Маалымат айдыңында Темир Назаров тууралуу “Ош шаарындагы өзү иштеген телеканалдын акчасын жеп алган, ошон үчүн жумуштан кетти” деген кептер тарады. Бул сөздөрдү “чыр дөбөнүн“ каармандары төгүнгө чыгарышты.
Сюита Соурбаева: “ТЕМИРДИН АБРОЮНА ШЕК КЕЛТИРИШТИ”
– Учурда Темир Назаров экөөңүздөр туурасында айтылып жаткан сөздөр канчалык деңгээлде чындыкка туура келет?
– Темир экөөбүз тууралуу такталбаган маалыматтар жайылып кетти. Ал маалыматтын бир пайызы да чындыкка туура келбейт. Ооба, Темир биздин телеканалда бир жарым жыл продюсер болуп иштеген. Азыр башка жумушка которулуп кетти. Маалыматтагы “10 кишини жумуштан кетирди” деген сөз таптакыр туура эмес. Темир Назаровдун башкаруу иштерине такыр тиешеси болбогон. Анан “8 миллион сом жеп койду” дейт, негизи, 8 миллион деген компаниянын бюджетинде болгон эмес. “Темир Назаровду Мелис Мырзакматов иштен алыптыр” деп да чыгышты. Мырзакматов кичинекей компанияга ишин салбаган киши. Ушак тараткандар биздин жумушка мамилеси терс адамдар окшойт. Балким, мага болгон соккусубу, билбейм. Эмнеси болсо да аябай ыплас адамдардын кылганы. Жаш жигиттин аброюна шек келтирип жатышат. Темирдин ата-энеси кары, балдары, келинчеги бар, алардын алдында уят эмеспи мындай нерсе.
Темир Назаров: “МЕНИ КАРАЛАГАН АДАМ ӨЗҮ АКЧАНЫ ЖЕП АЛГАН”
– Чын эле ОшТВнын 8 миллион сомун жеп алдыңызбы?
– (Күлүп) Ким акча төлөп менин атымды каралагысы келгенин аныктадым. Эмне үчүн анткенин да билдим. Буларды тактап жатып, мага айткан адамга сөз бердим, анын атын эч кимге айтпайм деп, ошондуктан ысымын атабай эле коёюн. Бизди каралаган адам өзү ошол 8 миллион сомду жеп, ашканына мени кара пиар кылып жатат. “Кара пиар болобу, ак пиар болобу, ырчынын аты чыгып жатса, анда ал жашап жаткан ырчы” деген Ибрагим Жунусовдун сөзү бар. Ошого таянып, атымды дагы бир ирет дүңгүрөткөн ошол адамга рахмат айтам. Эгер жөнөкөй тракторчу болсом, анда эч ким мени ушактамак эмес, эч ким акчасын кетирип мен жөнүндө жалган сөз таратпайт болчу.
ОшТВдан кеткем. Жетекчилер мында иштешимди каалашпай, андан жогорку кызматты сунушташты. Түштүк аймагына чоң окуу борбору ачылды, ошого аткаруучу директор болдум. Мен ОшТВны эмес, ОшТВ мени жоготту десем болот. 8 миллион сомду жегеним жок. Эгерде жесем, унаамды Жипке алмаштырып, заңгыраган үй салып алмакмын. Анан “ооба, акча керек болду, ошол үчүн жеп алдым. Колуңардан эмне келет?” демекмин. Сюита эже маяна бергенде айтчу эле, “ушул акчаны сага бергенден уялам. Сенин бир тойдон тапкан акчаңа да жетпейт бул” деп. Мен дайыма “эже, 19 жыл өзбекче сайраган каналдын кыргызча сүйлөгөн күнүн күтүп жүрчүмүн, өз тилибизде чыга баштаганда мен барып кызмат кылам деп. Сиз муну кыргыз тилдүү кылдыңыз, мен эл үчүн иштеп жатам” дечүмүн.
Уулбү Каныбекова
star@super.kg