БИР БҮРКҮМ КАБАРЛАР...

ӨКМӨТТҮН ТАГДЫРЫ 16-17-ИЮЛДА ЧЕЧИЛЕРИ АЙТЫЛУУДА...

  •  Жарандык коомдун өкүлдөрү тарабынан ПАРЛАМЕНТТИ ТАРКАТУУ боюнча кол топтоо демилгеси көтөрүлүп жатканын медиаэксперт Назира Раимкулова билдирди.
  •  Нариман Түлеевдин адвокаты Султан Баратов депутатты 2 айга камакка алуу чечимин жокко чыгарууну өтүнүп Бишкек шаардык сотуна ДОО АРЫЗ МЕНЕН КАЙРЫЛДЫ.
  •  "Коомдук унаалардын жол акысын көтөрүү менен Бишкек шаардык мэриясында коррупциялык схема гүлдөп жатат",- дейт "Эркин эл" жаштар кыймылынын төрагасы МАВЛЯН АСКАРБЕКОВ.
  •  УКМКнын Чек ара кызматынан билдиргендей, 6 ай аралыгында мамлекеттик чек араны 6 МИЛЛИОНДОН АШУУН адам кесип өткөн.
  •  Жогорку Соттун судьялыгына Сотторду тандоо кеңеши жарыялаган сынактын 1-туру 9-ИЮЛДА БАШТАЛАТ
  •  Жалпы республикалык тестирлөөгө быйыл 50 МИҢДЕН ашуун мектеп бүтүрүүчүсү катышкан. Бул тууралуу Президенттик аппараттан Гүлмира Кудайбердиева билдирди.
  •  "Атайын долбоорго ылайык, Бишкек, Ош шаарларында жана Бишкек-Каракол автотрассасында видеокамералар 1 ЖЫЛ ИЧИНДЕ коюлуп бүтөт",- деп билдирет өкмөттүн өкүлү Бактыгул Абдыжалилов.
  •  Экс-президент РОЗА ОТУНБАЕВА залкар манасчы Жусуп Мамай менен жолугушуп, аны 95 жашка чыгышы менен куттуктады.
  •  Учурда Орусиянын түрмөлөрүндө 1224 КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ жаза өтөп жаткандыгын акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди.
  •  Интернет булактарына өкмөттүн отставкасы 16-17-ИЮЛДА Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында чечилип, өкмөт башчылыкка Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлиги каралып жаткандыгы тууралуу маалыматтар чыкты.
  •  4-июль күнү Ысык-Көлдө эс алып жүргөн Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну ДАНИЯР МЫРЗАЛИЕВ көлгө чөгүп кетип каза болду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
aote
2012-07-09 09:42:50
Ha haaa,okmottu taratat???parlament uchun bawkaruuga onoy,kulaksiz emes,distansion bawkaruu mumkun bolgon kuklani saylap,okmot bawchy kiliwat ekenda...Babanovdu ele tinch koyuwsun!
0
Kg_boy3239
2012-07-09 10:19:40
Сатыбалдиевди койсо элее не онугуп кетебизби??????Окмотту эмесПарламентти таратыш керек болуп калды!!!!!!!ким мени колдойт????????
0
RossiKG
2012-07-10 17:41:18
Роза Отунбаева айымды абдан сыйлайм, акылдуу,патриотт адам экен,озунун элин жерин суйгон! сизге узун омур каалаймын!
0
Ruster0525
2012-07-13 14:03:38
Польшанын унаалары жыргаткан уна дейсинерби...кытайдын сбору м.н чыгарышат...адегенде биринчи жолубуз ондолсун...дегенге шугур этели...,Кытайдан келген автобустар эмне болушту биринда корбойсун азыр...борбор калаабыздан баары жол азабын жеп атышат..!
0
№ 505, 6-июль-12-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан