«ЖУМУШКА ОРНОШТУРАМ, КЕЛГИЛЕ...»

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, Ош шаарынын 1991-жылы туулган Э.С. аттуу тургуну алдоо жолу менен жарандардан акча алып жүргөндүгү үчүн кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын үстүнөн арыз жазып 14 адам милицияга кайрылган.
Алгачкы иликтөөлөр көр­сөт­көн­дөй, ал өзүн Ош эл аралык аэропортунда жооптуу кызматта иштеген жаран катары көрсөтүп, элди маянасы жогору жумушка орноштурууга убада берип, 3 миң сомдон 10 миң сомго чейин акча алган. Алданып калган жарандардын арасында 70 жаштагы кары да бар. Алар ал кыздан жумушту талап кыла баштаганда ал уюлдук телефонунун номерин алмаштырып же аэропортто иштеген таежесинин атайын кызматтык формасы менен келип, акча алган жарандарды убактылуу тынчтандырып туруу үчүн көрүнүп турган.
“Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери дагы эле жүрүп жатат. Шылуун кыздын үстүнөн арыз жазгандардын саны күн санап өсүүдө”,- дейт Ош ШИИБнын басма сөз кызматкери Замир Сыдыков.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
aote
2012-07-09 10:14:07
wustraya!slabo!ne bolso da jazasin alsin!
0
nelli
2012-07-09 14:44:49
жаш эле кызга ишенген адамдар да соо эмес го.
+1
zirek.kyz
2012-07-09 19:33:41
мындай адамдарга соз да ыраа корбойм!!!
0
Melis-Aruuke
2012-07-10 19:22:38
Э.С деп атын кыскартпай толук эле жазып койбойсунарбы.
+1
kumarbeka
2012-07-12 11:52:16
жазасын алат деген ойдомун
0
№ 505, 6-июль-12-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан