“Тамашоу” Лигасынын курама командасы Казакстанда 30-июнь күнү өткөн Эл аралык музыкалык КВН фестивалында 1-орунга ээ болду. Таймашта 2-орунду Азербайжан, 3-орунду Казакстан багынткан. Фестивалдын жүрүшүндө “тамашоучуларга” Казакстандын Жогорку Лигасынын президенти Нуржан Бейсенов Красноярск облусунун губернаторунун Кубогуна катышууга жолдомо берди.
Бул тууралуу: “КВН сентябрь айында өтөт. Буюрса, буга да катышып, алдыңкы орундарды багынтууга аракет кылабыз”,- деп кошумчалады Эрмек Нурбаев.