СОДАНЫН КАСИЕТТЕРИ

Сода (NaНС03) – табигый түрдө кездешет. Бирок көбүнчө синтез жолу менен алынат. Ак түстүү, жытсыз, упа түрүндөгү зат. Соданын касиеттери алгач Байыркы Египетте белгилүү болгон. Вади-Натрун аттуу өрөөндө жайында соолуп калуучу көлдөр болгон. Жергиликтүү калк көлдөр соолуган маалда түбүндөгү табигый соданы чогултуп алып, мумия кургатууда пайдаланышкан. XVIII кылымда француз окумуштуусу Никола Леблан тарабынан соданын химиялык курамы аныкталат. Бирок бул маалымат Франциядан тышкаркы мамлекеттерге чыгарылбай, 1 кылым чамасында сыр бойдон калып келген. XIX кылымда бельгиялык Эрнест Сольве тарабынан сода синтез жолу менен алынып, бүткүл дүйнөгө тарала баштайт. Бүгүнкү күндө сода ар тармакта кеңири колдонулууда.

АШКАНАДА

  • Буурчак жана капуста тез бышыш үчүн кайнап жаткан сууга бир чай кашык сода кошуп койсо болот.
  • Муздаткычтын жагымсыз жытынан арылуу үчүн оозу ачык идишке сода салып, бир нече күнгө ичине салып коюу кажет.
  • Ашкөктү таза жууш жана өңүн сакташ үчүн 1 литр сууга 2 чай кашык сода кошулган сууну колдонсоңуз болот.
  • Мөмө-жемиш кошуп пирог жасоодо анын кычкыл даамын азайтыш үчүн алгач мөмө-жемишке бир чым-чым сода себелеп коюу оң.

МЕДИЦИНАДА, КОСМЕТОЛОГИЯДА

  • Бут кийимге сода салып кийүү буттун тердөөсүнүн алдын алат. Чечкенден кийин эски соданы төгүп, жаңысын себелеп коюу кажет.
  • Бир литр жылуу сууга бир чай кашык сода салып бетти жууп, терини кургап кетүүдөн сактоого болот.
  • Чиркей чаккан жерге бир аз нымдалган сода сүртүп койсоңуз, кычышканы басаңдай түшөт.
  • Конъюнктивитте (көз оорусу)кебез тампонду сода чыланган сууга малып, көздү сүртүп туруу керек. Бир тампонду бир гана жолу колдонууга болорун унутпаңыз.
  • 200 грамм кайнак сүткө бир чай кашык сода кошуп ичүү жөтөлгө даба болот. Какырыкты жумшартат жана өпкөнү тез тазалайт.

ҮЙ ТИРИЧИЛИГИНДЕ

  • Жерге төшөлгөн килемдин жагымсыз жытынан арылуу үчүн үстүнө сода сээп, бир сааттан кийин чаң соргуч менен тазалоо абзел.
  • Кир жууган сууга бир аш кашык сода кошуп алсаңыз, кийимдер таза жуулат жана жагымсыз жыттардан арылат.
  • Бөлмө гүлдөрүн зыянкечтерден сактоо үчүн 200 грамм сууга 1 чай кашык сода аралаштырып, жалбырактарына сээп туруу керек.
  • Үй тазалоодо ным чүпүрөккө содадан сээп, эмеректердин булганыч жерлерин жана тактарды сүртсөңүз, алардан оңой арыласыз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
kulpun88_kg
2012-07-09 10:39:14
жакшы пайдалуу экен
0
Mira.24.
2012-07-09 11:59:40
Мына сага кенеш.Алла ыраазы болсун супперчилер!
0
jennifer90
2012-07-09 13:48:58
рахмат суперчилер ишиниздерге ийгилик,
0
Melis-Aruuke
2012-07-10 19:34:21
Кошумча дагы, жаш балдардын оозу молочница болгондо да 200гр сууга 1 чай кашык соода кошуп оозунун ичин стерильный марли менен тазалаш керек!
0
eliza_eliza
2012-07-12 17:10:06
Бир литр жылуу сууга бир чай кашык сода салып бетти жууп, терини кургап кетүүдөн сактоого болот.
Эч кандай зыяны жок бекен ыя? Анткени бетибиз ото назик келет эмесби?
0
Juliana
2012-07-15 07:52:05
eliza_eliza, jok, ziyany jok, kosmetologdor ushunday jol menen jasalgan jumshartylgan suuga nazik sezimtal juushtu sunushtashat.
0
Dina_85
2012-07-14 12:59:27
рахмат сиздерге, эн соонун кенештер. Бетке зыяны жокбу, бетим кургап, кыйнап жаткан учур болу.
0
Aromat-leta
2012-07-14 17:38:01
Жакшы кенеш экен рахмат, дагы кошумча-карарып кеткен кумуш буюмдарды сода менен суртсо жалтырап сонун болуп калат...
0
sultan.kg
2012-07-14 20:58:55
Ар кандай жыттардан арылуу үчүн мисалы: буттагы жыттан арылуу үчүн батинкенин ичине 1 чай кашык соода сээп койсо болот. Ал эми котуктагы жыттан арылуу үчүн таза жуунгандан кийин ошол жыттанып жаткан жерге соодадан шыбап койсонор Эч кандай жыттсыз жүрөсүңөр. Бул медидциналык жол менен текшерилген ыкма!
0
sayana
2013-06-12 10:48:17
Казанга ичеги карын салганда да , ага 1 кичинекей чай кашык менен соода салып койсо бат жана жумшак болуп бышат.
0
aika0906
2014-10-09 11:38:05
Болмо гулдоруно сееп туруу керек депсинер.сепсем жалбырактары капкара болуп куйуп калды го. 200ГР сууга деген а мен 500гр кылгам. Кенешти тактап анан берсенер болмок
0
admin_superstan
2014-10-09 13:01:14
aika0906, саламатсызбы!
Өсүмдүктөрдүн ар кандай оорулары бар: аскохитоз, антракноз, септориоз, ун шүүдүрүмү жана башкалар. Бул оорулардан арылтуу үчүн элдик ыкмаларда сода колдонулат. Колдонордон мурда бир жалбыракка чачып көрүү керек.
0
№ 505, 6-июль-12-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан