ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (9-июлдан 15-июлга чейин)

 КОЙ (21.03-20.04)
Жаңы идеяны ишке ашыруу үчүн сарптаган акчаңыз акталбай калышы мүмкүн. Андыктан кандай иш баштабаңыз, жети өлчөп, бир кескен оң. Апта башында ишиңизде жетекчилик менен оор сүйлөшүүлөр орун алат. Бирок өзүңүздүн мүмкүнчүлүгүңүздү көрсөтүүгө жетишсеңиз, карьераңызга оң таасирин берет. Жума күнү өз пайдаңыз үчүн жалган айтууга туура келет. Апта соңунда бойдоктор түгөйлүү болуп калышы мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Майда, бирок түйшүктүү иштер көп болот. Ошондой эле чыгымдарга кептелишиңиз мүмкүн. Шаршембиде жеке жашооңузда чоң бурулуш болушу күтүлүүдө. Айрымдар башка жакка көчүшсө, айрымдар иш орунун алмаштыруусу же сүйүү жаатында өзгөрүүлөргө дуушар болушу мүмкүн дешет жылдыздар. Дем алыш күндөрү түйшүктүү иштер артта калып, кыялыңыздагы иш орундалып, кубанасыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада сунушталган ишке киришүүгө ашыкпай, толук таанышып чыккандан кийин гана чечим кабыл алыңыз. Болбосо эч кандай пайда алып келбеген, убактыңызды текке кетирген ишке кептелишиңиз мүмкүн. Шейшембиде алдамчылардын тузагына илинип калуудан сак болуңуз. Жуманын экинчи жарымында такталбаган маалыматка ишенип, жакын адамыңыз менен таарынышып кетүүдөн алыс болуңуз. Мындан сырткары жеке жашооңузга тиешелүү көп нерселердин өзгөрүшү да күтүлүүдө.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Капчыгыңызды кампайтууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бейшембиде пландалган иштин жыйынтыгы көңүлдөгүдөй болсун үчүн шашылыш бүтүрө салбай, аны кийинкиге жылдырганыңыз оң. Жума күнү күтүлбөгөн чыгымга дуушар болуп, үй-бүлөлүк казынага кол салууга туура келет. Апта соңунда кандай иш болсо да шашылбай чечим кабыл алуу керек. Болбосо жыйынтыгына өкүнүп каласыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада акча иштерине так жана сак болуңуз. Алдатып же уурдатып жиберишиңиз мүмкүн. Ошондой эле адамдар менен болгон мамилени бузуп алуудан этият болуңуз. Эмоцияга алдырбай, түшүнүшүүгө аракет кылсаңыз, чоң чырдын алдын алган болосуз. Аптанын экинчи жарымында ден соолугуңузга кам көрүүнү унутпаңыз. Дем алыш күндөрү табият койнунда эс алууга убакыт табыңыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бизнес чөйрөсүндөгү ишкерлер үчүн ийгиликтүү апта. Бир катар макулдашуулар жемиштүү аяктайт. Айрымдардын карьералык баскычында бийикке көтөрүлүшү күтүлүүдө. Эки анжы ойго кептелип чечим кабыл алуу кыйынчылык туудурат. Андыктан бардык ишке өз чегинен ашпай, калыс баа берсеңиз гана бул кыйынчылыкты жеңе аласыз. Көзүңүз жетпеген ишти аткарууга убада бербеңиз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жакындарыңыздын өз маселеси боюнча чечим кабыл алуусуна аралашпаңыз жана кеңеш берүүдөн оолак болуңуз. Себеби жыйынтыгы көңүлгө толбой калса, күнөөлүү сиз болуп каласыз. Шаршембиде ушактын же алдамчылардын курмандыгы болуп калышыңыз мүмкүн. Апта соңуна белгиленген тойду көңүлдөгүдөй өткөрөм десеңиз, аны кийинкиге жылдырууну сунушташат жылдыздар.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Өз көзүңүз менен көрүп-билмейинче такталбаган маалыматка ишенип чечим кабыл алууга ашыкпаңыз. Документ иштерин өзүңүз бүтүрүүгө бел байлаңыз. Жакын адамдарыңызга тапшырсаңыз, катачылык кетирип убара тартасыз. Аптанын экинчи жарымында жумуш боюнча алыс сапарга аттанууңуз күтүлүүдө. Ал эми апта соңу майда чыр менен аякташы мүмкүн.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бул аптага көп иштерди пландабаңыз. Убакытка уттуруп жибересиз. Маанилүү жана бүтүрүүгө көзүңүз жеткен иштерди алдыга коюп, калганын кийинкиге калтырсаңыз жакшы жыйынтык берет. Каржы жаатында абалыңызды чыңдоого жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Ошондой эле жаңы таанышуулар жана иш боюнча сапарларыңыз жемиштүү болушу күтүлүүдө. Көрө албастардын айткан сөзүнө маани берип, териштирүүнүн кереги жок. Убакыт баарын өз ордуна коёт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жеке жашооңуздагы турмуштук жолуңузду аныктай турган чечим кабыл алууга туура келет. Андыктан ар кимдин оюн угуп, ойлорго алдырбай өз алдыңызча чечүүгө кадам таштаңыз. Иш баштоодо кесипкөйлөргө кайрылганыңыз оң. Туура эмес аткарылган иш материалдык чыгымга дуушар кылат. Ашык болуп жүргөн адамына сезимин билдирүүнү каалаган бойдоктор үчүн ыңгайлуу апта. Апта соңунда алыстан сүйүнүчтүү кабар келиши күтүлүүдө.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада ишиңизде активдүү болсоңуз, жетекчиликтин көзүнө илинип, кызматтык орундан көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк артат. Шаршембиде буюмуңузду уурдатып же жоготуп алуудан сак болуңуз. Бейшембиде эски таанышыңыз менен кезигишүү күтүлүүдө. Бул жолугушуу жеке жашооңузга өзгөртүү киргизиши мүмкүн. Дем алыш күндөрү буюм сатып алуу үчүн базар аралайсыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Кыялыңыздагы иштерди иш жүзүнө ашырууга убакыт келди жана мүмкүнчүлүк да түзүлөт. Эч коркпостон чечкиндүү аракеттерди көрүүнү баштаңыз. Иштин көзүн билгендердин кеңешин да уга жүрүү керек. Сүйүү жаатында жаңы таанышуу орун алып, түгөйлүү болуп калышыңыз мүмкүн. Апта соңунда конокко барып, чыгым тартасыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
vicento
2012-07-09 16:39:33
Мен гороскопко ишенбейм
0
Adivai
2012-07-11 18:19:49
не щуга шенишибиз керепи
0
suhrab.kg
2012-07-12 15:38:13
бул бидият мне болорун кудай билет
0
№ 505, 6-июль-12-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан