Нарын
Жумгал райондук мамлекеттик администрациясында айыл өкмөт башчылары, мекеме жетекчилери жана мектеп директорлорунун башын бириктирген коопсуздук жана укук маселесин ортого салган кеңешме болуп өттү. Анда окуусун таштап, диний билим алуу үчүн Бангладеш өлкөсүнө кетип жаткан окуучулар темасы талкууга алынды. Жыйындын жүрүшүндө 5-6 жыл ал жактан окуп келген жарандар айылдарда үгүт иштерин жүргүзүп жатканы айтылды. Талкуу соңунда мектеп окуучулары аталган өлкөгө кандай шартта, кандай окууга кетип жаткандыгы тууралуу өлкөнүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан маалымат алуу сунушу айтылды. Ошондой эле айыл-айылдарда мектеп окуучуларынын чет өлкөгө чыгып жаткандыгы тууралуу түшүндүрүү ишетерин жүргүзүү тапшырмасы айыл өкмөттөрүнө берилди. Муну менен катар Жумгалдагы А.Молдокеев, Т.Турсунбаева жана М.Алыбаев атындагы мектептердин директорлорун кызмат абалын кароо сунушу да айтылды.
Автандил Добулбеков