Чүй
Бойго жете элек 15 жаштагы М.Тны төрт бала зордуктап салганын кыздын атасы И.Токбаев билдирди. Анын айтымында, окуя 23-июнда Сокулук районунун Орок айылында болгон. Төрт жигит кызды күч колдонуп, сабап, зордукташкан. Муну 5 күндөн кийин уккан кыздын атасы Ленин РИИБне кайрылган. Ошентип, кылмышка шектүү төрт адамды ошол күнү эле кармашкан. Бирок...
“Ошол эле күнү опертопту жетектеген Ашыр Жуманов менин кызымды "сен эмне төртөөнү тең көрсөтөсүң, бирөөнү эле көрсөтпөйсүңбү?!" деп коркутту. Ал эмес, мага дагы “бир үйдөн төрт бир тууган бир кызга бармак беле, мен буга ишенбейм. 5 күн өтүп кетти, сиз эмнени далилдемек элеңиз? Колуңуздан эч нерсе келбейт" деп айтты”,- дейт кыздын атасы. 30-июнда болуп өткөн сот отурумунан кийин кыздын атасы: "Бир тоокту уурдаган ууруну 5-6 жылга кесишет, ал эми менин кызымды зордуктаган 4 зөөкүрдүн бирөөсүн үй камагына бошотуп, калганын 15 суткага гана камашты",- деп капаланды.