Том Круз жубайы актриса Кэти Холмс менен жакында ажырашып, материалдык байлыктарын бөлүштүрүп алышкан эле. Ал эми ортолорундагы кызы Сури апасы менен калып, Том кызына ай сайын акча которуп туруудан тышкары аны менен жолугуп турмак болгон. Ага карабастан актёр кызын уурдоо үчүн вертолёт жалдаган. Бирок максаты ишке ашпай калыптыр. Анткен менен актёрдун жеке катчысы Аманда Лундберг бул маалыматты четке какты. Айта кетчү нерсе, Кэти кызынын атын Скаут Холмс кылып өзгөртөрүн билдирди.