Нурбек Савитахунов: «ЖАКЫНДА ЭРОТИКА АРАЛАШКАН ЫРЫМ ЧЫГАТ»

Бул жигиттин кыргыз шоу дүйнөсүнө аралашканына аз гана убакыт болсо да, анын сулуулугуна суктанып, чыгармачылыгына кызыккан күйөрмандары арбын. Анын “Малышка Би”, “Мне нужна любовь”, “Беги за ней” аттуу ырларын клиптери менен кошо көпчүлүк жаштардын чөнтөк телефонунан тапса болот. Айрыкча борбор калааны даңктап ырдаган ыры хит болду. Төмөндө сиздер сүйгөн ырчы Нурбек Савитахуновдун жан дүйнөсүн ачып берүүгө аракеттендик.

НУРБЕК БАЛАКАЙЫНДА
– Бала чакта ата-энем бизди жакшы эле эркелетти десем болот. 1985-жылы 29-декабрда Фрунзе шаарында төрөлгөм. Апамдын жумуштары менен чет жерлерге көп чыгып калдык. Чет жактагы балдар үчүн өзүңдүн велосипедиңдин болгону жана ар кандай конфет, шоколаддардын болуп турганы эркелик деле эмес. Ал эми 90-жылдары биз үчүн бул нерселер башкача сезилчү.
Ал куракты эстегенде ар кандай окуя эсиңе түшөт. Айтор, аябай эле тентек болчумун. Эмнеликтен экенин билбейм, чоңойгондо түнт болуп кеттим.

НУРБЕК ҮЙ-БҮЛӨСҮНДӨ
– Мен, негизи, токтоо адаммын. Бирок мен да кээде тамашалашып, элди күлдүрөм, маскарапоз да болуп кетем. Апам менен да тамашалашып калам.
Иним болсо өз алдынча болуп калган. Ал азыр Лондондо жашайт. Кичинекей балдарды баскетбол оюнуна машыктырат, үйрөтөт. Өзү да университеттин баскетбол командасында ойнойт. Мен жаман ага болсом керек. Камкор да уул эмесмин. Ата-эне баласынан талап кылган нерселердин минимумун да кылбайм.

САХНАДА
– Сахнада өзүм менен гана болом, ачылам. Сырткы дүйнөдөн алыстап, ички дүйнөмө кирип кетем. Жакында бир аз эротика аралашкан ырым чыгат. Ага клип да тартабыз. Ошол ырды эл кандай кабыл алат деп коркуп жатам. Көрдүңөрбү, мен чыгармачылыкта ушинтип ачылып, жан дүйнөмдү арнап коём.

ДОСТУКТА
– Досторум көп эмес. Өзүм түнт адам болгондуктан, жакын досторума да ачылып, берилип, ичимдегини төгө албайм. Бирок бул нерсе башка адамдар менен да такыр сүйлөшпөйт же копол мамиле жасайт дегендикке жатпайт. Бирөөгө ишенип, аны досум деп айтуу үчүн убакыт керек. Менин досум түшүнүктүү, башкаларды да ойлой билген, ак көңүл адам болушу керек.
Мен да төгөрөгү төп келишкен адам эмесмин, көп кемчиликтерим бар. Кээде мени курчап турган чөйрөнү, башка адамдардын сезимдери, каалоолору жөнүндө унутуп калмайым бар. Мунун баарын мен эгоизм деп билем. Ошондуктан менин досум мени бардык кемчиликтерим менен түшүнө билиши керек. Ал менин кээде жинди болорумду, кээде өзүн өтө бийик сезсе, кээде ушунчалык төмөн сезип, өзүн адам катары да санабай калган адам экенимди билген жана керек болгон жерден чуңкурдан сууруп чыккан, керек болгон жерден түшүрүп койгон адам болушу зарыл.

СҮЙҮҮДӨ
– Сүйүүгө ишенбейм. Аны өзүбүз жасап алсак болот. Жаш чагымда сүйүүнүн бар экенине, бир жерде күтүп турганына жана аны табарыма ишенчүмүн. Азыр болсо аны өзүбүз жасаарыбызга ишенем. Эгерде биз жакшы нерсени жаманы менен кошо кабыл алууга даяр болсок, анда сүйүүнү өзүбүз куруп алсак болот. Сүйүүнү күтүп, бар экенине ишенип жүрө берсек, жалгыз калышыбыз мүмкүн.
Алгачкы сүйүүм бала бакчадан эле башталган. Ал кызды аябай сүйүп калып, телевизор көрүп отурган жеринен катуу кучактап алгам. Мектепте деле эсте калган күндөр өттү. Ар бир мамиленин ичинде бактылуу көз ирмемдер бар. Бирок жаңы нерсе баштап жатканда жаңы барактан баштаганды жактырам. Болбосо өзүңө да жагымсыз жана ыңгайсыз. “Мурда башкача болчу, азыр андай эмес” дегендин кереги жок. Өткөн-кеткендин баары азыркы учурга жана келечекке даярдык этаптар. Антсе да экөөбүз сүйлөшүп отурган кезде тобурчак жаап баштаган сыяктуу учурлар, албетте, эсте калат.

КЕЛЕЧЕКТЕ
– Кээде жалгыз абышка болуп каламбы деп да коркуп кетем. Бирок өзүмдү бактылуу болууга зордойм жана ал үчүн күрөшөм. Карып калганда ырдап, тасмага тартылбай, башка иш менен алек болуп калсам керек. Балким, кымыз жасап тоонун башында отуруп каламбы же бал чыгаруу менен алек болуп каламбы, ким билет?

Перизат Музуратбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Нурбек Савитахунов: "Эротика аралашкан ыр жазам"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
japarova
2012-07-09 11:34:30
Нурбек это и есть любовь))),а кто сказал что мы ее не строим,оно так и случается,просто иногда бывают исключения!
MiraHon бул байкебиз айтып кеткендей баары менен дос болуп,баарына ишене албастан менимче бул кыз Нурбектин досу деген ойлор бар.Унутпагыла бул жон гана клип))башка кыз кантип тартылат ким билет,ишене албай кеткен окшойт)))
0
monchok
2012-07-09 14:29:02
«ЖАКЫНДА ЭРОТИКА АРАЛАШКАН ЫРЫМ ЧЫГАТ» Жоон эле журбойсунбу? Башкача жакшынакай эле ыр чыгарда чыгарсан.
0
kyrgyzz
2012-07-10 21:44:43
monchok, tuura aitasyn azyrky kundo janagy jaw kyzdardy kop zorduktap ketip atat owol akmakka karaganda yr4ylar tuz boluw kerek go je airmasy jokpu owolordon?? jok bolso 4ygara bersin 4 taraby kybyla andai yrlardy el aldyna korsotkon TV jana radio stans9lar da akmak bolot... andai yr jayp jana yrdap 4ykkangy u4un joopko tartuu kerek kandai deisiner?
0
tachkomur
2012-07-09 16:46:17
окуп жатып коркосунго
0
Jamal
2012-07-09 17:35:40
оригинал своего рода... статья хорошая.
0
azigrun
2012-07-10 11:44:30
Negedir ushul jigit maga jakpait...
0
azigrun
2012-07-10 11:47:35
oroi korunot...
0
Ananasky
2012-07-10 14:13:34
Ото эле орой чечилип же так суйлобогон жигит окшойт , ырлары кандай бунун уга элекмин .
0
Urankai
2012-07-10 19:10:52
Э, Нурбек гонишь!!!
0
kyrgyzz
2012-07-10 21:48:00
Azyrky zamanda yr4ylar buzulgan baary ele fonogramma menen yrdait kundo ele diskoteka je tunku klubdar kop kyzdardyn ubalyna kalyp atywat ... kop nerseleri tuura emes bularga soz jok kantse da artist da
0
Janym91
2012-07-10 22:38:34
Андан коору нормальный ырдасан болбойбу бир экки ыр жазып алып эми эротика дейсин!
0
ХАНЗАДА
2012-07-11 13:39:46
Мага , тескерисинче маек жакты. Баягыле ырчылардын конумушко айланган, суроо-жоопторуна караганда ан-сезими бийик, озун эркин алып жургон, музыканы башкача баалаган ырчы экени корунуп турат. Ийгилик Нурбек! Красавчик десе, келбетине эле эмес, ырына, талантына, суйлогон созуно карап баа берип отурам!
0
aidai88
2012-07-12 14:41:17
atan kim? Enen kim? Elin kim owogo karap ele iw kylsan! Ero kliptin omuru kyska bolot eger bilsen...
M.Atabekovdun ero klibi kan4a jawady ele.kyrgyz bolgondon kiyin kyrgyz4a ele jawabailyby zamandawtar.evropaga tenelbei ele
0
Perika
2012-07-12 15:04:22
Owol klipterdi buga karwy bolup jatkan komment jazgandar elden birin4i koruwot boluw kerek...
0
Janym91
2012-07-13 14:02:27
Perika, андай нерселерди озун коросун сен озу кыргызсынбы уят эмеспи
0
Schatz
2012-07-14 21:45:03
On mne nravit'sya,original'naya lich'nost'!
0
Rustik90
2012-08-26 01:40:07
Философ же психолог сыяктуу маек куруптурго, жашоого башкача коз караш менен караган жигит. Жакшы, аябай жакшы, ар бир атйкан созунун, ар бирине маани берип, жогорку деңгээлде тушундум, а Жамандап, жакпайт деп жазгандарга айтарым, силер мындай Характерди, мындай психиканы, мындай темпераменттегилерди тушунбойсунор!
0
№ 505, 6-июль-12-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан