Куудулдар Тынар Курбаналиев менен Борончу Кудайбергенов жакында кыргызстандык күйөрмандары менен коштошорун айтышат. “Казакстандан куудулдар иштешүүгө чакырып жатышат. Барып иштеп көрөлү. Жагып калса, иш жакшы жүрүп кетсе, Казакстанда биротоло калып калабыз. Бул жактан пайда деле таба албай калат экенбиз. Тапканыбыздын жарымын өкмөткө төгүп берип коюп отуруп калып жатпайлыбы”,- деп кейишет куудулдар.