Парламенттин бир жылдык иши боюнча төрага Асылбек Жээнбеков журналисттерди маалымат жыйынга чогултту. "Өлкөнүн тышкы саясатын ким аныктаганы туура?" деген көйгөйгө токтолгон төрага: "Конституцияда "мамлекеттин башчысы" деп так жазылган, демек, президент тышкы саясатты аныкташ керек деген туура",- деди.
Өкмөттүн отставкасы жөнүндө да төмөнкүдөй пикирин айтты: "2-июлда фракция лидерлерине бул маселе боюнча кайрылуу жиберип, "кезексиз жыйын өткөрүү керекпи?" деген суроо койдум. Менин оюмча, өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселеси күзүндө талкууланышы кажет. Парламент акырына чейин иштеши керек. Таркап кетсе эле бардыгы жакшы болот дегенден алыс болгонубуз оң”. Ал эми кесиптештеринин ишмердүүлүгү тууралуу "депутаттар жакшы иштеш үчүн ММКлар тараптан сын-пикир көбүрөөк болгону жакшы" деп журналист коомчулугун чогуу иш алпарууга чакырды.