ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАҢЫ АЯНТ

Жалал-Абад облусунун “Эркиндик” аянтында учурда жа­ңы­лануу иштери кызуу жү­рүүдө. Реконструкция боюнча, 25 миллион сомдук тендерди утуп алган “Транс-Юг-авто” ЖЧКсы жалпы аянты 13 400 чарчы метрди ээлеген мурунку борбордук аянтты сүрдүрүп, жаңы салып жатышат. Куруучу-инженер Азизбек Нурматовдун айтымында, аллеяларга мрамор таштар төшөлүп, айланасы газон, ландшафттык дизайн менен кооздолууда. Андан сырткары бири музыкалуу, экинчиси жөн эле атылып турган түркүн түстүү эки фонтан да коюлуу алдында турат.
“Иш 25-апрелде башталган. Учурда 60 пайызы бүтүп калды”,- деп куруучулар кубанышууда. Борбордук аянт 31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата жаңыланып, бүтүп калышы пландалууда. Андан сырткары жанындагы эле “Эл достугу” аталган сейил бакта да ушундай жаңылануу иштери башталды. Буюрса, майрамда Жалал-Абаддын тургундары жаңы аянтта жетелеше басып калышат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
aote
2012-07-09 10:20:31
iygilik
+1
historic
2012-07-09 10:49:54
Качан бутот болду экен а?
0
Mondur
2012-07-09 10:56:50
historic, 31-август Эгемендүүлүк майрамына бүткөрүлөт экен.
Буйурса шаардын ажары ачыла түшөт го..
+1
pauktilek
2012-07-09 11:50:29
ишинерге ийгилик
+1
Bakyt.shutov
2012-07-09 16:42:51
2003,2004-жылдары Фонтан куруп 15млн акча жесе 2007-жылы Эркиндикти куруп 20млн кетти деп азыр эми 25млн дон канчасын жеп жатат болду. андан коро башка жакшы жумуштарды кылса болмок жакшы спорт клубдарды ачса
0
nastya
2012-07-09 19:35:59
тендер аянт учун жарыяланып жатпайбы ,
клуб учун эмес.
0
temi
2012-07-10 00:59:26
О Жалабадта онугот екен ээ рахмат Бийликке )
+2
BNA
2012-07-10 09:58:03
Губернатор менен мэрге рахмат
0
ASAS
2012-07-10 15:13:37
губернатор кылып аткан жери жок,губернатор кылгыдай анын бюджети болсо кылабы? Мэрия кылып жатат жергиликтуу бюджеттин эсебинен. Жылына ушундай иштер буткорулсо шаар онукмок, ишинерге ийгилик Бакыт мырза!
+2
RossiKG
2012-07-10 16:46:32
азыркы бийлик коптогон жакшы иштерди кылып жатат, бакиев канчадаган жылда бир да жакшылык кылган жок элина, акчаны жутуп жегенден башка, жадагалса кеткенде жон кетпей, элин атып олтургон -оз жазасын корсун!
0
TolonturCN
2012-07-10 19:01:16
жакшы, жолдо бутташкан бир ташты жылдырып коюу да сооп, жашаган чөйрө өнүксө, гүлдөсө элдин рухий дөөлөтү да гүлдөйт.
0
turatbek-92
2012-07-10 19:11:55
Wow!!! Suiunuchtuu kabar!
0
Ananasky
2012-07-11 14:09:12
Жаштардын шаары ЖАЛАЛАБАТ оркундой бер алга , дагы коп коп жанылануу болоберсин .
0
Janym91
2012-07-13 14:31:59
Мынча жакшы озу дагы уруштан кийин курап калды эле! Ишинерге ийгилик
0
armin85
2012-08-10 18:17:23
жакшы жанылык
0
misscakura79
2012-08-13 21:08:51
Кудайга шугур ар бир кылган аракеттерине!!!Ушундай жанылыктар кобуроок боло берсин,шаарыбыз гулдой берсин!Элибиз аман болсун,тынч болсун!!
0
№ 505, 6-июль-12-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан