Бойго жеткен кызды көргөндө “качан турмушка чыгасың?” деген суроону узатуу элибизде адатка айланып калгандай. Дегеним, ырчы Айнура Салахидиновага да бул суроо далай узатылып келгени анык. Айнура “жакында, күзүндө, жайында, буюрса...” деген жоопторду берүүдөн тажаган эмес эле. Көрсө, ырчы маңдайына жазылган ушул күндү күтүп жүргөн экен, Жалал-Абаддын Жерге-Тал айылына келин болду.
– Кандайсың, Айнура? Турмуш жолуң байсалдуу болсун! Турмушка чыккан кандай экен?
– Рахмат. Жашоо өзүнчө эле бир башкача болуп жатат. Алгачкы күндөрү көнө албай ыйлаган учурларым да болгону менен, акырындап баары жайына түшүп келатат.
– Турмуш сен элестеткендей эле бекен?
– Жок, алда канча жоопкерчиликтүүрөөк экен. Эртең менен эзели саат он-он бир болмоюнча турбаган жаным азыр саат алтыдан баштап тикемден тик туруп калдым. Тигил жакта өзүмдүн апам да менин уйкучулугумду ойлоп кабатыр болуп жатат. Өткөндө телефон чалып, “кызым, элге уят болот, келин болгондон кийин чыдаш керек. Эртең менен эрте тур, үйдөгүдөй болуп көп уктаба” дейт. Турарым менен эле короону шыпырып чыгам да, калган жумуштарга киришем. Бүгүн биринчи жолу апам тандырга нан жапканды үйрөтүп, нан жаптым. Күн сайын түрдүү тамактарды жасаганга аракет кылам. Азырынча тамактарымдын баарын эле мактап жатышат.
– Кайындарың сени кандай кабыл алышты?
– Аябай жакшы кабыл алышты. Кайненем дагы ушунчалык жакшы киши экен. Мага өз кызындай мамиле кылып, мени аяп, коргоп эле отурат. Түштө “жатып эс ал” деп да кыйнайт. Бирок жаңы келиндин “эс алат элем” деп түштө жатып алганы туура эмес болуп калат го. Санжар бир жакка кетип жатса, “сен да барып кел, артынан ээрчип ал” деп күлдүрүп калат. Баса, башында апамдын алдында аябай эле уят болуп жүрдүм. Ысымы менин жакын курбумдун атына окшош экен да. Курбумду айтып жатып улам эле атын атап алам. Баары күлүп калышат. Анан апам “курбуңа башка ат коюп ал” деп калды. Макул болуп, ага Жайдары деген ат койдум.
– Өзүнүн аты ким эле?
– (Күлүп) Айта албайм да. Жайдарынын синоними.
– Шайырбы?
– Ооба, ооба. Бул ысым боюнча улуу абысыным да өзүнүн башынан өткөнүн айтып берди. “Актриса Касымалиева эженин атын айтып коём деп жаңы келген кезде күйөөмдөн жаакка бирди жеп, анан айтпай калгам” дейт.
– Кайындарың ысым тергөө жаатында тартипке катуу окшойт...
– Ошондой го. Бизде жаңы келген келин бешиктеги баланы да атынан атабайт экен, анан да сиз деп сүйлөш керек.
– Жолдошуңа да сиз деп кайрыласыңбы?
– Ооба, ал менден 9 жашка улуу болгондуктан, “Санжар байке, сиз” деп кайрылчумун. Экөөбүз үйлөнгөндөн кийин деле көшөгөдө отурганда телефондон "Санжар байке" деп сүйлөп жатсам, ошол жактан апалар “байке дегени эмнеси? Санжар эле де, уят болот” деп эскертүү беришти. Анан өзүнө да кайрылдым, “сизди Санжар эле дей берейинби? Ошентип айтышым керек экен” деп. Алгач макул болгон, анан кайра “жок, мени Санжик деп айт” деди. Ошо менен башым айланып, же Санжик дей албай, же Санжар дей албай, же байке дей албай жүрөм. Ал болсо сүйлөшүп жүргөн кезде мени “ашыгым, гүлүм, айым” дечү эле, азыр телефонуна гана "Айым" деп жазып алганы болбосо, көп деле эркелеткен сөздөрдү айтпайт. Айрыкча үйдөгүлөрдүн көзүнчө өзүн аябай токтоо алып жүрөт. Эч ким жокто жаш балага эле окшошуп калат (күлүп).
– Жолдошуң тууралуу айта кетсең, кайдан табышып калдыңар?
– Санжар Түркиядан юридикалык жактан билим алып, юрист кесибине ээ болгон. Бирок өмүр бою эле жеке ишкер болуп иштеп келатыптыр. Орусияда, Бишкекте чакан бизнестери бар. Түркияда 10 жыл, Орусияда 6 жыл жашап келген. Экөөбүз аз эле убакыт сүйлөштүк. Нооруздун алдында таанышканбыз. Өзүнүн айтымында, силердин WWW.SUPER.KG сайтыңардан дайыма ырларымды угуп, интервьюларымды окуп турчу экен. “Эки жылдан бери көз салып жүргөм” деп калат.
Санжардын мектепти бүтүргөнүнө быйыл 20 жыл болуп, Санжар Бердибековду, “Кеңеш” тобун, анан мени кечеде ырдап берүүбүздү суранып чакырган. Мен да эч нерсе оюмда жок эле акысын сурадым. Ал “акысына чыгармачылыгыңа колдоо катары бир клип тарттырып берейин” деп калды. Анан да клипке өзүнүн тартылуусун сунуштаган. Ага дароо эле макул болдум. Ошол клипке тартылгандан кийин экөөбүздүн ортобуздагы сүйүү сезими тутана баштады десем болот.
Биз күзүндө үйлөнсөк деп ойлогонбуз, шарт ушундай болуп калды. Санжардын өзүнөн кийинки үч иниси үй-бүлөлөрү менен чет жактарда иштешет экен. "Ата-энем алар келгенче жаңы келиндин кызматын көрүшсүн" деп Санжар үйлөнүү пландарыбызды өзгөртүп жиберди. Ошентип, алдын ала ата-энемдин алдына барышып, мага сөйкө салып алып кетишти. Дагы бир айча айылда болсок, андан кийин Бишкекке, үйүбүзгө кетебиз.
– Ата-энең да кызын узатып, кыйын эле абалда калышса керек...
– Албетте, кыз узаткан кишинин ичи ачышып калат эмеспи. Анын үстүнө апам менен жигиттер жөнүндө деле сүйлөшчү эмесмин. “Чырагым” деген клибимди бир жигит тарттырып берип жатканын айтканымда апам аябай каршы чыгып, “кантип эле сага бирөө жөн эле клип тарттырып берип койсун?” деп ишенбей, аябай кооптонгон болчу. Азыр эми ата-энемдин көңүлү жайында болуп калды. Телефон чалган сайын “бизди уят кылба, ыймандуу, акылдуу бол” деп кеп-кеңешин айтып турушат.
– Мындан ары чыгармачылыкта кандай болот?
– Ушул маселени ойлонуп, дайыма бушайман боло берчүмүн. Бактыга жараша, кайындарымдын баары эле чыгармачылыгымды колдошорун айтып жатышат. Апам да өткөндө “ырчылыгыңды таштаба, бирок элге окшоп өтө ачык кийинип алба” деп калды. Жолдошум бир ирет сүйлөшүп отурганда мага “соодага кандайсың?” дейт. “Мен соода кылбайм, мен ырдайм” дедим дароо эле. Акыры “ырдасаң ырда, бирок гастролго жибербейм. Ыр жаздырып, клип тарттырып, Бишкектеги концерттерде ырдашыңа макулмун” деди. Анан артынан “мен да сени менен кошо ырчы болуп кетем го” деп күлдү. “Сенин клибиңе тартылгандан бери көчөдө түз баса албай калдым, жылдыз болуп” деп мени тамашалап калат.
– Жылдыз демекчи, айылдын жылдыз келини деп сени көргөнгө ашык болгондор көппү?
– Айылдын жылдыз келинине айландым. “Качан ырдап бересиң?” дегендери да бар. Ал тургай айылдагы кичинекей кыздар мени менен сүрөткө түшүп кетип жатышат (күлүп).
– Бал айын өткөрүүгө кандай пландар бар?
– Өткөндө жолдошума эркелеп, “биздин бал айыбыз ушинтип очоктун жанында өтөбү?” деп күлүп калсам, “жок, орозодон кийин той берсек, тойдун эртеси бир жакка алып кетем” деп койду. Байкашымча, бал айына Түркияга барат окшойбуз.
– Жакшы экен. Ойлогон ой-максаттарыңар ишке аша берсин, бактылуу болгула!
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg