Кийинки кездерде чек арачылар арасында дал ушундай окуялар көп учурачу болду. Бардык окуяда “аскерге капысынан ок жаңылды” дешет. Бирок чын эле ошондой болгонун аныктап, тактай турган адамдар аз. Жалгыз уулун мекенине кызмат кылууга жөнөтүп, өлүгүн тосуп алган эненин ыйы жүрөк титиретти.
Каза болгон аскердин апасы Кадиякан Сыдыкова: “АР КИМГЕ БИРДИК САЛДЫРЫП ТУРЧУ” – Жалгыз уулум 8-классты бүтүп, мага жардамдашып базарда иштеп жүрчү. Өзүм 2 баланы атасы жок өстүрдүм. Дастияр аттуу уулум менин карманар адамым эле. Аны альтернативге өткөрүү үчүн Сузакка барсам, Таалай деген жигит “5000 сом берсеңиз, мен бүтүрүп берем” деп калды. Мен ишенип, 3000 сомду эптеп таап, колуна карматтым. Бирок кийин балам шаарда жүрсө, аны Жалал-Абаддын военкоматына алып барып салышыптыр. Эмне кылмак элем? Жамандык оюмда жок, 3-майда баламды узатып кала бердим. Кийин гана билдим, ал жактагылар уулумду бир баланын ордуна жасалма документ менен жөнөтүшкөнүн.
Дастияр Араван районундагы №22-24-Төө-Моюн чек ара заставасына түштү. Көп өтпөй эле “апа, бизди Алайга, Сары-Ташка жөнөтүшкөн. Ал жак суук, бийик экен, алым кетип жатат” деп телефон чалды. Андан да ар кайсы номерлерди айтып, “ушул номерлерге акча салып туруңуз, бирок “акча түштүбү?” деп сурабаңыз” деп калчу. З0-90 сомго чейин 7-8 күндүн арасында бирдик салып турдум. Балам мурда колу кесилип кетип операция болгон эле, колу шишип кеткенине байланыштуу Ошко кайра келди. Кийин деле ар кайсы номерлерге бирдик салдырып жүрдү. Аскерде бири-биринин үстүнөн үстөмдүк болорун билчүмүн, бирок унчуккан жокмун.
“БАЛАМДЫН ӨЛҮГҮН АЛЫП КЕЛИШТИ“
– Күйүп кетем да, биз балдарыбызды мекенин коргосо экен деп жөнөтсөк, алар бири-бирин урдуруп, өлтүрүп, өлүгүн кайтарып берип жатышпайбы! Минтип балдарыбызды өлтүрүп кайтаргыча, армияны жойдуруп эле салышсачы?! У.Оморов, Э.Кудайбердиев дегендерге бирдик салдырып, өзү телефон чалып жүрдү. Төө-Моюн деген Аравандагы аскер бөлүмүнө барып уулумду көрүп келгем. “Мен Жалал-Абадга милиция кызматкери болуп барам, анан Москвадагы аскердик окууга тапшырам” дечү байкушум. Э.К., А.Ж., Н.О., У.О. менен бирге кызмат өтөчү.
Старшина менен да сүйлөшүп, ага баламды Кудайга дайындагандай дайындагам, “жалгыз балам, балама тийбегиле, атайын эли-жерин коргогону жөнөттүм” деп. Ошол боюнча балам бир канча убакыттан кийин чалды. “Контрактта калып иштей бербейсиңби?” десем, балам “апа, көрүп жатам го аларды деле” деп жатканда “ким бул?” деген добуштар чыкты да, балам унчукпай, телефону ошону менен өчүп, байланыш үзүлдү. Өлөрүнө эки күн калганда телефон чалыптыр, алганга жетишпей калдым. Кайра чала албадым. Ойлойм да, балким, жетишип калсам, балам бир нерсе болгонун айтмак беле деп. Ошол боюнча чалбай, 6-декабрда базарда отурсам, Барпыдагы абысыным келип “кызыңыз менен үйгө барыңыздар” дейт. Эч нерседен кабарым жок Барпыга барсам, боз үй, машиналар турат. Бир маалда эле бир абысыным “Кадия, Дастиярдан ажырап калдык” дегенде кулагым тунуп, аалам айланып, апаат болуп кеткендей болду...
“СТАРШИНА АТЫП, КАЧЫП КЕТТИ ДЕШИП...”
– Баламдын өңү бопбоз болуп жатат. Киндик жагына ок тийип, үч жолу тигилиптир. Ок кирип, артынан чыгып кеткен экен. Ошол маалда Оштон келген полковник, Жалал-Абаддын лейтенанттары турушкан. “Старшина сержантты атып коюп качып кетти, табылбай жатат” дешти. Кийин гана айткан сөздөрүн танып кетишти. “Биз айткан жокпуз, бала өзү атынып алды” деп (айтылган версия боюнча, Дастияр чек арачы Алмамбет Жолдошевдин мылтыгын сурап, алыс барып буту менен мылтыктын милтесин басып, өзүн атып салган делет). Кандайча балам Алмамбет Жолдошевдин колундагы мылтыгын сууруп алат экен да, ашканага чуркап барып, бурчка туруп атынып алат? Бул – жомок, мени алдашпасын алар!
Оштогу Бакыт Матраимов деген тергөөчүгө жолуктум. Ал уулумдун документтерин толтуруп отурган экен. Карасам “атынып алды” деп жазылыптыр. 5-декабрда, балам өлгөн күнү мага Азамат Кыдыров деген телефон чалган экен. Кийин байланышсам, “заставанын командиримин” деди. “Мурун чалбай, так балам өлгөн күнү эмнеге чалдың? Эмнени билесиң?” десем, “сиз көп нерседен кечигип калдыңыз, көп нерсе жабылып кетти” деди. Тайсалдап, мурун айткан сөздөрүнө да жооп бере албай койду.
“БИРДЕ АСЫНЫП, БИРДЕ АТЫЛЫП АЛДЫ ДЕШҮҮДӨ”
– Сот болду. Соттун чечиминде балам Алмамбеттин колундагы мылтыгын жулуп алып алыс барып, буту менен мылтыкты басып атынып алды деген жыйынтык чыкты. Ок ичинен өтүп, шыпты тешип кетиптир. Бакыт Матраимовго каттап жүргөндө “кана экспертизанын жыйынтыгы? Мылтык, гильза, кан болгон кийимдери кана?” десем, “экспертизада, Бишкекте” дейт. Бишкектен 4-5 айдан кийин “атынып өлгөн” деген жыйынтык келди. Анан айрым документтерде “асынып өлүп алды” деп жазышып жатат. Мунун кайсынысына ишенесиң?! Козуев деген Оштун прокуроруна кирсем, “өзүңүз түшүнүк кат жазып берген турбайсызбы” дейт. Кагазда “Мен, Кадия Айдарова, балам альтернативада болсо да, аскерге жөнөтүүгө макулмун” деп жазылыптыр. Көрсө, менин атымдан военкоматта иштеген Н.Баева деген жазыптыр. Анан паспортумду алып чыгып, Козуевге “жаңылышасың, мен Кадиякан Сыдыкова болом, билип жүргүн” деп ыргытып жибердим.
Бул жасалма документти алар кайсы максатта жасашкан? Соттун өкүмүн окуп жатканда да “Лейлек районунда өлгөн баланчаев баланча” деп башка бирөөнүкүн окуп салды. Менин баламдын делосуна башка бирөөнүкүн жабыштырып коюшуптур. Бул деген Кыргызстанда мыйзамдын жоктугун көрсөтүп турат. Альтернативага документ жасап берем деп акча алган Таалай Москвага качып кетип, азыр ошол жакта иштеп, үйүнө акча салып жүрөт. Анын агасы балам өлгөндөн кийин 3000 сомду берип жибериптир. 3000 сом эмес, баламдын амандыгы керек болчу мага! “Куралын тарттырып жиберген” деп Алмамбетке 2 жыл берип коюшту. Башында Нуриев деген аскер Дастиярдын уюлдук телефонун дааратканадан целлофанга оролуп турган жеринен таап алыптыр дешкен. Кийин сотто Мусаев деген аскер “дааратканадан мен таап алгам” деп көрсөтмө берди. Ушундай туура эмес фактылар кетип жатат. Айтор, мени чарчайт деп ойлоп жатышат, мен күнөөлүүлөр жазасын алмайынча чарчабайм.
Бул иш боюнча тергөө жүргүзгөн Бакыт Матраимовго байланышсак, “мен башкы прокурордун уруксатысыз эч кандай комментарий бере албайм” деген жооп айтты. Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Канат мырза “соттун өзүнө кайрыл, ал маалымат бербесе, биздин бергенибиз туура эмес болуп калат” деп жолго салды. Окуянын кандай болгонун так билели деп Ош Аскердик гарнизондук соту Эрлан Суеркуловго байланыша албай убара тарттык. Айтор, эч биринен так жооп уга албадык.
Биз кимдир бирөөнү күнөөлөйлү деп жазган жокпуз. Болгону, акыркы кезде уулун аскерге жөнөтүп, “кокустуктан өлдү” делген кагазды колуна кармап кан жуткан ата-энелердин ыйы көбөйүп баратканына күбөбүз. Келерки санда дагы бир аскердин өлүмү, ата-эненин кайгысы тууралуу баяндап, “дегеле биздеги аскердик тартип деген кандай, канткенде бейажал өлүм тапкан аскерлердин саны азаят?” деген темада кеңири кеп козгойбуз.
Гүлжамал Бөрүкулова
koom@super.kg