24-июль күнү Жалал-Абад ШИИБи өткөргөн “Көпөлөктөр” деп аталган операцияга катышып, көп нерсеге күбө болдук. Башкача айтканда, денесин сатып сойкулук менен күн өткөргөн кыздарды кармоого катыштык. Кармалган кыздардын арасында оозунан эне сүтү кете элек чырактай кыздар бар экени иренжитпей койгон жок.
СОЙКУ КЫЗДАР ЫЙЛАШАТ...
Алгач эле 3 топтон турган топ шаардын Москва көчөсүн көздөй бет алып, жепирейип сыны кеткен үйдү басып кирип барышты. Сыртынан жөнөкөй гана үй көрүнгөн бул жер, чынында, кыздар денесин сатыкка коюп иштеген сауна экен. Сойкулардын бирөө жөн гана кармалып берсе, экинчиси парданын артына жашынган жеринен колго түштү. Жашынган кыз бул чөйрөдө жаңыбы, айтор, кылган күнөөлөрүнө эми гана саресеп салгандай өксүп ыйлап алды. Алгач “эмне кыласың?” деп ажылдаган “мамочкасы” кийин момпоюп эле машинага түшүп берди. Баса, “мамочкасы” деле өзбек улутундагы жапжаш айым экен.
Экинчи “точка” “Бажалар” деп аталган притон болду. Дарбазасын ачып бастырып киргенибизде так “иш процесси” жүрүп жаткан экен. Эки кардар жигит Москвага иштегени кетип жатып “заряд” алганы келгенин айтышат. Сойкулардын бири жапжаш чырактай өзбек кызы болсо, экинчиси жай басып, тамекини буркурата тартып, милиция кызматкерин тоготуп койбогон орто жаштагы өзбек улутундагы айым болду. Кийинки сапарыбыз Курманбек көчөсүндө жайгашкан сауна эле. Узун кулактар бул жакка суук кабарды жеткирип коюшкан бейм, сыртына чоң кулпу салып качып кеткенге үлгүрүшүптүр.
“ЖАКЫНДА ЭЛЕ 2000 СОМ БЕРИП ЧЫГАРЫП КЕЛДИМ ЭЛЕ...”
Биз барган бул притон өтө эле эмгекти талап кылды. Ичинен кулпулап алышса, сыртында кабанаак иттен айырмаланбаган ажылдаган аялдын оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып турду. Кулпуну бузуп кирип барганыбызда ичинде эч нерседен кабары жокпу же ачып кире албайт дешкенби, айтор, энеден туума жылаңач жаш кыз “кызматта” экен. Тинтүү учурунда склад жактан караңгы жерге жашынып алган дагы бир кыз табылды. Жанагы сүйлөнүп жаткан “мамочкасы” көрүнөт, өзбек улутундагы аял “буларды жакында эле 2000 сом берип чыгардым эле” деп бир топ сүйлөнүп калды. Кайра “менин прокуратурада таанышым бар. Арыз жазсам, керек болсо өзүңөр колуңар менен алып келип бересиңер!” деп кыйкырган бойдон калды.
Бир жолку “кызматы” 160 сомго бааланган биз барган кийинки притондун кыздары эң арзан деп саналышат экен. Кадимки үйлөрдө кардар кабыл алышарын билдик.
“Нур” деп аталган притондун кыздары бир “кызматына” 400 сом деп баалашты өздөрүн. Мурун да көп жолу кармалышканбы, айтор, бир да эмоция жок, жылмайып туруп беришкени таң калтырды. “18 жаштамын” деген секелек өзбек кызы жүрөт арасында. Аны көчөдөн көрсөм, кадимки апасына эркелеп чоңойгон кыз деп ойломокмун. Ата-энеге эркелеп, билим алып, өзүн өстүрүүнүн ордуна анын ушул жийиркеничтүү жолду тандаганы, албетте, жанды кейитти. Мындай маалыматтар чагылгандай тез тарап кеттиби, айтор, калган сауналардын эшиктерин кулпулап, иштебегендей түр көрсөткөнгө жетишишти.
“СОЙКУЛАРГА МЫЙЗАМ ЖОК”
Жалпы сойкулук жана жүргүзүлгөн операция боюнча
ШИИБинин басма сөз кызматкери, подполковник
Таалайбек Сусунбаев төмөнкүдөй маалыматтарды берди:
– ИИМдин атайын жөнөтүлгөн буйругунун негизинде, Жалал-Абад ШИИБинин коомдук коопсуздук бөлүмү, кылмышкерлерди издөө бөлүмү биригип, “Көпөлөктөр” деген операция жүргүздүк. Негизги максатыбыз – сауналарда денесин саткан сойкулардын жугуштуу ооруларды башкаларга жуктурушунун алдын алуу. Бүгүнкү кармалгандардын арасында жашырып жатышканы менен, жашы жете электер деле болушу мүмкүн. Ал эми бирөөсү “Өзбекстандан келдим” дегенинен, ага административдик протокол толтурулуп, мыйзамсыз чек араны бузгандыгы үчүн убактылуу кармоочу жайга камалып, андан өздүгүн тактоочу жайга жөнөтүлөт. Мындан башка кармалган кыздарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи мындай ишке барбашы керектиги тууралуу эскертүү берилип, коё берилет. Дагы кийинки жолу ушундай иштер жасала турган болсо, анда булардын иши сотко өткөрүлөт. Буларга мыйзам жок болгондуктан, соттун чечими менен акчалай айып пул салынат. Азыр ар биринин кол манжаларынын издери алынат. Жалал-Абадда адам өлтүрүү болуп, өздүгү аныкталбаган кыздар чыккан. Ошондуктан алардын өздүгүн тактаган маалыматтар, архивге жөнөтүлөт.
СОҢКУ СӨЗ
Бул эки саатка жетпеген убакыттын ичинде жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгы. Сауна деп аталганы менен, алар иштеген жерлерде кыйраткан шарт жок. Өзүн жарыбаган акчага баалап, эрте күндө жаман жолго түшүп, арам оокат күтүп жан баккан кыздарга бир чети бооруң ооруса, бир чети жинденесиң. Бир нерсе болсо эле заманга шылтап, “акча жоктун айынан ушул ишке бардым” деп мүңкүрөшөт. Бирок акчаны арам эмес, адал жол менен тапканга эмнеге болбосун? Мына, ыйык Рамазан айы башталган учур. Сойкуларга барганы деле, сатканы, алганы деле напсисин тыйбайт тура мындайда.
“Айрымдары сыз жерлерде иштеп, сыртка деле чыкпай жата беришет, кардар күтүп. Анан кургак учукка кабылат же болбосо ар кандай жугуштуу ооруларга дуушар болушат. Бир күндө көп кардарды тейлегендер медициналык текшерүү эмне экенин деле билишпейт. Ага келген кардар алардан ооруну жуктуруп, аялына барып өткөрөт. Ошентип, бир жолку жыргалдан өмүр бою азап чеккендей оору арттырышканын түшүнүшсө болор эле”,- деп милиция кызматкерлери кейип калышты.
Гүлжамал Бөрүкулова
Jalalabad@super.kg