Ош облусунун Кара-Суу районунда 1-июлда медицина кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу жыйын болуп өттү. Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимов 7 ооруканага 7 телевизор DVD`си менен белек кылды. Райондо ак эмгек кылган 14 ак халатчанга акчалай сыйлыктар жана райондук администрациянын Ардак грамоталары тапшырылды.