Клара Алибекова: «БАЙЫШ ЭКӨӨБҮЗ КАЙРА БАШ КОШОБУЗ ДЕП ОЙЛОГОН ЭМЕСМИН»

Кыргыздын жигиттерин даңктап, так секирип бийлеген Клара Алибекованын чыгармачылыгында чоң тыныгуу болсо да, аты дале унутула элек. Турмуш жолунан бир адашып, бирок бактылуу эне статусуна ээ болгон ырчы Клара Алибекова сырлары менен бөлүшмөкчү.

“ЖАШТЫГЫМ ТӨРТ ДӨҢГӨЛӨКТҮН ҮСТҮНДӨ ӨТҮП КЕТТИ”
– Эсимде, 5-класста окуп жүр­гөндө ырдасам деген тилегим күч эле. Бир күнү мектептеги ансамблди жетектеген агай активдүү кыздарды чакырып калды. Арасынан мен жагып, ансамблде ырдамай болдум. Кийинчерээк агайым К.Урманбетовдун “Кыргызымдын жигиттери” деген ырын ырдоону сунуштады. Ал кезде талантым ашып-ташып турган кез эле да. Эл көзүнө ошондо көрүндүм.
Мектепте ырдап жүргөн күндөр­дүн биринде Жаныбек Алыкулов менен Абидин Темиров биздин айылга концерт койгону келишип, менин ырдаганымды жактырып калышты. Экөө үйгө чейин барып, ата-энемден сурап борборго алып кетишкен. Ал кезде фонограмма менен ырдоо, популярдуулук, акча дегенди такыр билчү эмесмин. Ырдаганыма сүйүнүп эле жүрчү экенмин. Ошентип, 5-класстан баштап жер кыдырып, жаштыгымдын баары төрт дөңгөлөктүн үстүндө өтүп кетти.

“АЙЫЛДЫН БАЛДАРЫ БУРА БАСТЫРЫШЧУ ЭМЕС”
– Мектепте окуп жүргөндө аябай популярдуу болуп кеткем. Биздин эмес, башка мектептин балдары да жабыла жолумду тороп, бура бастырышчу эмес. Сүйүүсүн арнагандар андан көп болгон. 9-классымда биринчи жолу кошуна айылдагы бир бала менен көңүлүбүз төп келишип, сүйлөшкөндөй болгонбуз. Бирок ал балалык сүйүү болсо керек, кийин эмне болуп мамилебиз үзүлгөнүн деле билбей калгам.
Ал кезди эстесем, дагы бир окуя эсиме түшөт. 6-7-класстарымда болсо керек. Бир жолку концерттин аягына чыккыча чыдабай уйкум келди. Ары жакты карасам, “Ямаханын” коробкасы туруптур. Ага кирип көрсөм, батат экем. Ошонун ичине кирген боюнча уктап калыптырмын. Концерт бүтүп, эл мени таппай аябай убара тартып издептир. Акыры аспаптарды чогултуп жатып коробканын ичинен мени таап, аябай күлүшкөнү көз алдыман кетпейт.

“ТАГДЫР БАЙЫШ ЭКӨӨБҮЗДҮ КОШТУ ДА, АЖЫРАТТЫ”
– Бир убактарда Байыш экөөбүз бүтүндөй кыргыз элине жар салып баш коштук эле, тагдыр экен, экөөбүз эки ажырым жолго кеттик. Мурун кыз-жигит болуп сүй­лөшүп жүр­гөнбүз. Ортобузда, албетте, сүйүү болгон. 11-классты аяктап калганда мен Ошто Гүлшайыр Садыбакасованын колунда иштеп жүргөн элем. Концерттерге Байыш да катышып калып, экөөбүз сүйлөшүп баштаганбыз. Ал “экөөбүз тең чыгармачыл адамдарбыз, бири-бирибизди түшүнүп жашайбыз” деп баш кошуу тууралуу сунуш кылган болчу. Мен да макулдугумду билдиргем. Бирок ал убакта турмуш куруу эмне экенин жакшы билген эмес экем. Бактылуу күндөрүбүз көпкө созулбай, ортодон бузукулар чыкты. Мага аны, мени ага жамандаган сөздөр көбөйдү. Ошондой жагымсыз кептер да акыры экөөбүздү эки айрым жолго салды. Бир аз убакыттан кийин үйлөнгөнүн уктум, көп деле жаман абалда болбой, “үйлөнсө үйлөнүптүр да” деп койдум. Бирок Байыш экөөбүз кайра баш кошуп калабыз деп түк ойлогон эмесмин.
Бир-эки жылдан кийин кайра бизди тагдыр кошту. Байыш үйлөнгөнүн, бирок учурда таарынышып жүргөнүн айтты. “Азыр деле кеч эмес, экөөбүз баш кошуп алалы” деп кайра баштады. Башым маң болуп, үйдөгүлөргө да айта алган жокмун. “Мурун бойдок кезде үйлөнсөк мейли, эми азыр сенин башың бош эмес, болбой калат” деп качып жүргөн күндөрүм болду. “Мени түшүн” деп жүрүп, акыры кантип көндүрүп алганын билбей калдым. Аялы менен ал кезде ажыраша элек болчу, мени Оштон концерттен кийин ала качып кетти. Ошентип, нике кыйып, той берип, жашап калдык. Ата-энем каршы болушту жакшы эле, бирок кайра көңүлүмө карап унчукпай калышты. Өкүл атабыз Расул Маматкулов болуп, ал тойду өз моюнуна алып, тойдон түшкөн акчага бир бөлмөлүү үй алып берди.
Эки жыл жашап, Байэл аттуу уулдуу болдук. Турмушта ар кандай нерсе болот тура, кайын журт деген бар экен. Мен аларга жакпай калдымбы же алар мага жакпай калыштыбы, айтор, Байыш экөөбүздүн турмушубуз бузулду. Жаман-жакшы айтышпай эле ажыраштык. Байыштын кызганычтын айынан какыс-кукус кылып, көңүлгө тийген жаман сөздөрдү айткан күндөрү болду. Экөөбүз ажырашкандан кийин мени “Байыштын үй-бүлөсүн бузуп тийди” дешти. Байышты “жаш кыздын репутациясын бузду” деп айтышты. Чындыгында, андай болгон эмес да. Ал үйлөнгөнгө чейин эле мага сунуш кылган болчу.

“ЧОҢ ЫРЧЫЛАРДЫН АРТЫНАН СҮЙЛӨСӨҢ, ӨЗҮҢӨ ЖАМАН БОЛОТ ДЕП ЧАЛЫШКАН”
– Атың таанылып калганда көптөгөн ушак-айыңдарга да кабылат экенсиң. Андай башты маң кылган ушактардын бири Айчүрөк эже экөөбүздүн ортобузду алыстатты. Бир гезит “Айчүрөк эженин күйөөсү менен мамилеси бар экен” деген кат келгенин айтып эже экөөбүздүн чырыбызды ырбатты. Менин оюм дароо эле эжеге кеткен, анткени илгеркини ким эле кайра чукуп чыксын? Мен деле бирөөнү жамандоо максатында эмес, жөн гана болгонун болгондой айткам. Анан мага телефон чалуулар болуп жаткан. “Сен эмне үчүн чоң ырчылардын артынан ушундай сөздөрдү айтып жүрөсүң? Өзүңө жаман болот” деп чыгармачыл чөйрөдөн бирөө чалган. Менин атыма көп жаман сөздөр айтылып жатса, албетте, мен деле адаммын да, оюмду айтканга укуктуумун.

“КӨҢҮЛГӨ ЖАККАН АДАМДАР БАР, БИРОК...”
– Мурун эч нерсени элес албаган эселек кыз болсом, азыр көп нерсени көрүп-билип калдым. Ажырашкандан кийин чыгармачылык жактан да, жеке жашоом жактан да кыйналдым. Дагы деле күйөрмандарым бар экен, “эмнеге чыкпай калдың?” деп сурашат, демөөрчү болот элем дегендер болот. Демөөрчүгө башка талаптар керек экен да. Мен ага макул эмесмин. Сөз айтып, сүйүүсүн арнагандар дагы деле чыгууда. Бирок мен негедир биринчи турмуштан кийин тайсалдап калгам. Кээде жалгыз каламынбы деп коркуп кетем. Көңүлгө жаккан адамдар болуп калат, бирок көпчүлүгү үй-бүлөлүү болгондуктан, баш тартууга туура келет.
Бир кезде Расул Өкүмалиев деген журналист менен дос катары сүйлөшүп калган элек. Ал кийин өзүн пиар кылуу үчүнбү, “Клара экөөбүз сүйлөшүп жүрөбүз, баласына ата болсом дейм” деп жар салып жибериптир. Жакшыбы-жаманбы, Байэлдин атасы бар. Азыркы кезге чейин атасы менен байланышып, сүйлөшүп турат. Расулга “сен ушинтип жүргөн турбайсыңбы?” десем, “мен антип айткан эмесмин, алар өздөрү эле жазып салышыптыр” деп танып кеткен. Азыр ал үй-бүлөлүү, келинчеги менен жакшы мамиледебиз.
Эрлан Шүкүрбеков деген Райхан Абдувалиеванын тобунда иштеген жигит менен кичинебизден дос болчук. Ал азыр тамадалык кылгандыктан, тойлоруна чакырып калат. Тойдо ээрчишип жүргөнүбүздү эл көрүп, “мамилеси бар” деп сөз чыгарып жиберишиптир.

“УУЛУМДУ КӨРҮП ЖҮРӨГҮМ ООРУЙТ”
– Бала менен жалгыз калган кыйын экен. Уулумду көрүп жүрөгүм ооруп кетет. Атасы менен чогуу, ага эркелеп чоңойсо эмне?..
Байыштын сунушу менен үйү­бүздү сатып, акчасын бөлүп алганбыз. Бир туугандарым, ата-энем акча чогултушуп, мага бир бөлмөлүү үй алып беришкен, азыр балам менен ошол жакта турам. Байэл менен көчөдө жүргөндө эл дароо эле “Байыштын уулубу?” деп таанып коёт. Атасына аябай окшош. Музыкага шыктуу, кыңылдап ырдап, бийлеп калат. Азыртан эле спортко кызыгуусу күч.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (46)
Galia
2012-07-19 18:38:13
Байыш пас адам экен.Кылган иши эркекчиликке жатпайт го...Уй болсо озу албаган тойдон топтолгон акчага алынса намысы менен Клара менен баласына иегова чыгып кетсе болмок!
-3
bobi
2012-07-20 10:51:42
Galia, Туура айтасын.Мындайынан карасанар деле корунуп турат го.Клара жаш баладай таза,назик,ишенчээк корунот.А Байыштын болсо коздору ойноктоп,аял муноздой болуп турат.
+3
Zamira01
2012-07-20 13:06:08
Клара эже мен да сиздин таланттынызды жакшы кором ийгилик сизге. Кыргызымдын жигиттери, Ала качып ала качып
+1
asdf
2012-07-20 13:23:42
Анча не актанып арманынды айткансын? Жигиттеринди санап кыйратып койгонсуп тиги менен жургом бул менен жургом деп тим эле мага
-2
bakyl
2012-07-20 13:47:02
куноо эки кишиден тен кетет Клараны суттон ак деп айтсанар жаныласынар,байкуш корунгону менен чыныгы жузун кимнер кордунор эле Кларанын билбей туруп бироонун аркасынан соз айткан туура эмес куноо Байыш менен клара экоондо бирдей
-3
bakyl
2012-07-20 13:49:02
Куто туралы байыш да жон жатпай оз жообун берет да
+1
zamir_kgz
2012-07-21 03:00:26
Тойлордо ачуусунан азыраак эле алса болмок? Кыргыз жигиттери жаман ойдо калбасын учун.
+1
Melodyse
2012-07-21 22:20:40
озу байышты бабник дешет, анан да
кларага ал тен келбейт.!
клара жылдыздуу жакшынакай айым , ийгилик калайм...
0
aliia
2012-07-22 01:56:17
kak govoritsya vremya le4it, no i pokole4it! Glavnoe ne padat',a na s4et Bayisha NO COMMENT!!! postupil kak posledniy LOH!!!
+2
rusana
2012-07-22 15:10:06
Клара озу туура эмес кылган. Байыш аялы менен ажыраша электе эле ага неге макул болуп турмуш курдун? Анын аялын, бала чакасын ойлодун беле? Ойлогон болсон ошондо эле баш тартмаксын. Кайра аялын менен жараш деп айтыш керек болчу. Куто турсан сендей кызга уйлоно элек жигиттер чыкмак.... Кудай озу салмактап коет да ушунтип.
+1
rusana
2012-07-22 15:12:47
А Байыш болсо... уйдун акчасын болуп алгандан кийин... лох..
+1
Gulnisa
2012-07-22 22:35:10
Тагдыр татаал, тагдырды биз колубуз менен эч убакта тургуза албайбыз.Мандайга жазылганын коробуз. Ийгилик сизге Клара.
-1
Kyrgyz-Sher
2012-07-23 12:35:05
расул маматкулов алып берген уйду уулуна еле берип койсо болмок акчасын болбостон байыш кайыш екен
+1
naki8707
2012-07-23 13:11:40
Орустарда айтылгандай "у медали две стороны" демекчи,ар окуянын 2 жагы бар.Бул Клара эжебиздин айтканынын 2-жагы да бар да.Бирок жаш кызды алдап койгону билинип дал корунуп турат.
+1
samirchik
2012-07-23 21:20:34
журогумдо орун бироо деп кайсы аарына ырдады Байыш бир орунга экоону тыга албай койду го...
0
Denizza
2012-09-01 10:43:11
Бир тойдо клараны коруп калдым баласын ээрчитип барганын. Апасы ырдап келейн десе бура бастырбай козун жашы молтулдоп тогуп ыйлайт. Клара аны алдайт конбойт. Байкуш анан кыжалат болуп тойдон кетип калган. Азамат клара жалгыз баласын татына карап багып. Ошондо аларды аяп ичимден байышты согуп алгам.
0
№ 506, 13-июль-19-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан