БАЛЫКТАРДЫ ЖАСАЛМА ЖОЛ МЕНЕН КӨБӨЙТҮҮГӨ МАЖБУРБУЗ

50 жыл мурун эле Ысык-Көлдөгү балыктар көптүгү менен айырмаланчу. Учурда балыктар азайгандан азайып барат. Жыл сайын республикадан, облустан мораторий жарыяланып калды. “Эми кээ бир балыктарды Кызыл китептен гана көрүп калабызбы?” деген күмөн туулат.

АСМАН ЖАНА МАРИНКА
Ысык-Көлдөгү даңазалуу асман жана маринка балыктары жоголуп баратат. Союз маалында атайын өстүрүлчү балыктар азыр жокко эсе. Балыктарды бир жагынан браконьерлер кармашса, экинчиден, форелдерге жем болушкан. Балыктын бул түрлөрүн сактап калууда акыркы 3 жылдан бери БУУнун “Өнүктүрүү” программасынын “Ысык-Көлдүн нукура табигый балыктарын сактап калуу, сырттан келген жырткыч балыктардын санын азайтуу” долбоору иштеп жатат. Анын адистери “биз ихтиолог, эксперттер менен бирге жергиликтүү балыктарды жасалма жол менен көбөйтүп, көлгө коё берип жатабыз” дешкен. Алар кантип жасалма жол менен өстүрүшөт? Бул тема мага кызык көрүнүп, чын-бышыгын билүү үчүн ихтиологдордун ишине күбө болуп келдим. Анда өзүм көрүп келген балыктардын жасалма жол менен көбөйүшү тууралуу айтып берейин, окурман.
Алгач асман жана маринканы балыкчылар көлдөн тор менен кармап келишет. Эки-үч күн атайын балыктардын жемин берип, колго көндүрүшөт. Андан кийин кармалган балыктын икрасын кол менен сыгып алышат экен. Икраларга эркек балыктан сыгылып алынган уругун (сперма) кошуп аралаштырат. Урукту чыпкаланган, бир температурадагы сууга 8 күн багыш керек. Суу ысып же муздап кетсе, кылган эмгек талаага кетти дей бер. 8 күндө урук кичинекей чабакка айланат. Чабактар тооктун бышкан жумурткасынын сарысын гана жешет. Чабактар жумуртка менен толук 1 апта багылгандан кийин балык жемин жей башташат. Асман жана маринканын чабактары өз алдынча жашап, тамак таап жеп, жырткыч балыктардан коргонуп калган маалда көлгө коё берилет. “Мындай чоң түйшүктү талап кылган чабактардын баары эле көлдө жашап кете албайт. Бирок балыктардын тукумун көбөйтүү максатында ушул иштерди жасап жатабыз”,- дейт ихтиолог, “Каракол балыгы” ишканасынын жетекчиси Эсен Аламанов.

– Көлгө коё берилген чабактардын канча пайызы жашап кетет?
– Айтыш кыйын. Анткени суу ичиндеги бардык балык түрлөрүнө чабактар жеңил табылган тамак болуп саналышат.

– Бул ирет канча чабак коё бердиңер?
– Өзүңөр көргөндөй, биз өзүбүз эле бул иштин баарын жасай бербейбиз. Мына, БУУнун “Өнүктүрүү” программасынын кызматкерлери келишти. Баарыңардын көз алдыңарда 65 000 маринканын чабактарын коё бердик. Алардын жашап кетиши эми өздөрүнүн колунда.

– Балыктын икрасын алгандан кийин эне балыктарды эмне кыласыздар?
– Кайра көлгө коё беребиз. Бул балыктар башка балыктардай эмес. Икрасын алгандан кийин жашай беришет.

– Маринка, асман балыгынан башка балыктарды көбөйтүү туурасында ойлор барбы?
– Биз быйыл КРнын Балык чарба департаментинин кайрылуусу боюнча иштеп жатабыз. Алар Ысык-Көлдүн жергиликтүү балыгын эксперимент катары жасалма жол менен көбөйтүп көрөлү дешкен. Ошонун негизинде иштеп келебиз. Ийгиликтер бар.

– Жасалма жол менен көбөйтсө болот турбайбы?
– Болот. Бирок балыктардын урук чачкан жерлерин кайтарсак, алар табигый эле жол менен көбөйсө дагы жакшы болмок. Анткени жасалма жол менен көбөйтүү көп каражатты, көп убакытты, көп ресурстарды талап кылат экен.

СОҢКУ СӨЗ
Ысык-Көлдүн балыктарынын табигый эле көбөйүү мүмкүнчүлүгү бар. Балыктар урук чача турган маалда суу өрдөп жээкке чыгышат. Бул мезгилди балык уулоо менен жан баккандар жакшы билишет. Ошентип, тукум улоо озуйпасын аткарганы бараткан балыктар адамдарга жем болушат. Бир сөз менен айтканда, бир эле браконьер суткасына жок дегенде 10 килограмм балык кармайт. Мындай көрүнүштөн улам жасалма жол менен көбөйгөн балыктарды бир браконьердин торуна түшкөнүн элестетүү кыйын эмес. Андыктан жасалма жол менен көбөйтүүдөн мурда браконьерлерди жакшы кайтарсак, балыктардын тукумун көбөйтө алсак керек.

Таалайбек Илипбаев
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
erke85
2012-07-09 11:23:22
Аракет кылсан берекет болот!
0
Debi
2012-07-09 20:34:23
"Жасалма" жалганган нерсенин баары акыры жакышылыкка алып келбейт. Табияттын жашоосуна гана тоскоолдук кылбай, табиятка этият мамиле кылуу керек.
0
№ 505, 6-июль-12-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан