«КУМТӨР» МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КОМИССИЯ ИШИН БАШТАДЫ

“Кумтөр” ЖАКысынын ишмердүүлүгүн комплекс­түү текшерүү боюнча мамлекеттик комиссия өз ишин баштап, 12-июль күнү анын алгачкы отуруму болуп өттү. Отурумда мамлекеттик комиссиянын "Кумтөр" боюнча алып барып жаткан иштеринин пландары, регламенти, максаттары жана маселелери бекитилди. Ошондой эле үч жумушчу топ түзүлүп, алар кендеги экологиялык, техникалык зыяндарды, мыйзамдуулуктун сакталышын, ошондой эле экономикалык-социалдык багытты иликтешмекчи.
Комиссиянын төрагасы – Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев. Комиссиянын отчёту өкмөткө 1-октябрда берилиши керек жана ал 1-ноябрда Жогорку Кеңешке жиберилет. Эскерте кетсек, мамлекеттик комиссия Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы токтомуна ылайык түзүлгөн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Lion-x
2012-07-16 18:36:56
туур чечим, комиссиянын составын окуп кордун реальный адамдар бар экен Сариевден башкасы, калгандары акылдуу болуп жакшы бир чечим кабыл алат деп умуттомун, Жапаровго окшогон папулистей болбой.
0
Stalker-007
2012-07-18 10:19:37
Кумтор иши менен биз канча деген инвесторлорду чоочутуп, Кыргызстанга жакын жологус кылып салдык, убагында келишимдерди тузуп жатканда ойлонуш керек болчу, эми туштон кийин кайра эле ошол келишимдерге асыла бербей, эми Кумтор токтоп кала турган болсо Кыргызстандын экономикасы жаман абалда калат.
0
Kubanychbekkagan
2012-07-18 14:29:35
Бул ишти окмот оз козомолуно алгандан кийин бутту дей берсек болот. Бабанов башында турган окмот Кумтордун созун суйлойт. Буюрса бабанов кузундо кетсе гана иш ордунан чыгып, Кумтор мамлекеттин карамагына отуп, мыйзамдуу иштер журот. Себеби 1 миллиард сомду бабанов Кумтордон алып элге 7 пайыз устогу менен кредит берип, иштеп жатам демиш болду. Ошол акча учун эми бабанов кашык каны калганча Кумторго жан тартат.
0
Stalker-007
2012-07-18 15:54:32
Kubanychbekkagan, мамлекеттин карамагына кантип отмок эле кызыксын сен, же мамлекеттин млндогон доллары бар бекен, озуно каратып алгандай, кичине ойлонуп суйлосонор, Жапаровго окшоп басып алыш керек дебей, булар чет элдик жарандар, сотко берсе международный сотко берет, ал жактан кыргыздарды тебелеп гана коет, анан айып толоп 20 жыл бою жата бергиле
0
№ 506, 13-июль-19-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан