Белгилүү журналист, саясатчы Мелис Эшимкановдун жубайы Асел Эшимканованын телефонуна белгисиз бирөө коркутуп-үркүтүп СМС жөнөткөн. “Ашыкча көйгөй каалап жатат окшойсуң, аны жакынкы аралыкта көрөсүң” деген билдирүү уюлдук операторлордун биринин дарегинен келген. Эске салсак, Асел айым жакында эле күйөөсүнүн өз ажалынан көз жумганына шектенерин айтып ММКларга интервью берген болчу. Мындай коркутуулардын башталышы анын ошол шектенүүсүнө байланыштуу болушу да мүмкүн. Болбосо, эки жаш баласы менен жалгыз калып, күйөөсүнүн күйүтүнөн толук арыла элек аялды ким эле аңдып турмак эле? Асел Эшимканова бул маселе боюнча СМС жөнөткөн адамды таап берүү үчүн укук коргоо органдарына арыз даярдап жатат.