КЫТАЙ АВТОБУСТАРЫНЫН ӨМҮРҮ 3 АЙЛЫКПЫ?

90-жылдары коомдук унаа десе илгерки сары автобустар эске келер эле. Андан бери сары автобустардын ордун эмнелер гана толуктабады. Бүгүнкү күндө калкты кичи жана Кытайдан алынып келинген автобустар тейлейт. Бирок күн өткөн сайын ошол автобустардын суюлуп баратканын сиздер деле байкасаңыздар керек. Алар кайда жоголууда?

СТАТИСТИКАЛЫК МААЛЫМАТ:

  • Бишкек шаарында күн сайын 250дөй автобус, 85тей троллейбус, 2160тай кичи автобус жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн линияга чыгып, 900 миңге жакын кишини ташыйт.
  • Учурда Ош шаарында 250 миңдей адам жашайт.
  • Жалпысынан 70 автобус, 15 троллейбус, 934 кичи автобус калкты тейлейт.
  • Нарын шаарында 40 миңдей адамды тейлөө үчүн 6 троллейбус кызмат кылат. Алардын 2-3ү күн сайын линияга чыгып турат. Ошондой эле кичи автобустар да жүргүнчүлөрдү ташыйт.
  • Ал эми Жалал-Абад, Талас, Каракол, Баткен шаарларында жүргүнчүлөрдү коомдук унаадан кичи автобустар жана таксилер тейлейт.

“АВТОБУС БИР АЙЛАНЫП КЕЛБЕЙ БУЗУЛУУДА”
2008-жылы Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэри болуп турган учурда Кытайдан автобустар алынып, өкмөт 200 автобусту ар бирин 31 миң доллардан сатып алган. Ал эми калган 200 автобус 42 миң доллардан гранттын эсебинен берилген. Убакыт өткөн сайын бир кезде Бишкекти каптаган автобустардын саны азайып барат. Алардын кайда кеткенин билүү үчүн автобустарды токтотуучу жайга бет алдык.
Алгач Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын биринчи орун басары Туратбек Жумалиевди кыска сөзгө тарттык:
– Туратбек мырза, бир кезде Бишкекте жайнап кеткен Кытайдын түркүн түстүү автобустарынын изи сууп барат. Азыр алар кайда?
– 7-апрель окуясында эле 92 автобус талкаланган. Бирок оңдоо иштеринен кийин алар ишке киришкен болчу. Бир айланып келгиче эле көпчүлүк автобустардын тетиктери талкаланып калууда. Анткени Кытайдан келген автобустарга көбүнчө жаңы конуштардын аймагы бөлүнүп, ал жакта жолдун начардыгынан бузулуп жатат. Бул автобустар тегиз асфальтталган жолго ылайыкталган да. Кээде күйүүчү май жетпей, автобустар ушул жерде кечке туруп калышат.

– 400дөй автобус сатылып алынса, демек, алардын 250сү эле линиядабы?
– Жогоруда белгилегендей, ар кандай себептер менен автобустар токтоочу жайда туруп калышат. Ал эми 60тай автобус аймактарга жиберилген.

“МЭР КӨҢҮЛ БУРБАСА, ЖУМУШТАН КЕТЕБИЗ”
Шаардык транспорт башкармалыгынын автобустар токтоочу жайынан күндүн ысык аптабына карабай автобус эптеп жүрүп кетсе экен деп оңдоп жаткан бир топ айдоочуну жолуктурдук. Алар дароо эле жаныбызга келип, өз көйгөйлөрүн айтып жатышты. Биз барган күнү 150дөй автобус оңдоо иштерине байланыштуу линияга чыкпаптыр. Жүргүнчүлөрдү эртеден кечке ташыган айдоочулардын айтымында, иштебей калган автобустардын саны 200гө жетет.
Айдоочулар мэрге нааразы экенин билдиришип, "Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынан автобустардын базасын өзүнчө бөлүп салышса" дешти. “Автобустарды го сатып алып беришти, бирок алар бат-баттан бузулат. Дөңгөлөктөр жолдорго чыдабай, жарактан тез эле чыгып калат. Андан башка да тетиктер керек. Мэрия жол киреге бааны кымбаттаткандан бери автобустарга жалаң гана жеңилдик алгандар, пенсионерлер, ардагерлер түшүп калышты. Автобус менен кичи автобустун жол акысынын айырмасы 2 гана сом. Көбү маршруттук таксиге түшүп кетишет да, биздин пландалган акча толбой калат.
Бул жерде иштегендердин көпчүлүгү үй-бүлөлүүлөр. Эртеден кечке иштешет. Айдоочулардын алган айлыгы – 3994 сом. Маянабыз 4 айдан бери колубузга тие элек. Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы мэрияга карагандыктан, мэрия тараптан эч ким келип автобустардын абалын билип кеткен жок. Бир жолу айдоочулар чогулуп арызданганда гана вице-мэр Төрөбек Имашов келип, дөңгөлөктөрдү жаңылатып берген. Бирок автобустар Бишкектин жолунан 3 айга жетпей эле талкаланып калат. Анан дагы эми “касса снимать” этмей дегени башталды. Айдоочулардын чөнтөгүнөн ашыкча акча табуу максатында текшеришет. Ошондуктан мэр келип бир аз көңүл бурса, мындай болбойт болчу. Жумуш деле болбой калды. Эми автобустарды “Форумдун” алдына алып барып токтотуп коёбуз, өкмөттөгүлөр өздөрү келип айдап кетишсин!”- дейт айдоочулардын бири Майрамбек Бектуров.

АВТОБУС БҮТҮП, ТРОЛЛЕЙБУСТУН МЕЗГИЛИ КЕЛДИ
Эсиңиздерде болсо, автобустар менен катар 2008-жылы Беларустан 21 троллейбус алынып келинген. Азыркы учурда алардын 20сы иштеп, бирөөсү жол кырсыгынан улам жарактан чыккан. Эми мамлекет дагы 76 троллейбус сатып алууну пландап жатат. “Ушунча троллейбус сатып алуунун кажети барбы, анын ордуна жолдорду, сатылып алынган автобустарды оңдосо болбойбу?” деген суроо менен Бишкектин вице-мэри Төрөбек Имашовго кайрылсак, анын ордуна Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан төмөндөгүдөй жооп берди:
– Автобустарга көп чыгым кетип жатат. Аларга улам май куюп туруш керек. Ал эми троллейбустар үнөмдүү, жабдуусу да чыдамкай, электр энергиясы менен жүрөт.
Азыркы учурда Европалык банк Бишкек шаарына 76 троллейбус сатып алуу үчүн 15,6 миллион доллар бөлгөнү жатат. Анын үчтөн эки бөлүгү насыя түрүндө болсо, калганы грант катары берилет.

Мына, окурман, миңдеген доллар коротуп сатылып алынган автобустардын абалы ушундай. Жүргүнчүлөргө кызмат кылат деген автобустардын жарымы атайын токтотулуучу жайда токтоп турат. Бат-баттан оңдоого туура келген автобустардын айдоочуларынын кебин да уктук. Элибизде “жети өлчөп, бир кес” деген жакшы сөз бар. Андыктан аткаминерлер бир нерсени баштаарда жакшыраак ойлонуп иш кылышса. Антпесе мамлекетибиздин бюджети ар жыл сайын автобус менен троллейбустарды сатып алууга чамасы кайдан жетсин?!

Айдай Асанбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кытай автобустарынын өмүрү 3 айлыкпы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
Meris
2012-07-09 15:08:42
любой товарга азыркы кезде гарантия беришет, мамлекеттик масштабда ошончо суммага, берилбейби?!!! бугун сатып алган нерселерге кепилдик жок болсо анан кайдан мамлекет онолот!!! Бизде негизи контроль деген нерсе барбы!!!. Автобустар, 25-30 минутада аран кийинкиси келет, анан ашып кетсе 20 ылдамдык мн, журор журбос болуп айдашат, анан кайдан киишлертушсун, андан коро кубулушкан маршруткаларга тушсон бат жетесин -
0
Sa9g_90
2012-07-09 15:35:04
элестетип жатам,айлык озу 3994 болсо ошону да 3-4 ай бербей жатышса , биздин окмот АБЖОРА дан да отуп кетиптир го.
0
Baktygulya
2012-07-09 16:11:19
метро курулса болот .ссср убугында планда болгон анда калктын саны миллионго жеткен эмес.Алматыда курулду Географические координаты биздикиндей.
0
coolcool
2012-07-09 16:31:41
Baktygulya, Алматы деген чоң шаар. Бишкекке куруунун кажети жок. Андан көрө жолдорду оңдоп, башкасын жакшыртып алышсынчы
0
axmed88
2012-07-11 01:23:04
Baktygulya, Негизи калктын саны ушул бойдон эле тура бербейт го. Мисалы Чуй проспектиси боюнча 1 линия эле курулса ошол деле канча адамды жер алдына тушурмок.
0
omo93
2012-07-09 18:51:37
биздин окмот питина болуп калган ошондуктан тез тез ревалютця болуп турат
0
Adikalon
2012-07-09 22:31:32
3-4 айдан бери бербесе кантип жашашмак эле. Шабашкалары кудайга шугур эле го водилалардын ошон учун унчукпай иштен кетпей иштеп журушот да. Элестетсенер 3994 сомго ким иштейт эмнеге жетет ал акча.
0
ded
2012-07-10 06:39:14
Эгер жолдор жаман болсо таштан жасалган автобустар да чыдабайт.
0
omo93
2012-07-10 12:08:52
кытай автобусзу таза биздин сары автобустарды шаарга чейин туртуп барганбыз эскилигинен
0
Tareg
2012-07-11 03:35:14
Imashov boordu ezet da ushintip chygymy da az dep, anda emese chynygy chygymy az bolbon at araba ele jurguzup koelu shaarybyzga - suu menen chop ele kerek eken, elektr energiyasynyn da keregi jok!
0
yntymak
2012-07-11 19:36:18
автобустун ордуна тралейбус алса жакшы болмок
0
peach
2012-07-12 10:04:58
Adikalon,ketip jatishat..jakinda ele ketti menin taanishim..
0
eliza_eliza
2012-07-12 16:39:20
Кытайдан алынып келгенде эле тунулдук эле, эми кантээр экен деп? Ойлогондой эле болуп чыкты, ушул автобустарга чыкканда ушунчалык кыйналып кетесин, эч кандай талапка жооп бербейт! Андан коро СССрдин автобустары эн жакшы эле... Бирок....
0
marisamira
2012-07-13 07:56:36
Бишкек столица болгондон кийин жолдорун ондоп койушса болот. Биздин Ошто автобустар ар 5минутада келип турат. Бул мэрдин жетишкендиги Бишкектин мэри деле иштесе болмок .
0
Juma1303
2012-07-13 19:31:30
Ушу кыргызстандын акчасын жарымын кыкелер жешсе жарымы сатып алганга кетип жатат качан озубуздо завод фабрикаларды иштетишет....
0
RossiKG
2012-07-15 12:44:23
нариман тулеев менен бакиев суйлошуп туруп, бул "СЫРТЫ ЖАЛТЫРАК ИЧИ КАЛТЫРАК" автобустарды аябай арзан эле сатып алышкан, элге 1-31мин доллардан алдык деп-миллиондогон ачаны уурдап алышкан,анткени шундай бирок КАЧЕСТВЕННЫЙ атобустар 12мин доларга алса болот экен...уят нариман бывший мэрге...уят...соттош керек!
0
AGAT
2012-07-16 17:14:28
NARYNGRAD, 5 күнгө сайттан четтетилди.
Гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
№ 505, 6-июль-12-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан