көчөлөрдө жашырынып туруп алып унаа тоскондору да кырсыктарга себепчи.
Автандил Добулбеков
koom@super.kg