Ширин Муктарбекова: «ҮЙ-БҮЛӨМ ҮЧҮН ТЕЛЕДЕН КЕТИШИМ МҮМКҮН»

Ош шаарындагы ОшТВ телеканалы 2010-жылга чейин өзбек тилинде чыгып келген. Азыркы учурда Сюита Соурбаеванын жетекчилиги менен кыргыз тилдүү абройлуу телеканалга айланды. ОшТВнын “Таң шооласы”, “Өнөр” программаларынын телеалпаруучусу Ширин Муктарбекова менен маектештик.

ШИРИН КЫЗ ТУУРАЛУУ

Аты-жөнү – Муктарбекова Ширин Муктарбековна
Туулган жылы – 1990-жыл, 4-апрель
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Аксы району
Фобиясы – Түн
Хоббиси – Сууда сүзүү
Салмагы – 48 килограмм
Көп колдонгон сөзү – “Ошондой эле”, “айтайын дегеним”
Учурда «Таң шооласы», «Өнөр» программаларынын ре­дактору жана алып баруучусу

– Ширин, алгач эле маегибиз туулган айылыңдан башталсын...
– Мен айтылуу Аксы районунун абасы таза, суусу тунук Падыша-Ата айылында туулгам. Ал жерди жаратылышы аябай кооз, ка­сиеттүү жерлердин борбору десем жаңылышпайм.

– Бала кезиңден эле теле жыл­дызы болууну самачу белең?
– Ооба, күзгүнүн алдында туруп алып, өзүмчө эле диктор боло берчүмүн. Окуучу кезде кечелер менсиз өтчү эмес. Мектептин прези­денти болгондуктан, маданий иш-ча­раларды да өзүм уюштурчумун. Эрте кетип, кеч келсем, атам “жатып эле калбапсың мектебиңде” дечү.

– Журналистика тармагына кандайча келип калдың?
– ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинде окуйм. Бул тармакка кастингге катышып келип калдым. Кастингден өтүп кеткеним менен, журналисттик билимим жок, эки сөздүн башын бириктире албай эле кыйнала берчүмүн. Азыр эми үйрөнүп калдым.

– Кандай комплименттерди көбүрөөк угасың?
– Теледен биринчи эле жүз кө­рүн­гөндүктөн, бет түзүлүшүмө комплиментти көп угам.

– Теледе жүз негизгиси эмеспи, келбетиңе кандай кам көрөсүң?
– Кечке күзгүнүн алдында отуруп, түркүн маскаларды жасаганга деле убактым болбойт. Табият берген сулуулук менен жашайм. Көп учурда алып баруучулардын беттери гримден бузулат. Биз көчөдө эле эмес, эфирге чыкканда деле көп боёнбойбуз.

– Акчаны көбүнчө эмнеге ко­ротосуң?
– Кесибим экономист болгондуктан, акчаны үнөмдөөнүн теориясын жакшы билем. Бирок аны практикада колдонуудан аксайм. Аялзаты болгондон кийин дүкөн бизге курбу болуп калат экен да. Жалтырап көзгө жакшы көрүнгөн нерсени ала бермей жагым бар.

– Жигиттерди көргөндө эмнесине биринчи көңүл бурасың?
– Жигит болгондон кийин жигиттик сапат­ка ээ болушу керек. Башка кыздар сыяктуу эле жигиттик мүнөзүнө көз чаптырам. Албетте, сүй­лөгөнүнөн көп нерсени байкаса болот.

– Бир жигит жагып калса, анын көңүлүн буруш үчүн кандай аракеттерди жасаар элең?
– Болгон аракетти дебейимби, тамаша. Кыздык намысты биринчи орунга коюп, жакса да биринчи өзү сөз баштамайынча мен эч кандай аракет жасабайм.

– Жактырган адамың “же телени танда, же мени танда” десе, эмне кылмаксың?
– Акча менен байлыктай эле жумуш да бир күнү кетет. Мен үчүн үй-бүлө биринчи орунда турат. Эгер мен жактырган адам кадырыма жете алса, анда албетте, анын сөзү менен болом. Үй-бүлөм үчүн теледен кетишим мүмкүн.

– Кандай белек алууну жакшы көрөсүң?
– Кандай экенин мааниге албаганда белектин өзү чоң кубаныч. Чын жүрөктөн берилген болсо, абайлап сактайм. Бирок кучак толо роза гүлүн жакшы көрөм.

– Жүрөгүңдүн ээси барбы?
– Жок, кыялымда элестеткен мырзага жолуга элекмин.

– Маегиңе рахмат, ийгилик!

Уулбү Каныбекова
Osh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
ulan007
2012-07-03 14:00:05
Барынды бул дуйнодо сезсем керек.....эми биз кызыл койнок шай кийип.......
0
snnt
2012-07-03 15:17:35
Атына заты жарашкан кыргызымдын сулуу бийкечи болуп журо бер!!!
0
baha_91_t
2012-07-03 16:34:47
Ширин озунун жумушун жакшы билген келечектен умуттондургон журналисттердин бири. Келечегин кен болсун! Дагы дагы жаны ийгиликтерди багынтып журо бер!
0
baha_91_t
2012-07-03 16:35:51
Ширин озунун жумушун жакшы билген келечектен умуттондургон журналисттердин бири. Келечегин кен болсун! Дагы дагы жаны ийгиликтерди багынтып журо бер!
0
Bus
2012-07-03 17:36:42
Ишине жана жеке жашооно ийгилик...
+1
Nazbiike
2012-07-03 20:00:48
аябай сулуу экен ийгилик калаайм!
-1
santi
2012-07-04 07:55:22
да
0
Zari
2012-07-04 10:55:58
Мени менен теппетен экен 4-апрель 1990-жыл :-)
0
Rysbek13
2012-07-04 16:25:41
Ширин суроолорго абдан жакшы жана тушунуктуу жооп берипсин. Молодец,умница. Эми билдим Аксынын кыздары сулуу гана боюнча калбастан,акылдуу болушат экен. :) айтканча бал муздагын эрип баратат. :)
0
AFRODITA-89
2012-07-05 01:56:13
Rysbek13, каяктагы балмуздак???
0
Alaika
2012-07-05 14:30:20
Ушу ОшТВны кыргыз тилдуу телеканалга айлантып абдан туура кылышты. Сюита Соурбаеваны кыйын журналист катары билсек, эми мынтип мыкты жетекчи экенин коргозуп жатат. Ишинерге ийгилик ОшТВ!!! А чынын айтсам, бул кызды тааныбайт экенмин, эми таанып журом, бирок сулуу, жылдыздуу кыз экен.Ийгилик!
+1
Rysbek13
2012-07-08 19:26:35
AFRODITA-89. ото жагымдуу балмуздак.
0
Mirbek_akun
2012-07-17 02:45:37
Wiki eje iwinizge iygilik! Joow kyzdai korunot.
0
star_kg
2012-07-19 11:25:13
шики эмес , ширин деген эн сонун атты бар го бул кыздын
0
kg3991
2012-08-11 10:43:42
Ийгилик калайм Ширин. Бактылуу бол!!!))
0
maestro123
2013-09-09 19:10:32
Менин Шириним да. Менин.
0
№ 504, 29-июнь-5-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан