Өлкөбүздө автокырсыктардын аягы эч тыйылчудай эмес. Чүй облустук БИИБи билдиргендей, өткөн дем алыш күнү катуу ылдамдыкта келе жаткан унаалар майып адам менен кичинекей баланы коюп кетишкен. 15-июль күнү түнкү саат үчтөр чамасында Мерседес-Бенц (болжол менен) үлгүсүндөгү унаа Бишкек-Ош жолунан арабада бара жаткан майыпты сүзүп, жыйынтыгында майып ошол жерде каза болгон. Ал эми күнөөлүү тарап азырынча аныктала элек.
Ошол эле күнү эртең мененки 9:30да Токбай айылынан Ауди-100 үлгүсүндөгү унаанын 24 жаштагы айдоочусу 11 жаштагы баланы коюп кеткен. Жыйынтыгында жабырлануучу шаардык ооруканага жеткирилгенден соң каза болгон.