Баарыбызга белгилүү болгондой, эне болуп, үйбүлө очогун сактоо – табиятынан назик жаралган аялзатынын негизги милдети. Ошого карабай эркектерге тиешелүү кызматтарды аркалап, алардан кем калышпаган айымдар да кездешет. Буга мисал катары дал ошондой айымдар тууралуу кеп кылалы.
«Кээ бир айдоочулар сөгүп кетишет...»
Мээрим Турдакунова 25 жашта. Баш калаада МАИ кызматкери болуп эмгектенет. Учурда милициянын старшинасы. Аскер кызматкери болуу Мээримдин окуучу кезинде эле көздөгөн максаты эле. Орто билимди алган соң Нарын мамлекеттик университетинин жол кыймылын уюштуруу факультетин бүтүргөн. Бишкек шаарына келип милиция мектебинин төрт айлык курсун аяктагандан кийин шаардык МАИ кызматына кыздар тандалып жаткандыгы тууралуу угуп калат. “Тандоого толтура кыз келди. Мен өтө бактылуу экенмин деп айта алам. Себеби арасынан тандалган он кыздын тизмесине мен да илинип калдым”,- дейт Мээрим.
Ар бир иш күнүн чыдамсыздык менен күткөн милициянын старшинасы өз кесибин өзгөчө жакшы көрөрүн баса белгиледи. Иш күн таңкы саат 6да башталып, кечки саат 19да аяктайт. Мээрим күн сайын ар түрдүү окуялар менен коштолгон жумушу өтө кызыктуу экенин ушунчалык жылуу сезим менен айтты. “Шаарыбызда жол эрежелерин бузгандар көп. Кыштын кычыраган суугуна, жайдын мээни кайнаткан ысыгына карабай айдоочуларга жол эрежесин сактоого багыт берүүгө аракеттенем. Албетте, айдоочулардын ар биринин мүнөзү ар башка. Бири өз күнөөсүн моюнуна алса, экинчиси ар кайсыны айтып мээни чагып, 2 саат жалдырап жанымда турат. Бирок көпчүлүгү сылык келишет. Ал эми кээ бир уятсыз жарандарыбыз жол эрежесин бузган күндө да машинасынын сигналын басып, МАИ кызматкерлерине болгон негативдүү мамилесин көрсөтүшөт. Терезесин ачып алып жаман сөздөр менен сөгүп кеткендер да болот. Андайлардын деңгээлине түшпөөгө аракет кылам. Ал эми кээ бир айдоочулар эрежени бузгандан кийин кайра комплимент айтып тийишишет. Андайларды тез эле өз ордуна коюп коём”,- дейт каарманыбыз.
Мээрим учурда турмуш кура элек. «Үйбүлөлүү болгондо бул ишиңизди уланта аласызбы?» - деп сураганда: “Аны убакыт көрсөтсө керек. Бирок болочоктогу жолдошум мени гана эмес, ишимди да сүйүүсүн каалайм”,- деп жооп берди.
«Тажик жигиттерди бир жума шаар аралаткам»
Татьяна 33 жашта. Бишкек шаарындагы такси кызматынын биринде айдоочу болуп иштейт. Бул кесипти аркалаганына аз гана убакыт болду.
Буга чейин 10 жыл бою тигүүчү болуп иштеп, бир орунда отуруп иштей берүүдөн тажап кеткенин айтты. “Артта калган өмүрүмө көз чаптырып, күлгүн чагымдын жана убакыттын өтүп кеткенин эми гана байкадым. Жашоомду өзгөртүү максатында жаңы ишке орношууну туура көрдүм. Буга чейин айдоочулук күбөлүгүм бар эле. Гезиттерден такси кызматкери керек экенин окуп, барсам «аракет кылып көр» деп айтышты. Кесиптештерим эркектер болгондуктан, мага колунан келген жардамдарын беришет. Азыр ишиме көнүп калдым”,- дейт Татьяна. Каарманыбыз ар күнү ойго келбеген окуяларга туш болот. “Мен дайыма эле кардарлар менен сылык сүйлөшүүгө аракет жасайм. Бир күнү эки мырзаны айткан жерине алып жөнөдүм. Алар Тажикстандан конокко келишкен экен. Менин айым экенимди көрүп таң калышты. Ал тургай жеткенде: “Сиздей сулуу айымдын коштоосунда жетип келгенибизге кубанычтабыз”,- деп тийишип да коюшту. Мен болсом «убактым аз» деп жөнөп кеттим. Кийинки күнү кимдир бирөөлөр иштеген жериме телефон чалышып, шаар ичине жеткирүү үчүн менин кызматымды сурашкандыгын айтышты. Барсам, баягы эки тажик жигиттин бирөөсү колуна гүл кармап күтүп туруптур. Анан мага сүйүүсүн билдирип кирсе болобу?! Эмне кыларымды билбей жөн гана тамаша сөздөр менен жооп берип кутулуп кеттим. Ошентип, бир жума бою ал тажиктер мени шаар ичин көрсөтүү үчүн чакырып жүрүштү. Эс алуусу аяктадыбы, айтор, акыры алар кеткенде жаным жай алды”.
Бүгүнкү күндө Татьяна 3 жаштан ашкан Екатерина аттуу кызы менен жашайт. Түнкү кезекке туруу коркунучтуу болгондуктан, иш убактысы күндүзгүгө гана түзүлгөн. Кечинде кызынын жанында болуп, аны кучактап жытын искегенде “жашоодо менден башка бактылуу адам жок” дейт.
«Акча үчүн эмес, ырахат алыш үчүн иштейм»
Нуризат Жумалиева 27 жашта. Бишкектеги белгилүү мейманканалардын биринде коопсуздук кызматында иштегенине 7 жылдын жүзү болду. Нуризат үйбүлөсүндө 3 эркек баланын арасында чоңойгон. “Ошол себептен эркектикиндей мүнөз күтүп калсам керек”, - дейт ал. Мектепте окуп жүргөн кезден тартып жеңил атлетиканы терең өздөштүрүп, дзю-до менен машыккан. “Жанымдагы балдар мени эч качан кыз катары эсептешчү эмес. Дайыма эле ар кандай “разборкаларга” катышып мушташып эле жүрчүмүн”, - дейт биздин каарман.
Мейманкана ишин уюштуруу курсун бүтүргөн соң жумушка орношуу үчүн шаардагы мейманканалардын бирине барат. Тилекке каршы, ал жерде бош орун жок болуп чыгат. Бирок ошол эле жерге коопсуздук кызматына кадр керектигин угат. Өз күчүнө ишенген Нуризат кабыл алуучуларга эркектерден кем эмес жөндөмү бар экенин далилдеп, жумушка орношот.
Эркектер менен аралашып иштеген Нуризат жумушун оор деп эсептебейт. Анын негизги милдети – мейманканада иштеген кызматкерлердин сумкаларын кирип-чыгып жаткан учурларында текшерип, тартипти көзөмөлдөө. “Кызматкерлер ар кандай болушат. Бирөөсү сүлгүнү, экинчиси кашык же чыны сыяктууларды деле уурдап алышы мүмкүн. Кээде айрымдарынын уурулук ишин кармап алсам ыйлакташып, “чоңдорго жеткирбе” деп жалдырай башташат. Андыктан мындай жолго барбоо үчүн аларды дайыма текшерип турабыз. Мен ишимди аябай жакшы көрөм жана сыймыктанам. Колуман келишинче чынчыл болууга, ишимди так аткарууга умтулам”, - дейт өзүнүн иши тууралуу Нуризат.
Нуризат жумушта эркекче кийинип, мырзалар менен бирге иштеген кызматкер болсо, үйбүлөдө сүйүктүү жар, мээримдүү эне. “Жолдошум банк кызматкери. Тапканы, кудайга шүгүр, баарына эле жетет. «Ишиңди ташта, үйдө эле отур» дейт. Мен ишимди өзгөчө сүйөм. Ал жерде акча табуу үчүн эмес, ишимден ырахат алыш үчүн эмгектенем”. Ушинтип айткан каарманыбыз учурда декреттик эс алууга кетүүгө камынып жүрөт. Болочок экинчи наристесин күтүп жаткан эне: “Аман-эсен көз жарып алсам, көпкө эс албастан, тезирээк эле жумушума чыгам”,- деп кошумчалайт. Ал эми анын жолдошу сүйгөн жарынын каалоосун четке какпай, ага дайыма түшүнүү менен мамиле кылат. Кандай болгон күндө да Нуризат ишин да, үйбүлөсүн да чогуу алып кете алган күчтүү, сүрдүү, ошол эле учурда назик, жайдары, шайыр, акылдуу айым. Анын бул сапаттарын 6 жылдан бери үйбүлөлүк очокту өчүрбөй жандырып келе жатканы далилдеп турса керек.
Бактыгүл Сокушова
e-mail: koom@super.kg