КЫЛМЫШ ИЛИКТӨӨЧҮГӨ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

Башкы прокуратура Ички иштер министрлигине караштуу Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Алибаевге жана орун басары Базарбек Абдраимовго кылмыш ишин козгоп, камакка алды. Шектүү катары кармалган эки кызматкер "ири өлчөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу, сактоо, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана бир катар мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар" деп күнөөлөнүп жатышат. Учурда тергөө, иликтөө иштери жүрүп жаткан кез. Алибаев 23-июнда да Башкы прокуратура тарабынан суракка алынган. Анда жетекчисин колдоо үчүн Башкы прокуратуранын алдына ондогон кызматкерлери барып турушкан.
Дагы бир мисал. 3-июль күнү Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Бишкек-Ош унаа жолу мамлекеттик дирекциясынын башчысы Шабданбек Иманкулов камакка алынган. Ал да коррупция боюнча шектелүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 505, 6-июль-12-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан