Жакында эле Жалал-Абад облусунда согуштун, эмгектин жана куралдуу күчтөрдү коргоо органдарынын ардагерлерине багышталып, Аксакалдар кеңеши түзүлдү. “Ак бата” деген аталыштагы кеңешке 1991-жылы эле имарат бөлүнүп, бирок каражаттын тартыштыгынан бул иш аягына чыкпай келген. 20 жылдан бери кароосуз калган имарат 2010-жылкы Июнь коогалаңында талкаланып, ашканалары өрттөнүп, жараксыз абалга жеткен. Кийин улуттар аралык ынтымакты бекемдөө максатында имаратты оңдоп-түзөө иштери катуу жүрүп баштады.
Аксакалдар кеңешинин төрагасынын орун басары Садырбек Качкынбаевдин айтымында, түзөтүү иштерине 1 миллион 700 миң сомдой каражат жумшалып, кошумча ар кандай тармактардан да акчалай көмөк көрсөтүлгөн. Бул жерде атайын конференция өтүүчү жай, видеозал, ашкана жана башка эс алып кетүүгө жакшы шарттар түзүлгөн. Айтор, кыргыз-өзбек дебей азыртан эле аксакалдар чогулуп, бир чыны чай үстүндө кызуу маек куруп, кеңешип, ар кандай чечимдерди чыгарып, иш кызуу уланууда.