Быйыл табият кырсыгы өзгөчө түштүк аймагында көп катталып, жамгыр жааган сайын дале уланып келет. Нөшөрлөп жааган жамгыр карапайым элдин жашоосуна кедергисин тийгизип жатканы өкүндүрбөй койбойт. Ансыз да кыйналып жашап жаткан айыл эли жаратылыш кырсыгынан жабыркоодо.
АДАМ ӨМҮРҮН АЛЫП КЕТТИ
Жаз келип, талаа жумуштарына кызуу киришкен жалал-абаддыктардын жакшы түшүм алам деген тилегин быйыл таш капты өңдөнөт. Себеби күтүүсүз келген табият кырсыгы айыл элинин эгинин, короо жайларын, үйлөрүн улам жайпап кетүүдө. Жайдын ысык аптабында эгин менен алек болчу карапайым эл быйыл сел менен алышып бүтө албай келет.
Мындан 7 жыл мурун Сузак районун сел каптап, жашоочулар кыйла эле кыйын күнгө туш болгону эсибизде. Жергиликтүү калк азыр да ошол күнкүдөй оор абалда. Тайгараев айыл өкмөтүнө караштуу Кулбай уулу айылында да жол ката селден улам калган бут коёрго жер жок көлчүктөр, ылайга көмүлүп жаткан эгин талаалары көзгө урунат. Андан да элдин болгон күнүмдүк иши селдин ылай калдыктарын тазалоого алмашып калгандай.
24-июнда жүргөн катуу сел Кызыл-Туу айылынын 60 жаштагы тургуну Токтогул Жолборсовдун өмүрүн кошо алып кетти. Күбөлөрдүн айтымында, маркум суунун ташкынын күзөтүп турган. Багыш айыл өкмөтүнө караштуу көпүрөнүн үстүндө турганда жарака чыккан көпүрө кулап, ал адам кошо түшүп кеткен.
“НЕБЕРЕЛЕРИМДИН ЖАНЫН АМАН АЛЫП КАЛАР БЕКЕМ?..”
Кулбай уулу айылынын тургуну Бактыгүл Мырзатаевага тиешелүү короонун дээрлик баары жарактан чыгып, мончо, жер төлөсү баткакка чыланыптыр. Үй ээсинин айтымында, сел 24-июнь күнү кечке жуук, саат 17лер чамасында келген. Катуу жааган жамгырдан улам ансыз деле ылайга толгон (мурунку сел каптоодо) каналдан суу ашып, деңгээли 1,5 метрге чейин көтөрүлгөнүн айтат үй ээси. Ошентип, 4 саат бою нөшөрлөп жааган жамгырдан улам минтип элдин үйүнө чейин сел агып кирди.
Канымбү Султанбаева ал кырсык күндү мындайча эскерип берди:
– Неберелерим, келиним менен үйдө отурганбыз. Сел каптап келгенде ар ким өзү менен өзү болуп калат экен. Кошуналар менен кабарлашмак тургай «неберелеримдин жанын аман алып калар бекенмин?» деген ой башымды ээлеп турду. Чүрпөлөрүмдү жаңы салынган тамдын башына чыгарып коюп, кызым, келиним болуп үйдүн короосуна кирген суунун багытын адаштырмакка белчебизден суу кечип, далалат кылып жаттык. Бирок сел тоготуп да койбой кирип кетти.
Ал эми катарлаш салынган үйүмдүн жер төлөсүнө кара ылай суу терезесинен да ашып кирип, аны чака менен сыртка төгүп жаттык. Жер төлөдөгү суу дале турат, кетпей. Неберелерим кирип ойноп, кырсыктап калбасын деп улам кайтарып отурам. Үйдө эркек адам болбосо кыйын экен, жалгыз уулум тириликтин айынан Москвада жүрөт. Айтор, бул табият кырсыгы эч бир адамдын башына келбесин дейм, биз кыйналдык, кызым. Карыганда ден соолукту абайлап жүргөн жаным ал күнү баарын унутуп суу кечип жүрдүм. Азыр эми селден калган баткакты кетмендеп сүрүп, аз-аздан тазалоодобуз.
ЧЫГЫМ 223 МИЛЛИОН СОМДУ ЧАПЧЫДЫ
ӨКМнын Жалал-Абад облусу боюнча калктуу аймактык башкармалыгынын башкы адиси Алтынбек Токтонаевдин берген маалыматы боюнча, 2012-жылдын алдыңкы 5 айында эле 40 жолу сел жүрүү катталган. Мындай табият кырсыгынан улам 2 киши каза таап отурат. Ал эми жалпы чыгым учурда
223 миллион сомду түзүүдө. Эң көп табият кырсыгы болгон аймак катары Базар-Коргон, Сузак, Аксы райондору эсептелди. ӨКМ тарабынан жабыр тарткан аймактарга күйүүчү май, техника жана башка жардамдар берилүүдө. Бирок жабырлануучулар көп болуп жаткандыгына байланыштуу айрымдары турак жайлардын абалы менен таанышып, санитардык-эпидемиялык борбордон келип дары-дармек таркатып кеткени эле болбосо, дээрлик жардам жокко эсе деп нааразылыгын айтышууда. Жадакалса кээ бир айыл тургундарынын денесинде ар кандай тери ооруларынын көйгөйү байкалып жаткандыгын да айтып өтүштү.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg