Жаш ырчы Гүлжигит Калыков ЖОЖдун экономикадагы колдонмо информатика факультетин аяктап, дипломдуу болду. Сынактардын баары артта калып, диплом колго тийгенден кийин да ырчы студенттик күндөрү менен кош айтыша албай, кайрадан окууга тапшырууну чечти. Дегеним, Гүлжигит эми ырчылык жаатында билимин тереңдетмекке Кыргыз улуттук консерваториясынын вокал бөлүмүнө тапшырды.