Испания “ЕВРО-2012нин” финалында Италиянын абийирин айрандай төгүп, чемпиондук наамын коргой алган биринчи команда болуп калды. “Футболду 22 адам ойнойт, бирок аягында немистер жеңип чыгышат” деген кеп актуалдуулугун жоготуп баратат...
БУКМЕКЕРЛЕРГЕ ИШЕНБЕГИЛЕ!
Жарым финалдар жөнүндө кыскача айта кетсек, букмекерлердин ою суу кечпеди. Испания-Португалия пиреней дербисинде учурдагы Европа чемпиондору пенальтилер сериясында бактылуу болуп чыгышса, мелдеште баарынан кооз оюн көргөзүп жаткан италиялыктар Германияны финалга коё беришкен жок. Түркиялык (Озил менен Гюндоган), польшалык (Клозе менен Подольски), тунистик (Хедира), испаниялык (Гомес) жана ганалык (Боатенг) тетиктерден куралган немис машинасы Киевге жете албады. Ошентип, финалдык жолдомону аппениндик эмоционалдуу романтиктер менен пиренейлик прагматиктер илип кетишти.
АЛИНИ ЭСКЕ САЛАТ
Чынын айтканда, Испания финалда жөн гана сейилдегени чыгып, үйүнө кубок менен кайткандай эле оңой жеңишке жетишти. Финалга шуулдап учуп жеткен Скуадра Адзуррага көз тийдиби, айтор, чечүүчү оюнда алар өз оюнун көрсөтө алышпады. Тынып-тынчыбаган испандардын аракети мушкер Мухаммед Алини эске салат. Али атаандашын өзүнө жакын жолотпой, тынымсыз соккуларды жаадырып, чарчатуу менен утуп кетчү.
НАСААТЧЫЛАР НЕ ДЕШЕТ?
“Чемпион болуу кыйын. 2 жолку чемпион болуу андан да оор. 3 жолку чемпион болуу – керемет! Балдар бүгүн улуу ишти жасашты. Азаматтар! Ал эми италиялыктардын жолу болбоду”. (Висенте дель Боске)
“Биз Киевге финалга 2 күн калганда учуп келип, ойдогудай даярданып, жакшы эс ала алган жокпуз. Натыйжада “свежий” болбой, адаттагы оюнубузду көргөзө албадык. Оюндун жүрүшүндө айрым оюнчуларыбыздын жаракатка кабылышы үмүтүбүздү биротоло өчүрдү”.
(Чезаре Пранделли)
ИСПАНИЯНЫН ДООРУ
Ооба, биз азыр Испаниянын доорунда жашап жатабыз. Бир да улуттук курам катары менен 2 “ЕВРОну” ута элек болчу, Испания аны жасады. Бир да мамлекет 3 абройлуу мелдешти катары менен ута элек болчу, Испания аны жасады. Бир да команда “ЕВРОнун” финалында 4 гол айырмачылыгында жеңишке жетише элек болчу, Испания жетишти. Бир да футболчу катары менен 2 “ЕВРОнун” финалында гол киргизе элек болчу, испаниялык Торрес аны жасады. Испания курама командасы жана алардын топту ээлеп туруу чеберчилиги дүйнөлүк футболдо өз ордун табат. Кудум Пеле маалындагы Бразилия менен Йохан Круифф баштаган Голландиядай. Андыктан алардын доорунун ар бир көз ирмеминен рахат алуудан башка айла барбы?..
БАКТЫЛУУЛУК ЖАКТАН АЛЫП КАРАГАНДА...
Испанияда болгондордон таштандыларды тытып жүргөн, көрүнүшүнөн селсаяктарга деле окшобогон адамдарды көп эле көрөрүн айткандарын уккан жайым бар. Статистикага кайрылсак, Испанияда калктын 30 пайызы жумушсуз. Ушул эле абал Италияга да мүнөздүү. Көптөгөн италиялыктар коңшу Германия менен Францияда жумуш издеп тентип жүргөндөрү айтылат. Айтор, “ЕВРО-2012нин” финалына чейин жеткен эки өлкөнүн каржылык абалы жакшы эмес. Чочулабаңыз, экономика же геосаясат жөнүндө айтып башыңызды оорутмакчы эмеспиз. Жөн гана футболдун улуу күчү тууралуу кыстара кетпесек болбос.
Финалга жогоруда аталган 2 команданын чыгышы жөн жерден эместир... Мүмкүн, Улуу Даражалуу Футбол майрам курсагы ток, жыргап жашаган немистердин же башкалардын эмес, а итальян жана испан көчөлөрүндө болушун каалагандыр... “ЕВРОнун” тарыхында каттала элек рекорддор жөнүндө жар салынып жатат. Бирок бактылуулук жактан алып караганда сандар маанилүү эмес. 1-июлда каатчылыкта жашап жаткан улуттардын бири чексиз бактылуулукка чөмүлгөндүгү маанилүү. Футболдун улуу күчү да мына ушунда!
БАРДЫК ЧЕМПИОНДОР
Базарбек Абдураимов
sport@super.kg