ИНТЕРНЕТТЕГИ ЖЫЛАҢАЧ ЖЫЛДЫЗДАР

Атактуулук ушундай экен да, көпчүлүктүн көңүл борборунда болуп, кол жеткис жылдызга айланасың. Бирде асманга учуп чыксаң, бирде так ошол асмандан талп деп кара жерге кулайсың. Урунасың, ушак сөздөр ээрчийт, жогорулайсың, мурдуңдун учунан аркы алыстыкты көрбөй каласың, "жылдыз илдетине" кабылып, манчыркап көздү май басат. Айтор, атактуулук деле ат көтөргүс оор жүк. Буга мисал, дүйнө жылдыздарынын сахнадагы кылыктары аз келгенсип, жеке жашоосундагы жосунсуз жоруктары көпчүлүктүн кызыгуусун арттырат. Анан элдин оозу ачылат, ал тууралуу кеңири талкуулап башташат, керек болсо сөз менен талкалап тынышат.

«МЕ, КӨРГҮЛӨ, ЖАНЫҢАР ТЫНСЫН!»
Башка өлкөлөрдө атактуунун артынан калбай аңдып, колуна фотоаппаратын көтөрүп алган папараццичилер арбын. Албетте, бизде мындай көрүнүш жокко эсе. Мындайча айтканда, дүйнөлүк бир жылдыздын бетин жер каратыш үчүн папараццичилер күндөп-түндөп иштешет. Азыр жаңы технологиянын өнүккөн заманында белгилүү адамдардын сүрөтүн чаптап, өзүнчө бир дүң дей турган жаңылык жасоо баарынын эле колунан келет. Ушул көрүнүштөн тажаганбы, айтор, балерина Анастасия Волочкова былтыркы жылдын январь айында интернетке энеден туума жылаңач сүрөтүн чыгарып, «ме, көргүлө, жаныңар тынсын!» деп элдин баарынын оозун ачырган. Коомчулук тарабынан балеринага карата ар кандай сын-пикирлер айтылып, «канчага сатты экен сүрөтүн?», «Анастасияга эч ким көңүл бурбай койсо, аргасыздан жылаңач чечинди», «аны театрдан айдаш керек» деген миң түрдүү сөздөр жааган.
Балерина: «Мен муну эч ким көрө албай турган кичинекей аралда жасай алдым. Турсийчен же жылаңач сууда сүзүүгө мүмкүн болгон жерде. Бир убакта апам чөптө жашынып жаткан эркекти көрүп, фотоаппаратындагы сүрөттөрдү өчүртүп кирди. Таң калдым. Анан ага кайрылдым, «тартасыңбы, купальнигимди чечип же оозумду ачып турганда тартпай, мындай тарт. Ошондой эле «көкүрөгү жасалма» дегендердин да жаагы жабылсын, силердин да жаныңар тынсын деп түштүм да, өзүмдүн блогума жүктөп салдым. Элдин баары сүрөтүмдү жан талашып интернетке жүктөштү. Бул үчүн мени эч ким театрдан айдай албайт. Анткени мен сахнада жылаңач чечинип, этиканы бузган жокмун. Бул менин жеке жашоом, мындан соң элдин мага болгон ою бузулабы, жокпу, мага кызыгы жок. Силерге жакпадыбы, көрбөй койгула»,- деген жообун айткан соң гана тынчып калышкан.

ПОРНОЧЫР ӨЗБЕКСТАНДА МОДАБЫ?
Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен жылаңач жылдыз чыры Өзбекстанда модага айлангандай. Бирок мында Волочковадай сүрөт эмес, видео.
Өзбек ырчысы Шахзоданын атагы таш жарып чыга баштаган убакта интернетке «Шахзоданын төшөк кумары» деген ат менен видеоролик пайда болот. Бул видео Шахзода үчүн катуу сокку болгон. Саясаты катуу өзбек эли Шахзоданы ырдатмак тургай, телеканалдан ырлары кетпей катуу чырга кабылган. Куугунтуктоого аз калганда «ал мен эмесмин, видеомонтаж» деп ырчы атасы экөө бул чырдан чыгышкан. Шахзодадан кийин эле дагы бир Севинч деген ырчынын негр менен болгон видеосу пайда болуп, анын чыры «көрө албастардын монтажы» делинип, басты-басты болот. Озода Нурсаидова деген ырчысын «бир байдын тоюнда мас болуп, жылаңач ырдады» деп куугунтуктап, кайра далилдеди көрүнөт, өз элине кайтып келип топурагын жыттап ыйлап, сахнага кайра чыккан. Айтор, өзбек элинде порножылдыз видеосу көп. «Супер келинчек» аттуу тасма чыгып, элдин баары дүң болгондо, кайра эле ошол тасмадагы актриса Диана менен режиссёрдун өздүк төшөк видеосу таркап кетет.
Кинонун режиссёру Бахром Якубов: «Алматыдан келип эле шок болуп отуруп калдым. Албетте, видеодогу мен эмес, Диана да эмес. Мен ал видеону көрбөгөм, бирок айтышты, каармандары бизге окшош экен деп. Дагы да айтам, биз эмеспиз. Бул кимге керек болду? Биз мындай баткакка аралашпайбыз. Биздин эл ишенчээк, ушактарга ишенишет. Бийликтегилер деле мага ишенишет болуш керек. Анткени мага ал видеонун тиешеси жок, жоопкерчиликти албайм дагы. Бирок түшүнгүлөчү, ал видеодо менминби же башкабы, баары бир ал менин жеке жашоом. Мен ошол видео тууралуу бир гана үй-бүлөмө жооп беришим мүмкүн. А көрөрмандарга тарткан фильмдерим тууралуу жоопкермин»,- деген.
Атактуулар арасында жогорудагыдай мисалдар миңдеп саналат. Алар деле адам, жеке жашоосунда түрдүү кызыктар болушу мүмкүн. Бирок абайлабаса, интернетке жайылды дегиче бүт дүйнө көрдү, билди дей берсе болот. Уяттуу, чырлуу сүрөт, видеону кээ бир жылдыздар атайылап өздөрү жайылтып жиберсе, кээ бирлери көрө албастардын курмандыгы болуп калышат. Ал эми айрымдарынын көмүскөдөгү жашоосу кокустуктан чыгып кетип, анан актанууга туура келет. Тилекке каршы, өтө өкүнүчтүүсү, биздин өлкөдө да мындай көрүнүштөр жок эмес...

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
rahilka
2012-07-09 15:30:33
жок емес бар болсо бажырайтып жазып чыкпайсынарбы
0
mikasik
2012-07-10 10:18:02
ага,биздин шоу бизнесте да бироо бар((((
0
gulshan82
2012-07-10 14:50:36
mikasik, ал ким экен .
0
kumarbeka
2012-07-12 12:04:01
диана менен бахром якубовдун видеоролигин кайсы сайттан, коро алам? достор жооб кутом
0
samat-91
2012-07-13 19:54:29
kumarbeka, менин почтама кир досум boss.ibraimov@inbox.ru
0
Nurbek555
2012-07-16 04:15:19
salam kantyp koro alabus?
0
samirchik
2012-07-13 17:17:37
Шахзодага тийишпегилечи!!!
0
Nazka7
2012-07-14 01:03:06
"Ар бир атактуунун артынан ар кыл кеп эрчийт"- дегендей мумкун алардын комментарийлери да чындыкка жататтыр ,"шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт"-
дейт элибизде......
0
Knt
2012-07-14 21:09:30
hehe jakynda ele mou media portalga bizdin bir taanymal ele kyzdyn videosu 4ygyp ketti go))
0
samat-91
2012-07-14 21:43:28
Knt, кайсы кыз?видеонунн ссылкасын берчи?
0
Knt
2012-07-15 13:46:27
samat-91, any o4urup salgan okwoit,kiyin 4ykpai kaldy
0
samat-91
2012-07-15 19:37:10
Knt, ал кыз ким болчу?
0
№ 505, 6-июль-12-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан