Редакциябызга кимдер гана кайрылбайт, зордук көргөн кыз-келиндер, баласын жоготкон ата-энелер, акыйкаттык издегендер, бийликке ызырынгандар же жөн эле таанышкысы келгендер... Бул сапар да окурмандарыбыздын бири, борбордогу мектепте иштеген мугалим өз арыз-арманы менен кайрылып калды.
«АЙЛЫГЫБЫЗ БАРГАН САЙЫН АЗАЙЫП БАРАТ»
Бизге телефон чалган мугалим Бишкек шаарындагы орто мектептердин биринде сабак берерин, акыркы учурда айлыгынын эсебинен себепсиз эле 200-300 сомдон кармалып жаткандыгын айтып баштады:
– Мугалимдердин маянасын жогорулатышы жогорулатып беришкен болчу. Эми минтип үч-төрт айдан бери айлыгыбызды толук ала албай жатабыз. «Эмнеге?» деп сурасаң, «жогору жактан ушинтип келип жатат» деп ийин куушурушат. Кыйраткан деле акча албасак, анан ак эмгегибиз менен тапканыбызды толук бербей жатышса, жаның кашаят экен!
– Балким, мындай көрүнүш бир эле сиз иштеген мектепте болуп жаткандыр?
– Жок. Шаардын башка мектептеринде тааныш кесиптештерим бар. Алар деле ошентип жатышат.
Силер журналист эмессиңерби, жогору жактагылардан сурап бергилечи. Эмне, биздин айлыкты кайра кыскартып салыштыбы же ортодон эле бирөө жеп жатабы? Өзүбүз эле кимдир бирөөгө арызданайын дейбиз, бирок жумуштан айдап жиберет. Араң таап жаткан наныбыздан айрылуудан коркобуз,- деп күйүп-быша сүйлөгөн мугалим ысымын, иштеген мектебин жашыруун калтырууну өтүндү.
«КАЛГАНЫН СУРАСАҢ, БАЛЭЭГЕ КАЛДЫҢ»
200-300 сом кимдир бирөөгө аздыр, бирок миңдеген мугалимдердикин кошо келсең, чоң акча чыга келет эмеспи... Андыктан дароо эле казып-иликтөөгө кириштик. Адегенде Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарындагы кабарчыларыбыз аркылуу аталган аймактагы мугалимдерге «айлыгыңызды толук эле алып жатасызбы?» деген суроолор менен кайрылып баштадык. Жооп берген агай-эжейлердин жарымынан көбү «үч-төрт айдан бери айлыгыбызды 200-300 сомго азыраак алып жатабыз» деген сөздү кайталап жатышты. Биринчи чалган мугалимдин сөзүнөн кийин шектенүүбүз чындыкка коошо баштады. «Демек, республика боюнча системдүү түрдө мугалимдерге айлыкты толугу менен бербей жатышабы?» деген суроо пайда болду.
Атүгүл Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу мектептердин биринде бир мугалим менен директор дал ушул айлыктын толук берилбей жаткандыгына байланыштуу соттошуп жатканын уктук.
Ал эми Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын агай-эжейлери маянасынан 500 сомго чейин эч кандай себеби жок кармаларын айтып, бирок ар бирине банк эсеби ачылып калгандан бери толук алып калышканын айтышкан. «Акчабызды эмне үчүн толук бербей жатасыңар?» деп айтуудан чочулайбыз, анда эле балээге калдың» деп жооп беришкен караколдук мугалимдер.
«ЖОГОРУЛАДЫБЫ, АЛ КАЙРА АЗАЙБАЙТ»
Аймактардагы абал менен таанышкан соң Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматына кайрылдык. Алар мугалимдердин маянасынын маселеси менен аталган министрлик алектенбей тургандыгын, бирок Бишкек шаарында иштеген агай-эжейлер үчүн Бишкектин мэриясы, ал эми калгандары боюнча жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жооп берерин билдирди.
Андан ары Каржы министрлигинин басма сөз кызматына жөнүбүздү түшүндүрсөк: «Жок, айлык жогорулагандан кийин, ал кайра азайбайт. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары «айлыкка баланча сом керек» деген кагазын жөнөтүп, кийин ошол сумма республикалык бюджеттен берилет. Которулган акча жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан мектептердин ортосунда бөлүштүрүлөт. Силер айткан маселе бул – ошол жер-жерлердин өзүндө орун алып жаткан окуялар болсо керек»,- деп жооп берди.
«ТАЛАП КЫЛУУНУ ҮЙРӨНҮҮ КЕРЕК»
Каржы министрлигинин Бюджеттер аралык мамиле башкармалыгынын башчысы Зоотбек Кыдыралиевди кыска кепке тарттык:
– Мугалимдер айлыгынан акча кармап башташканын, ага жогору жак айыптуу экенин айтышууда. Чындап эле ушундайбы?
– Бизде акча бөлүп берүү автоматташтырылган. Сиз айтып жаткан маалымат айыл өкмөтү менен мектептин ортосундагы же мектеп директорлорунун иши болсо керек. Директорлордун арасында 20 жылдан бери иштеп келе жаткандары бар. Он жылдан ашуун бир жерде иштеген адам «баарын мен чечем, баарын мен билем» деп калат эмеспи. Бул көрүнүш системдүү түрдө эмес.
– Анда мындай жорукка кабылып жаткан мугалимдер кандай кадамга бара алат?
– Мугалим – билим берген адам. Анонимдүүлүккө жамынбай, бизге деле жазышсын. Кайсы мектепте болуп жатканын билбей туруп, кантип чара көрөбүз? Эгерде кайрылышса, мындан жыйынтык чыгарууга даярбыз.
– Мугалимдерге банкта эсеп ачылып, ошого айлык жөнөтүлө баштаптыр. Бул иш-чара кандай жолго коюлган?
– Азырынча шаардык мугалимдерге гана банктык эсеп ачылды. Айылдарда банкоматтар жоктугуна байланыштуу кичине кармалууда. Бирок эки жылдын ичинде өлкөдөгү бардык мугалимдер банк аркылуу айлыгын алып калышат. Муну менен ортодон акчасын алып коймой көрүнүштөр да жок болмок.
– Мугалимдердин эң көп жана эң аз айлыгы канча?
– Бул өткөргөн сабагынын сааты, кошумча иштери жана педагогикалык тажрыйбасынан көз каранды. Жакында анализ жасап көрүп, 25-30 жыл иштеген мектептин директорлору шаарда же айылда экенине карабай, 20 миң сомдун тегерегинде маяна алышары аныкталган. Мугалимдерге келсек, жумушка жаңы орношсо да 6,5-8 миң сомго чукул айлык алуу менен ишин башташат.
Урматтуу мугалимдер, Каржы министрлигинин комментарийинен кийин бул жогору жактын жоругу эместигин билдик. Андыктан эгерде маянаңыздан себепсиз акча кармап калышса, укук коргоо органдарына кайрылыңыз. Бул макаладан улам өкмөт деле кол куушуруп отуруп калбастыр, агай-эжейлердин ак эмгегинин акысын толугу менен жеткирүүгө чара көрүшөр демекчибиз...
Маалымат үчүн:
Эльвира Караева
koom@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
БАЛАҢЫЗДЫН МУГАЛИМ БОЛУШУН КААЛАЙСЫЗБЫ?
ДАСТАН БЕКЕШЕВ, ЖКНЫН ДЕПУТАТЫ:
– Учурда балам жок. Эгерде учуру келип балам «мугалимдик кесипти тандайм» деп калса, мен каршы болмок эмесмин. Өзү каалап ушул кесиптин артынан түшөм десе, мен эмнеге жок дешим керек? Баланы зордоп башка кесипке көндүрүү бул – ата-эненин катачылыгы.
АЙТБҮБҮ АБДИЕВА, МУГАЛИМ:
– Эгер мурда болсо, баламдын мугалим болушун кааламак эмесмин. Азыр, Кудайга шүгүр, айлыктарды көтөрүп, мектептерге көңүл бурулуп жатат. Ар бир кесип ардактуу демекчи, мен өзүм мугалим болгондуктан, уул-кызым менин жолумду улантам десе макулмун.
ТААЛАЙБЕК ИШЕНАЛИЕВ, ЖЕКЕ ИШКЕР:
– Каалабайм. Азыркы заманда мугалимдик жумуш жарытпайт. Ошондуктан жыл өткөн сайын мугалим болгусу келген жаштар азайып жатат да. Дегеле биздин урук-тукумубузда мугалим болгон эмес. Балдарымдын жашоосуна жетиштүү каражат таба алгыдай иште иштегени жакшы.
ТОКТОБЕК АСАНАЛИЕВ, ЫРЧЫ:
– Баланы карап көрүш керек, мугалимдикке идиреги болсо, эч качан тоскоол болбош керек. Мугалимдик кесип – кесиптердин ичинен эң ардактуусу. Айлыгы аз деп эле кача бербей, кошумча бир бизнес менен алектенсе деле үй-бүлөнү бакса болот да.
МАЙРАМ БЕЛЕКБАЕВА, СООДАГЕР:
– Жок, каалабайм. Учурда мугалимге болгон сый-урмат калбады. Окуучулар тоготпойт, айткан акылды уккусу келбейт. Керек болсо агайына өчөшүп калып, кек сактап, кийин токмоктоп коюп жатпайбы. Айтарым, мугалимдерге жетиштүү деңгээлде кам көрбөсө болбой калды.
АЛМАЗ НУРБАЕВ, ИИМДИН ОТСТАВКАДАГЫ ПОЛКОВНИГИ:
– Каалайм. Менин атам өмүр бою мугалим болуп иштеген. Бизге тарбиясын берип, акыл-насаатын айтып чоңойтту. Мугалим десе дароо айлыгы аз дейбиз, эмне, башка кесипте иштегендердин айлыгы төгүлүп-чачылып жатат бекен?
АБДРАХМАН АБАКИРОВ, УСТА:
– Эгер балам кааласа, биз, ата-энеси, макулбуз да. Айлыкты бетке кармап, баарын эле акчага байлай бербешибиз керек. Ден соолук болуп, тынччылык болуп турса, кесиптин жаманы жок.
Автандил Добулбеков
koom@super.kg