БИЗДИН ПОДИУМДУН МЫРЗАЛАРЫ

Мода көрсөтмөлөрүнүн көркүн ачып, ары-бери баскан саркеч мырзаларды байкайсыздарбы? Алар подиумда басып, моделдик кесипти аркалашат. Эмесе, бүгүн сиздерге жергебиздеги модель жигиттер тууралуу айтып бермекчибиз.

Ренат Төрөмамбетов: «ТАПТАКЫР ДИЕТА КАРМАБАЙМ»

Кичи мекени – Балыкчы шаары
Жашы – 25те, бойдок
Улуту – кыргыз
Бою – 185 см, салмагы – 75 кг
Хоббиси – сүрөткө тартуу, тасма тартуу
Учурда – модель, актёр, фотограф

– Ренат, моделдик чөйрөгө кандайча баш багып калдың?
– Бул чөйрөгө дос баламдын артынан кокусунан келип калдым. Аралашканыма быйыл 7 жылдын жүзү болот. Модель болуп иштеп баштагандан кийин элге таанылып, ар кандай ири компаниялардан сунуштар түшө баштады. Клиптерге, тасмаларга тартылдым.

– Модель катары чет өлкөгө кетүү оюңда жокпу?
– Малайзиядан жана Европанын бир нече өлкөлөрүнөн сунуштар болгон. Мен өзүмдү башка өлкөдө модель катары көрө албадым. Анын үстүнө ал сунуштар түшкөн маалда мен бул жактагы башка компаниялар менен иштешип жаткан болчумун.

– Бул кесипти аркалоо үчүн кандай талаптарга жооп берүү керек?
– Балдар үчүн да, кыздар үчүн да, эң башкысы, бойдун узундугу. Артисттик чеберчиликти мыкты өздөштүрүү да эң керектүү талаптардын бири. Андан кийин сулуу жүздүн болушу ашыктык кылбайт. Сени көрүп эле сен жарнамалап жаткан буюмду кардар алгысы келиши керек.

– Модель кыздар келбетин сактап дайыма диетада жүрүшөт. Балдарчы?
– Башкаларды билбейм, бирок менин организмим ушундай окшойт, эч кандай диетаны талап кылбайт. Болгону, дене түзүлүшүмдү көзөмөлдөө үчүн машыгуучу залдарга барып турам. Тамак деле тандабайм.

– Подиумдун сүрү болобу?
– Албетте, биринчи чыккандан тарта азыркыга чейин подиумдун сүрүн сезип келем. Анткени ар бир кийим көрсөтүүдө көрүүчүлөрдөн сырткары белгилүү дизайнерлер, мода дүйнөсүнүн сынчылары отурушат.

– Бир көргөзмө үчүн канча суммада акча аласыңар?
– Ар түрдүү болуп калат. Кээде жакшы төлөшөт. Кээде белгилүү эле компаниялар күлкүңдү келтирген сумманы айтышат.

Амаль Бабажанов: «Жигиттер тийишкенде жиним келет»
Жашы – 19да, бойдок
Улуту – уйгур
Бою – 189 см, салмагы – 77 кг
Кичи мекени – Бишкек шаары
Хоббиси – экономикага байланышкан маселелерди изилдөө
Учурда – КЭУнун экономика факультетинде сырттан окуйт. Актёр, модель, «BandSun» тобунун курамында ырдайт.

– Амаль, моделдик сен үчүн кесиппи же хоббиби?
– Биздин өлкөдө хобби катары эле кабыл алуу керек. Чет өлкөлөрдө болсо, жакшы кесиптердин бири. Ал жакта акысы да көбүрөөк. Башка өлкөгө кетип калууга деле мүмкүн болчу. Себеби мага Малайзиядагы агенттиктерден сунуштар келген. Бирок келечекте ырчы болом деген тилегим мени бул жакта алып калды. Анан да модель балдар дегенде эле биздин элде туура эмес ой кетет эмеспи. Ошондой стереотиптен дагы арылгым келди.

– Татынакай жигит эмессиңби, кызтекелер тийишкен учурлар болду беле?
– Азыркыга чейин болуп калат. Биздин Бишкегибизде кызтекелердин ушунча көп санда экенин билген эмесмин. Мурда маани бербей, тийишсе көңүлү калат деп көп катуу айтпай келсем, азыр баарын жай-жайына коюуга аракет кылам. Мен деле кадимки эркек катары кыздарды жактырам, мага деле башка эркектердей эле кыздар жагат.

– Аты жогуңдан нике шакегиңди көрүп турам, үйлөнгөнгө жетиштиң беле?
– Ооба (каткырып). Тамаша, жакында эс алуучу жайлардын биринде оюн ойноп калып, ал жактан мени бир кызга үйлөнтүп, нике шакеги менен нике күбөлүгүн тапшырышкан. Ошондуктан азырынча үйлөнгөн мырзанын ролундамын.

– Аның кызык экен, анда сенин табитиңдеги кыздар кандай?
– Балким, моделдик чөйрөнүн таасири болсо керек, ошондуктан буттары узун, шыңга бойлуу, назик, татынакай кыздар жагат. Ушундай модель кыз менен мамилем деле болгон. Бир жылдай сүйлөшүп жүрүп, эки башка жолго түшкөнбүз.

– Модель жигиттердин күйөрмандары да көп болсо керек...
– Күйөрмандарым бар. Көчөдөн таанып учурашып, сүрөткө түшүүнү суранган учурлар болот. Кээде кыздар мени жактырып карап өтүшсө, балдар жаман көздөрү менен бир тиктеп өтүшөт. Күйөрман кыздардын арасында чектен ашып, ата-энелерин ортого салгандары болгон. Анан да акчалуу кыздар көз кыскан учурлар да кездешет. Бирок мен андайларга азгырылбайм, кайда болбосун материалдык жактан эркек өзү каржылашы керек.

– Сен үчүн модель болуунун жагымдуу жана жагымсыз учурлары...
– Жагымдуусу, албетте, саякаттоо. Жагымсыз жагы болсо, мисалы, сүрөткө тартылуу учурунда ар кандай ыңгайсыз шарттарга, күндүн ысыгына чыдоо же бир көйнөк менен бир сүрөт үчүн суукта калуу сыяктуу учурларды айтат элем. Анан да сын-пикирлердин көптүгү. Мени "красавчик" болгонуң менен, ары жагыңда эч нерсе жок" деп сындашат.

Темирлан Талантбеков: «КОСМЕТИКА КОЛДОНУУГА ТУУРА КЕЛЕТ»
Жашы – 17де, бойдок
Кичи мекени – Бишкек шаары
Улуту – кыргыз
Хоббиси – бокс менен машыгуу
Учурда – КЭУнун информатика бөлүмүнүн студенти. «Z-Fashion» моделдик агенттигинде модель.

– Темирлан, кесип сени тандадыбы же сен кесиптиби?
– Атам кичине кезимде "өзүңдү ар тараптан байкап көр" деп көп айтчу. Ошондуктан ар түрдүү курстарга барып жүрчүмүн. Спорттон бокс менен алектенип, олуттуу жараат алгандан кийин таштоого туура келип калды. Андан кийин апамдын айтуусу боюнча моделдик чөйрөдө да өзүмдү сынап көрүүнү туура көрүп, окуп калдым.

– Моделдик дүйнө сага эмнеси менен жакты?
– Модель болуп иштөө хоббим десем да болчудай. Дайыма өзүңдү карап жүрүү, стилдүү кийинүү, жүрүм-турумуңду көзөмөлдөө сыяктуу көрүнүштөрү менен мен үчүн азырынча жагымдуу. Мода көргөзмөлөрүнө катышуу жагат.

– Элдин алдына биринчи жолу чыкканда сүрдөсөң керек...
– Менде сүрдөө деле болгон жок. Биринчи чыкканда эле тартынбай, элдин жылуу кабыл алуусу мага дем берген.

– А сенин оюң боюнча, чет элдик подиумдарды багынтуу үчүн кандай талаптарга жооп берүү керек?
– Биринчиден, модель болгусу келген жигит өзүнө ишенген, келбети жагынан келишимдүү, моделдик өнөрдүн майда-чүйдө жактарын жакшы өздөштүргөн, жана өз ишине кызыгуусу күчтүү болушу керек.

– Модель болгон соң өзүңдөн кандай өзгөрүүлөрдү байкадың?
– Буга чейин түстөрдүн айкалышына көңүл бурчу эмесмин. Көбүнчө кара өңдөгү кийимдерге басым жасап, кийимдеримдин баары кара түстө болчу. Азыр ачык түстөгү кийимдерди кийгим келет. Өзүмдүн жүрүм-турумумду да көзөмөлдөп калдым. Кээде өзүң көрсөтүп жаткан образга жараша анча-мынча косметиканын жардамынан пайдаланабыз.

– Биздин өлкөнүн подиумдарына чыгып жакшы каражат табууга болобу?
– Болот, албетте.

– А өзүң ошондой каражат таап жатасыңбы?
– Азырынча жетиштүү таба элекмин. Бирок келечек алдыда деп ойлойм.

– Жаш боюнча кандайдыр бир чектөөлөр каралабы?
– Бизде 15 жаштан кабыл алышат. Болжол менен 25-27 жашта белгилүү моделге айланууга жетишишиң керек.

Назгүл Исакова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Биздин подиумдун мырзалары
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
japarova
2012-07-09 10:38:08
молодцы)) бизде да озубуздун атактуу модель мырзаларыбыз барына кубанам!!! ар бир калк, улут бут жеринен жетишиш керек дейм!ошондуктак биздин модель эмес мырзаларыбыз модельдерди катуу сыноого шашылбаныздар))),бу алар оздору эмес профессиясы ушундай))!!!
0
sultan.kg
2012-07-09 15:16:28
Эми менин оюмча моделдик кесип бул убактылуу эле конул ачуу да
0
BNA
2012-07-10 10:26:26
мен ушундайларды ГЕЙлерге окшоштура берем
0
pomposha_88
2012-07-10 15:05:27
татынакай балдар экен, бирок мага Ренат байке жагат )).
0
KGTaLaS
2012-07-10 16:53:08
3 чу чыкан бала тим эле койсо болмок :)))
0
zikonostra
2012-07-11 21:17:38
кыргыз болуп калыпсынардаааааааааа
башка улут болсонор кыздар жазмак
0
Janym91
2012-07-12 08:00:45
татынакай балдар экен мага жакты!
0
№ 505, 6-июль-12-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан