“Дом-2” долбоорунан жылдызы жанган алпаруучу Ольга Бузова 26-июнь күнү сүйүктүүсү, футболчу Дмитрий Тарасовго турмушка чыкты. Үйлөнүү тойго 70тен ашык конок чакырылып, аларды атайын жалданган кемеде тосушту. Баш-аягы алпаруучунун тойго 2 миллион рубль сарптаганы айтылууда. Кечеге сыйлуу конок катары депутат Алексей Митрофанов, Ксения Бородина, долбоордун катышуучусу Елена Бушина келген.