Атактуу Голливуд актёру Жон Траволтаны каралоо кезеги эми круиздик компаниянын кызматкерине жетти. Дегенибиз, жабырлануучу Фабиан Занзи аттуу мырза чилилик телекөрсөтүүлөрдүн биринде Жон Траволтага “2009-жылы Кариб деңизинде саякаттап жүргөндө мени жыныстыккатнашка барууга мажбурлаган, бул кызматым үчүн актёр 12 миң доллар сунуштаган” деген айып таккан. Эске салсак, Траволтаны буга чейин катары менен эки массаж кызматкери жогорудагыдай айып менен күнөөлөп сотко кайрылышкан.