Жылдызы жанган сахна ырчылары бир күндө эле ушундай деңгээлге жеткен эмес. Жеке турмушу кызыгуу туудуруп, көптөгөн күйөрмандарды артынан чуркаткан жылдыздар деле учурунда башка кесипти аркалап, айрымдары кара жумушта иштешкен.
Замир мектепте окуп жүргөндө жайкы эс алуусун дайыма Бишкектеги таякесиникинде өткөрчү. 9-классты аяктап шаарга келген Замир жайдын аптабында муздак суусундуктар жакшы өтөрүн байкап, лимонад жана ал убактагы «юпи» аталган порошокту сууга аралаштырып сатчу. Ошентип, 11-классты аяктаганга чейин эс алууга келгенде «Дордой» базарында суусундук сатып иштеп, окууга керектүү дептер, калем саптан тышкары, бир сыйра кийим сатып алчу. Мектепти бүтүп келген соң таякесинин тигүүчү цехинде эркектердин шымын бычып, туура 2 жыл эмгектенген.
Ынак ырчы болгуча 2002-жылдары Токмок шаарындагы кагаз-картон чыгарган заводду жерпайынан баштап, тээ чокусуна чейин тургузууга катышкан. Жумуш убактысы 8ден кечки 6га чейин эле. Күнүнө 50 сомдон тапчу. Ынак заводду салдырып жаткан кытайлар менен сүйлөшүп, түнкү 11ге чейин калып иштеп 90 сом алчу. «Кытайлар аябай кыйнап иштетчү. Бир мүнөт жөн турганыңды көрсө урушчу», - деп эскерет Ынак. Ошондой эле Маевка айылындагы балмуздак чыгарган заводду курган куруучулар тобунда да иштеген. Ырчы болгусу келген Ынак
каржы жактан кыйналып, «Дордой» базарында айымдардын бут кийимин сатуучу контейнер ачат. Ушул контейнерден түшкөн киреше аркылуу сахнага кийип чыкчу кийимдерин тиктирип, ыр жаздырып, клиптерин тарткан. Азыр деле «Дордойдо» контейнери бар, бирок ал жакка өзү чыкпай калган. «Өзүм чыксам кыздар намысыма тийип, ырчы да бут кийим сатабы?» - деп мазактай беришет. Чындыгында, адал эмгек менен өз оокатыңды табууда эч кандай шылдың жок эмеспи», - дейт ырчы.
суусунун кандырып келген. Максымдан түшкөн пайда күнүнө 10-20 сомду түзчү. Кийин отун чогултуп 1 кабын 100 сомдон сатып, өзүнүн баскан-турганын өзү камсыз кылган. Кийин мектепти аяктаган соң музыкага баш-оту менен кирип кеткен ырчы көпчүлүк ырчылардай эле ар кайсы кафеде музыкант болуп иштеген.
керек» деп ойлошу мүмкүн. Бирок мындай ой туура эмес болуп калат. Омар мындан 2 жыл мурун авто жуугуч болуп иштеген. Ал эми кичинекей кезинде айылга чоң атасыныкына барганда үйүн салганга жардам берип, ай сайын айлык акы да алчу экен. Алган акчасына мектепке керектүү буюмдарды сатып алганын эскерет ырчы. 
үйлөрдүн подъездин таңкы 4төн 6 жарымга чейин жууп жүргөн. Роза жууган подъездде жашаган бир байке: «Ай, кыз, сен бул жумушта акчаң жок үчүн иштеп жатасың да. Ме, бул акчаны менин атымдан алып кой», - деп 300 сом сунган. Байкенин бул кылыгы Розанын намысына тийип, ошондон кийин ал жумушта иштебей калган.
Эрмек акылына киргенде эле ата-энесине көз каранды болбой калган. 2000-жылдан 2003-жылга чейин достору менен талаадан күн карама, жер жаңгак чогултуп, тазалап, аны кайра кууруп сатчу. Мүшөк-мүшөк күн карама, жер жаңгактарды кожоюнга санап өткөргөн Эрмек жума сайын 5000 сомдон маяна алып турчу. 5000 сомдун азыраак бөлүгүн ата-энесине берип, аларды да ыраазы кылчу.
Бактыгүл Абдыкадырова
star@super.kg