КРнын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев: «АЛ АКТРИСА ТАБИТИМДЕГИ КЫЗ ЭМЕС»

www.super.kg сайтыбызга байма-бай кирип, күйөрмандарынын суроолоруна ар дайым жооп берип келаткан жылдыздарыбыздын бири – Бек Борбиев. Бек мырзаны алгач түз байланышка чакырганыбызда «бир саатка эле убактым болот го» деп макулдугун берген, кийин эки саатын бөлүүнү чечти. Бирок жыйынтыгында биздин студияда туптуура үч саат байланышта болуп, күйөрмандарынын суроолоруна жооп берип, каалоо-тилектерин, сын-пикирлерин угуп кайтты.

Айзада, Бишкек шаары:
– Бек байке, бир ирет сиздин концертиңизге атайын Ак-Талаадан келсем, концерттен кийин сахнаны балдарга курчатып кайтартып, киргизбей койдуңуз. Сиз менен сүрөткө түшкүбүз келген. Эл менен эле болбойсузбу?
– Атайын алыстан менин концертиме келгениңизге, албетте, рахмат. Концертке миң киши келсе, баары менен сүрөткө түшө албайм да. Сиз алыстан келгениңизди ошол сахнанын артына киргизбей жаткан балдарга түшүндүрүп айтсаңыз, киргизишет болчу.

– Сизди өкүл ата койсо болобу?
– Эми өкүл ата болчу адам менен өкүл бала болчу адам бири-бирин жакшы тааныш керек да. Ал үчүн экөөбүз таанышалы, анан көрө жатарбыз.

Нурбек, Орусиянын Москва шаары:
– «Гүлүм, ай», «Азиза» деген эски чыгармаларыңызды, анан 2001-жылы уулуңуз экөөңүздөр чогуу ырдаган ырыңызды кайдан тапсак болот?
– Гүлүм, ай» деген ыр менде бар. www.super.kg сайтына жүктөп коёлу, ошол жерден табасыз. Негизи, жаш кезде радионун фондунда сакталат деп ойлоп, өзүм алып калбаган бир катар ырларымды жоготуп алдым. Радиодо болсо лента керек болгондо өчүрүп салышчу экен. Ал эми уулум экөөбүз ырдаган ыр менде жок. Өткөндө балам өзү да издеп жаткан, таппады.

Толкунбек, Ош шаары:
– Намаз окуйсузбу? Сакал коюп, сүннөт кийим кийгенге кудуретиңиз жетеби?
– Ниетим бар, окуй элекмин. Намаз окуп калсам, сүннөт кийимди да кийип каларбыз. Неге болбосун?

Кубанычбек, Бишкек шаары:
– Үйдө иш кылганда кимдин ырларын кыңылдап каласыз?
–Ха-ха, албетте, өзүмдүн ырларымды ырдайм да.

– Ырларыңызда өзүңүздүн тагдырыңызды чагылдырасызбы?
– Бир ыр толугу менен менин тагдырым десем да, менин тагдырым эмес десем да калпычы болуп калам. Ар бир ырыма өз жашоомдон көз ирмемдер, жүрөгүмдүн үзүмдөрү кошулат.

Нурлан, Бишкек шаары:
– Былтыр бир телеберүүгө келип, жаш баланын «гимнди ырдап бериңизчи» деген өтүнүчүн кагып, ырдабай койдуңуз. Бул эмнеңиз? Ошону көрүп алып сизди илгерки бай-манаптарга окшоштурдум. Сиз ырчысыз да, көчөдөн бирөө токтотуп, «ырдап берип койчу» десе да ырдабайсыз, бирок акчага бир депутаттын тоюнда ырдайсыз. Сиз деген тарыхта калчу адамсыз, антпей, жөнөкөй эле болсоңуз кантет?
– Албетте, минтип көп күйөрмандарым ойлошу мүмкүн. Гимн деген мамлекеттик белги, символ болгондуктан, анын ырдай турган убакыт-сааты бар. Көчөдөн бирөө токтотуп алып ырда десе ырдабайм. Ички дүйнөм, көкүрөгүм ага жол бербейт. Ал эми тойго азыр тааныштарымдыкына гана барам, ал депутатпы же жөнөкөй адамбы, айырмасы жок. Ал эми жүрүм-турумум жеке мага тиешелүү, «менин басканым бирөөгө жакпай калыптыр» деп жасап баспайм. Менин жүрүм-турумум тарыхта калбай эле койсун, ырларым калса жетиштүү. Мени сахнадан гана кабыл алышыңыздар керек, жеке жашоом – ал меники гана. Кызтекелерге окшоп же жарым кыз болуп ийилип жүргүм келбейт. Токтогулдун суусун ичип чоңойгон баламын.

Рахат, Өзгөн шаары:
– Бек байке, сүйүү деген эмне экенин ушул күнгө чейин далай эле айтсаңыз керек. Азыркы тапта токтолуп калган мырза катары сүйүү дегенди кандай түшүнөсүз?
– Сүйүүнү кыркка чыкканча кантип түшүнбөйүн? Сүйүү деген – махабат. Махабат 40 жашка чейинки, 40 жаштан кийинки деп бөлүнбөйт деле экен, көрсө. Ал эми ата-энеге, мекенге, эл-жерге болгон сүйүү жаш өткөн сайын бутактап өнүп-өсө берет экен.

Айжан, Бишкек шаары:
– Эң алгачкы жолу көгүлтүр экранга чыкканыңыз эсиңиздеби?
– 1987-жылы «Жай керемети» деген телеберүүдө «Гүлбакча» деген ырды ырдап чыккам. Өкүнүчтүүсү, мени аскерге алып кетишип, өзүм көрбөй калгам.

Жайнагүл, Бишкек шаары:
– Азыркы кызматыңыз менен чыгармачылыгыңыз бири-бирине жолтоо болбойбу? Дегеним, акыркы убакта жаңы чыгармаларыңызды укпай калдык.
– Мен өзүм күйөрмандарымды башынан жаман көндүрүп алгам, бир-эки ай сайын эле жаңы ыр жаза берип. Элге окшоп жарым жылда бир ыр чыгарсам, «неге ыр жазбай калдың?» деп издеп башташат. Кызматым чыгармачылыгыма жолтоо деле болгон жок. Жакында эле эки жаңы ыр жаздым.

«СУПЕР-ИНФОдон» СУРООЛОР

– Бек байке, ырчылык жаатында атаандашыңыз барбы?
– Чынын айтканда, студент кезде Чубак Сатаев дүркүрөп турган кез эле, ошол кишиге атаандашып чыккам. Аны туурап альбом жаратып дегендей. А кийин мен ырдап чыккан соң менин артымдан Майрамбек, Сыймык, Айбектер ырдап чыгышты. Билбейм, алар мени атаандаш көрүшпөсө, менде андай сезим деле жок го дейм.

– Бир кезде «Арман» деп атап, жалаң жигиттерден турган топ түздүңүз эле, сахнадан көрбөй калдык.
– Ии, ооба. Менин «Арманга» чолоом тийбей калды. Чачырап кетиштиби же бир-экөө ырдап жүрөбү, чынын айтсам, билбейт экенмин. Алар жаш балдар болгондуктан, жетелеш керек эле.

– Жетелемей демекчи, кызмат абалыңыздан пайдаланып көрдүңүз беле? Жакындарыңызды жумушка орноштуруп дегендей...
– Бажы тармагында иштеп турганда кичинекей эле кызматта иштесем да, абдан көп тааныштарым «жумушка киргизбейсиңби» деп келишчү. Чынын айтканда, аракет кылып деле көрүп, мен да тааныштарыма телефон чалып жүрдүм. Бирок бирөөнү да ишке орноштура алган жокмун. Ал эми бул кызматымда негедир эч ким деле кайрылган жок. Кайрылса да кадр жагын мен карабайм дечи. Ошентсе да кайрылганда деле «Бек баары бир жок дейт» деп калышты окшойт (күлүп).

– Кепти жеке жашооңузга бурсак. Таята болуу сезими кандай экен?
– Жаш кезибизден бери эле «бактылуу бололу» деп каалоо-тилек айтып келет эмеспизби. Бактылуу өмүр болбойт, бактылуу көз ирмемдер болот. Ошондой эң бактылуу көз ирмемдеримдин бири – неберелүү болуп, таята болгонум. Аны сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Учурда кызым, күйөө балам, неберем Францияда жашап жатышат. Күйөө балам иштейт, кызым баласы менен үйүндө. Жакында эле барып көрүп келдим. Жакшы турушат. Скайп аркылуу күндө сүйлөшүп турабыз.

– Таята болуп калганыңызга карабай телефон чалып же үйүңүзгө издеп барып тынчыңызды алган күйөрмандарыңыз дагы деле болсо керек...
– Андайлар жөн эле бар десем калп айткан болом, андайлар көп. Фарида бардык нерсеге көндү, түшүндү, бирок ушул телефон чалуулар менен жанагыдай СМСтерге таптакыр көнбөй койду. Ошол себептен телефон номеримди тез-тезден алмаштырам же көпкө алмаштырбай калсам, үйгө келатканда ошол номеримди өчүрүп салам.

– Сиздин «чыныгы эркек жашоосунда жок дегенде 5 чоң сүйүүгө кабылат» дегениңиз бар. Сиз ушул жашка келип андай чоң сүйүүнүн канчасын жолуктурдуңуз?
– 5 эле дептирминби, ээ? Эми ошол кезде менде ошондой окуялар болуп жаткан чыгар да (күлүп). Албетте, тамаша. Мен оюмда адам 100 жашка чыкса, ошону 5ке бөлүп туруп айтсам керек да, 20 жашка чейин бир сүйүү, андан кийин бир сүйүү деп. Адам адамдык касиетин жоготпой жашаш үчүн жүрөгүндө сүйүү болуш керек. Мен эми эмне деп айтышым керек, бирөө эле деп айтам да (күлүп).


Түз байланыш учурунда Кыргызстандан тышкары дүйнөнүн ар тарабынан интернет аркылуу www.super.kg сайтында Бек мырзага суроолор жаап жатты.

B.GULNARA:
– Сиз бул жашоодо эмнени уттуңуз да, эмнени уттурдуңуз? Арманыңыз барбы?
– 27 жашымда жаштык жөнүндө жазган ырым бар: "Жыгылдым, сүзүлдүм, жыдыдым, көп күйдүм, чыйралдым сенден, жаштык, ай./ Ойнодум, көп күлдүм, ойлонбой көп жүрдүм, арман жок сенде, жаштык, ай" деген. Ырымда айтылгандай, жашоодо арманым жок. Жакшысын жакшыдай, жаманын жамандай көрдүм. Жашоодон утканым – азыркы жашоом, үй-бүлөм, досторум, бир туугандарым, ден соолугум. Ал эми ырчы болуп уттурганым эркиндигим болду. Элге окшоп базарга, дүкөнгө, жок дегенде мончого да эркин бара албайсың. Бара берсем деле болот дечи, бирок эл сени карай берсе, кайдагы эркиндик? Дагы 10 жашымда ырдап чыгып албаганым жакшы болуптур. 20 жашка чейин эркин жүрдүм.

аsemkiz:
– Сиздин ырларыңыз эмнеге «Кыргызстан Обондорунда» жаңырбайт?
–Мен эле эмес, көп ырчылар ырларыбызды алдырган элек. Себеби бар. Жарнама бөлүмүнө телефон чалсам, ал жактын адиси алып, "Бек Борбиев? Кто он? Я не знаю такого мелодиста, и вообще Заслуженного артиста" деп телефонду коюп койгон. Ал орус экен. Ошентсе да ушундан кийин ырларымды ал радиодон алып салууну туура көрдүм да, иштешпей калдым.

MaksatXXI:
– Сулуу кыздарды көргөндө сиздин деле көзүңүз токтоп калабы?
–Астапыралла. Чыгармачыл адам катары, албетте, сулуу кыздарга таазим этебиз. Бирок көзүм токтоп калбайт.

Мика:
– Нуриса, Мая, Назми, Асел Турдалиева, Сырга Жапар кызы... «Агама» бийчилер тобу менен эле токтоп калдыңыз го, дагы кайсы кыздын жылдызын жандырайын, багын ачайын деген оюңуз бар? Же карылык келдиби, мурункудай кыздарды сахнага жетелеп, белинен имере тартып, дуэт ырдабайсызбы эми?
–Бирөөгө продюсер болуп, ырчылыкка тартканга убактым тар, жетишпейм. Бирок быйыл бир долбоорду ишке ашырсак деп турабыз. Бир ырчы кызды алып чыгабыз го. Ошондо дуэттер да болот.

– «Эл артисттигин» качан беришет экен сизге? 2 ыры бар, анысы да өздөрүнүкү эмес ырчылар бул наамды алышты го...
–«Эмгек сиңирген артист» деген наамды да араң алып, али сүйүнүп бүтө албай жүрөм. 7 жолу бул наамга документ топтоп жатып, 7-жолкусунда араң алдым. Ак үйдөн кабар күтүүдөн көңүлүм ушунчалык калды. «Эл артисти» жөнүндө али ойлоно элекмин. Эми мен бул наамды алуу үчүн документ топтобойм деп чечтим, өздөрү берсе беришсин.

Mondur:
– Акыркы жолу качан көзүңүзгө жаш алдыңыз?
Жакында атам каза болгондо ыйладым. Бирок көз жашымды эч кимге көрсөткөн жокмун. Ата ордуна ата болуп калып жаткандан кийин былжырап ыйлап турсам уят болот го. Негизи, ыйлабайм.

passionarXXI:
– Бильярд боюнча шоу чөйрөдө чемпион экениңизди билем. Убакыт таппайсызбы, сиз менен бир күч сынашкым келет.
Кийинки убактарда бильярд ойногонго убактым жок. Болбосо мелдешүүдөн качпайм, Кыргызстанда Каныбек Сагынбаевден башка эч кимден коркпойм дебейминби бул жаатта. Албетте, тамаша.

alooke:
– Сизди төө куш багат деп уккам. Корооңузда канча төө кушуңуз бар?
Муну токтогулдуктар эле билчү эле. Ооба, айылдагы үйдө багам. Биздин үй-бүлөнүн чакан бизнеси десем да болот. 5-6 жылдан бери багып келатабыз. Бизде ага кызыккандар өтө аз. 6-7 төө куш бар.

Luntik:
– "Мен сүйгөн карагат" фильмин тарткан режиссёр Руслан Машрапов менен келишпестиктер болуп, таарынышып кеткениңиз чынбы? Аталган фильмдин продюсери катары айтсаңыз, тасма чыгымын актадыбы? Анан да сизди «Мен сүйгөн карагат» тасмасындагы Назира Бердигулова менен «служебный роман» болгон дешет го?..
Кино тартылып жаткан убакта «3 айда, ашып кетсе 4 айда бүтө турган иш сенин айыңдан 7 айга созулду» деп иштин узакка созулганын Русландан көрүп, катуу айткан учурларым болгон. Чынын айтканда, кинодон пайда тапкан жокпуз. «Тасма тартып, баланча миллион сом киреше таптым» дегендер мен үчүн жомок. Назира абдан сулуу, тырышчаак, эмгекчил кыз, бирок «служебный роман» болгудай менин табитимде эмес деп жооп берем. Ал деле бул сөзгө терикпесе керек, өзүнө деле тамашалап айткам.

Perika:
– Сырттан караганда эч кимди теңине албаган адамдай көрүнөсүз. Үйүңүздө да балдарыңыз менен жубайыңызды урушуп койчу жайыңыз бар болсо керек. Жубайыңызды неге гезитке чыгарбайсыз? Аны да көргүбүз келет.
Бала деген баладай болуш керек, кой дегенди түшүнүп, тартипке баш ийип дегендей. Катуу кармаш керек десе эле концлагерь кылып да жибербеш керек. Ал эми жубайымды неге гезитке чыгармак элем? Ал белгилүү адам эмес да. Ал менин жеке жашоом. Сахнадагы Бек Борбиев менин жеке жашоомо кийлигишпесин.

ХАНЗАДА:
– Бек байке, "кыялымда бир гана аялзаты жашайт, ал – назик, таза..." дедиңиз эле. Таптыңызбы?
Андай кызга кездешүү болбойт экен. Ал адамдын кыялында, оюнда гана жашап кете турган образ.

MaRmeLaDka:
– Эркек киши сөзсүз сөгүнүп сүйлөшү керекпи? Дегеним, сизди аябай сөгүнүп сүйлөйт деп уккам.
– Ооба, мен сөгүнүп сүйлөйм. Керектүү жерде. Башта айтып кеткендей, ак сөөктөрдүн арасында өскөн эмесмин. Тоолук бала болгон соң, чөйрөм ошол болгон соң жакындарымдын арасында, дос, классташтарымдын арасында тизгинди ээн-эркин коё берем. Бирок күндөлүк турмушумда өзүмдү көзөмөлдөп турууга аракеттенем, ошентсе да эмоцияга алдырып жиберген учурда сөгүнүп жибермейим бар. Анын үстүнө биз, токтогулдуктар, сөгүнгөндү учурашканда эле баштайт эмеспизби.

Suiuktuu:
– «Бүгүн, жаным, башкача бол...» деген ырыңызды кантип жаздыңыз эле? Дегеле уяттуу ырларыңыз да бар.
Ха-ха, каяктагы эле суроолорду таап чыгып жатасыңар? Эми бул ыр боюнча да айта берсе сөз көп. «Ушундай да ыр жазасыңбы?» дегендер да бар, «эң мыкты ырың ушул экен» да дешет, дагы бири «бул уят го...» дейт. Буга окшогон ырларым көп эле. Негизи, ырчылардын арасында да мага окшогон бир «неудобный» ырчы болуш керек да. Менин да жашоого акым бар. Мени менен кошо «Башкача бол» деген сыяктуу ырларымдын дагы жашоого акысы бар.

Madanbekeshbaev:
– Сиздин ырларыңыздын көпчүлүгү кыздарга арналып жазылган («Жамийла», «Ханзада», «Эркинай»). Ошонун себеби эмнеде же сиз таанышкан эле кызга арнап ыр жаза бересизби?
«Кыздарга жазбаганда, анан эмне эркектерге жазмак белем?» деп тамашалап калам. Эркек болгондон кийин кызга жазасың да. Ар бир ырдын жолу, тарыхы бар. Жолуккан эле кызга ыр жаза бербейм.

Жаку:
– Казак композитору Алтынбек Корозбаев «Музарт» тобу менен концерке келип, "Бек иним баатыр экен. Болбосо "Уулуң мага окшогон, мен да ага окшоном./ Кара, аяр көзүнө,/ Карай албай томсором./ Ээрчитип эми жүрөсүң,/ Уулуңду сен мага окшогон" деп келин баладан коркпой ыр жазып салды" деген эле. Чын эле Фарида жеңе ушул ырдан соң, дегеле Борбиевдин шедеврлерине эмне дейт болду экен? Же сиздин "бул деген чыгарма да" деген сөзүңүзгө муюп отуруп калабы?

Алтынбек мырза өзү деле баатыр экен, аялынан коркпой эле казакчага которуп алып, азыр ушул ырды ырдап жүрөт. Эми Фарида деле «бул деген чыгарма да» дегенге муюп отуруп калбайт. Ал сөзгө аял кишини оңой менен көндүрө албайт экенсиң. Баарын териштирип, чындыкка жетип, сурайт. Кээде таарынган учурлары да болот.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg
 Кыстарылган видео 
Бек Борбиев: "Ал актриса менин табитимдеги кыз эмес", 1-бөлүк
Бек Борбиев: "Ал актриса менин табитимдеги кыз эмес", 2-бөлүк
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (39)
aidai88
2012-07-18 07:17:03
bek baikenin yrlaryn ugup,yrdap,biyilep 4onoidum desem janylywpaimyn,azyrda ugup jawap kele jatamyn.negedir uwul yr4ynyn yrlaryn kan4a uksam da e4 tajabaim
kaisyl ubaktagy yry bolbosun,suiup ugamyn. Ununuz e4 ka4an o4posun,bulbuldai bolup sairap juro berin. Talantynyzga taazim!
+1
good5like
2012-07-18 11:24:28
baaryna tak joop bergengo birok Nazira Berdigulovany-"tabitimdegi kyz emes" degeni jakpady bawka4a joop berse bolmok aktiritzanyn aftaritetin tokkusu kelgendei bolup kalyptyr.
-1
nurbekov
2012-07-18 12:35:29
ой кудай ооой бойун которобу которбойбу озунун ишида эмне бир жеринерге кирип жатабы айтып жатпайбы сахнадан сыйлап берзенер болду деп. ;аmalia; озун кимсин табитине жакпаса жакпайтта сага деле биро жакпаса жакпайт дейсинби же эмне кочодогу бонбушт конулу калат деп жагат дейбересинби а?
+1
KGFRAU
2012-07-18 16:22:42
Перестала уважать, бакыйган ырчы былжыраган жоопторду бериптир, женил ойлуу экендигин корсотуп. Аялына боорум ооруйт, торт баланы тороп берип унчукпай жашап жатканын, кээ бир аял мындай кабельдин жогу жакшы демек. Аброюна жараша суйлосо болмок, без пяти минут абышка, карыганда кутурупсун, кудай уруптур сени.
-1
mairamkan2011
2012-07-18 21:58:33
мага уулу баласы жакты
+1
amalia
2012-07-19 10:04:21
Nurbekov bul degen aly jetishinche ozun aktap al kyzdy bir soz mn tepselegeni ozunun denggeelinin tomon ekenin korsotuptur interviusunan kandai ekenin tunushunso bolot al kyz molodets bulga tengelbei i voobshe on nikto esli na to poshlo
0
Askartoo
2012-07-19 11:21:05
Супер-Инфо Б.Борбиевдин "Гулумайын "жуктоп койгулачы. Сураныч!!!
+1
AGAT
2012-07-19 14:07:06
Askartoo, ал ырды таап, жуктөп коебуз деп сөз бергенбиз. Аткарганга аракет кылып жатабыз.
0
nurbek_posol
2012-07-19 14:05:11
Асель Турдалиева менен ырдаган вариантын.
0
ArzykulovaNURI
2012-07-20 08:40:17
Ар бир берген жообунда бой котормо экендигин байкоого болот
-1
Nona
2012-07-20 10:00:58
Bek baykeni ayabay siylaym, irlari soonun
+1
asdf
2012-07-20 12:30:30
Бек Борбиевдин ырларын ырдап журуп чонойдук. Эски ырларын уккан сайын балалыгын эске тушот.Таланттуу ырчы байке даагы оркундоп осо берсин!!!
+1
sultan.kg
2012-07-21 00:45:22
Мага эмнегедир Бек байкебиз аябай бой которуп, озун элден башкача болуп суйлогондой сезилди. Силергечи???
-1
Elegans
2012-07-21 12:49:58
Ырлары абдан жагат. Бирок Б. Борбиев озу адамгерчилик сапаты абдан тайкы деп эсептейм. Жумушума байланыштуу бир нече жолу сахнадан тышкары баарлашып калгам. Абдан керсейген, тегерегиндекилерди киши катары эсептебеген инсан. Элдин алдындакы инсан болгондон кийин жонокойроок эле болсо жакшы болор эле. Анын устуно текеберчилик чон куноо.
+1
Tendik
2012-07-21 18:06:35
Кыргызстан Ободндору тууралуу абдан туура айтты
0
TolonturCN
2012-07-22 12:32:26
көп кырдуу талант ээси да Бек байкебиз, ар кандай оң тескери сын айтыла берет, мезгил, жашоо өзү тандайт.
Төлөнтурович деп менин атымды орусчалыштатып кетиптирго.
-1
№ 506, 13-июль-19-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан